Балдар психологиясынындагы аракеттерди өздөштүрүү

Бала жаңы аракеттерди өздөштүрө баштаганда ал ички планда чагылдырылбастан, сырткы формада өтөт алар заттарды бири бирине ченеп көрүү, аларды жылыштыруу ж. б. кыймылдуу аракеттердин натыйжасында жетишет. Эгерде эки жашар балага чарчы жана тегерек кесиндинин жана аларга окшош эки фигураны бергенде ал каалаган фигурасын башка кесиндиге теңештирип ченөөгө аракеттенет. Фигура кесиндиге туура келбесе аны башка кесиндиге беттештирет. Үч жашар бала башкача аракеттенет, кесинди менен фигураны кармалап көрөт да, анан аларды туура жайгаштырат.

Бала белгиленген жөнөкөй милдетти сырткы аракеттердин жардамысыз, акыл аракетинин деңгээлинде чечет. Бирок үч жашар баланын алдына башка татаал милдеттерди белгилегенде, ал белгиленген милдетти эки жашар баланын деңгээлинде аткарат. Мисалы, жөнөкөй рычаг – мыкка илинген сызгыч пайдаланылат да, баланын алдына жайгаштырылат. Рычагдын китеп илинген бир учу балага жакын, экинчи учу андан алыс.

Бала мурунку өткөрүлгөн оюндагы эки жашар баладай практикалык аракеттердин деңгээлинде калат. Ал эми беш жашар бала бул милдетти чечүүдө акыл аракетине таянат. Ал рычагдын жакын учун жылдырып алыскы учун өзүнө жакындатат, муну менен беш жашар бала бардык милдеттерди аткарууда акыл аракетине таянат деп айтууга болобу? – деген суроо пайда болот.

Мунун жообун биз беш жашар баланын арифметикалык аракетинен көрөбүз. Ал экиге үч санын кошуу мисалын чыгарганда, ал адегенде 2 жана 3 таякчаны санап алат, аларды бириктирип таштайт, кайра санайт. Бир нече убакыттан кийин бул сырткы аракеттери ички аракетине өтөт, бала заттарды кайра жайгаштырбай жооп берүүгө көнүгөт. Бул мисалдарда көрсөтүлгөндөй кичине бөбөк жана мектеп жашына чейинки бала жаңы татаал ар түрдүү аракеттерди чечүүдө ички психикалык аракеттерге ээ болот. Сырткы болжолдуу багытталган алгачкы аракеттер психикалык ички аракеттердин булагы катары кызмат кылат.

Үч жашар бала кесиндини ченегенде, беш жашар бала рычагды жылыштырганда, алты жашар бала сандарды кошкондо ички акыл аракеттерине таянаят. Мындай ички акыл аракети өзүнөн-өзү пайда болбойт. Мурунку этапта милдеттердин чечилиши алгачкы практикалык аракеттердин ички планга өтүшүнүн натыйжасында болот. Сырткы аракеттердин ички планга өтүү процесси психологияда интериоризация деп аталат.

Интериоризация процессинде чоңдордун жетекчилиги мекнен баланын сырткы аракеттердин өздөштүрүүсү ички психикалык аракеттердин пайда болуп, өркүндөшүнө психикасынын өсүшүнө алып келет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)