Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдар психологиясынын тест ыкмасы

Тест – кыскача, стандарттуу, так тапшырма, баланын ар түрдүү психикалык процесстерин, өнүгүү деңгээлин аныктоодо колдонулат. Бул методдун жыйынтыгы атайын иштелип чыккан шкала менен бааланат. Француздук психолог Бине Альфред (1857-1911) көп жылдык изилдөөсүнүн негизинде 8-15 жашка чейинки балдардын акыл жөндөмдүүлүгүнүн шкаласын түзгөн. Тест ыкмасы башка психологиялык методдорго караганда атайын түзүлгөн психодиагностикалык ыкма.. Тест методун уюштуруп өткөрүүдө изилдөөчү өзүнүн алдыга койгон максатына, гипотезасына ылайык, изилденүүчү объектиге тиешелүү суроолордун жообун түзөт. Азыркы убакта тест ыкмасы балдарды изилдөөдө психология илиминде кеңири колдонулууда.



Бул ыкма балдардын билим деңгээлин, жалпы акылынын өнүгүү деңгээлин же айрым психикалык процесстердин өнүгүүсүн салыштырууда пайдаланылат. Мындай салыштыруу өнүгүүнүн болжолдуу аныкталган жаш курак нормасынын негизинде өткөрүлөт. Тесттин жардамы менен баланын өнүгүүсүн жаш курагына ылайык же белгилүү шарттарга байланыштуу аныктоого болот.



Тестти иштеп чыгууда тапшырмалардын татаалдыгы боюнча тандалышында баланын аткаруу мүмкүнчүлүгү каралат. Тапшырма бирдей жаш курактагы көптөгөн (эки жүздөн кем эмес) сандагы балдарга берилет жана орточо жетишкендиги эсептелет. Ар кандай жаш курактагы балдарга ар түрдүү тест иштелет же бир эле тест берилет.



Экинчи учурда ар бир жаш куракта анын нормасы белгиленет. Тест боюнча берилген тапшырманы текшерүү жана жаш курак нормасын аныктоо тести стандартташтыруу деп аталат. Стандартташтырылган тести өзгөртүүгө болбойт. Тесттин жардамы менен изилденүүчү балдар, мурунку изилденген балдардан алынган норма боюнча берилген тапшырмаларды бирдей шартта аткарууга тийиш.



Ошондуктан тест ыкмасы айрым учурда стандарттуу изилдөө ыкмасы деп аташат. Баланын жалпы акылынын өнүгүүсүн аныктоого багытталган интеллектуалдуу тест өтө маанилүү. Алар балдарга тааныш эмес тапшырмалардан турат.



Алардын аткарылышы ар кандай акыл аракеттерин талап кылгандыктан баланын акыл аракеттерге канчалык ээ экендигин аныктоого мүмкүндүк берет. Интеллектуалдуу тесттин сапаты, ага кирген тапшырманын илимий негизделиши менен байланыштуу. Баланын акылынын өнүгүүсү – өтө татаал процесс, анын байкалышы көп жактуу. Тест тапшырмалары өнүгүүнүн негизги деңгээлин ачып көрсөтүүгө тийиш.



Тест тапшырмаларын тандоодогу илимий мамиле баланын акылынын өнүгүүсүн аныктоого мүмкүндүк берет. Мектеп жашына чейинки балдар үчүн тест тапшырмалары адаттагы иш-аракет оюн, ийлеп-чаптоо, конструкциялоо түрүндө даярдалат. Эксперименттин жүрүшүндө чоң барак кагазга туш-тушка тармакталып тараган жол тартылат. Жолдун ар бир тармагынын учуна картон үй жайгашкан. Балага бул үйлөрдүн биринде тыйын чычкан жашаганын айтышат.



Ал коёнекти конокко чакырып, адашып кетпес үчүн, ага өзүнүн үйүнө келе турган жолду көрсөткөн кат жазган. Башка үйлөргө жырткыч айбандар – карышкыр, түлкү, аюу жашагандыктан коёнек тыйын чычкандын үйүн адашпай туура табууга тийиш, анткени коёнекти карышкыр жеп коюушу мүмкүн. Ошондуктан коёнго жардам бериш үчүн балага кат тапшырылат. Мындай тапшырманын аткарылышы менен баланын мейкиндиктеги (ориентация) кырдаалга ыңгайлашып, көрсөтүлгөн схеманы пайдалануу жолун аныктоо мүмкүн. Белгиленген тест тапшырмалары баладагы образдуу ойдун өнүгүүсүн аныктоодо негизги көрсөткүч катары мүмкүндүк берет.



Илимий изилдөөлөр менен катар тест ыкмасы практикада колдонулат. Көптөгөн чет өлкөлөрдө тест ыкмасы изилдөөнүн натыйжаларын балдарды ар кандай мектептерге жана класстарга бөлүштүрүүдө пайдаланылат. Мисалы, Англияда жети жашынан баштап баланы тест тапшырмаларын чыгарганына байланыштуу интенсивдүү окутуучу класска же башка класстарга бөлүшкөн. Ал эми он жашынан кийин айрым окуучулар тест тапшырмасын аткарганына карата, өнүгүү деңгээлин камсыз кылган жогорку окуу жайына даярдоочу мектептерге жөнөтүлсө, калган окуучулар азыркы мезгилдеги мектептен орун алышкан.



Мындай жол менен жөндөмдүү балдар жакшы билим алат деп эсептешкен. Бирок балдарды мындай тандоо системасы илимий жактан негизделген эмес. Чет өлкөлүк прогрессивдүү окумуштуулар бул изилдөөнү сынга алышкан. Тест кандай гана болбосун баланын өнүгүү деңгээлин изилдөө жүрүп жаткан, кыска убакытты чагылдырат. Бул деңгээл табигый эмес, социалдык себептер менен аныкталат.



Баланын мектептеги окууга даяр болуусун аныктоодо тест ыкмасы көмөк көрсөтөт. Өнүгүү деңгээлине баланын ден соолугу, угуу, көрүү анализаторлорунун иши, тарбиянын деңгээли ж. б. таасир этет. Ошондуктан тест ыкмасы менен катар, изилдөөнүн башка ыкмалары да колдонулат.

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 1701, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо