Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдар психологиясынындагы өнүгүүнүн мыйзам ченемдүүлүгү

Баш барак | Психология | Балдар психологиясынындагы өнүгүүнүн мыйзам ченемдүүлүгү

Баланын психикасынын өнүгүү этабы тарыхый мүнөзгө ээ болуп, өзгөрүп турат. Жогоруда белгиленген этаптар баланын коомдо жашоо шартын чагылдырат. Негизги психологиялык өзгөчөлүктөр бирдей жаш курак этабындагы балдардын психикасынын өнүгүүсүн, өзгөчөлүгүн белгилүү дезгээлде аныктайт. Эрте жаш курактагы же мектепке чейинки баланын кабыл алуусу, ой процессии, туюусу, эрк аракети ж. б. жаш өзгөчөлүгүнө ылайык мазмундуу айырмаланат.



Психикалык сапаттар алар окуу тарбия процессинин жүрүшүндө калыптанат. Психикасынын өнүгүүсү ар кандай этапта болгондо балдар психикалык сапаты менен айырмаланбастан белгилүү окуу жана тарбия шартында ар кандай сапаттардын калыптанышы менен өзгөчөлөнөт. Жаш курактын психологиялык мүнөздөмөсү психикалык сапаттарды аныктоодон байкалат.



Ар бир жаш куракта психикасынын өнүгүүсүндө окутуунун негизги милдети өнүгүүнү жасалма тездетүү эмес, баладагы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып аны арттыруу, өркүндөтүү болот. Психиканын өнүгүү этабына бөлүү, өнүгүүнүн ички мыйзам ченемдүүлүгүнө негизделет жана психологиялык жаш курак мезгилин түзөт.

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 889, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу