Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдар психологиясынын социометрикалык ыкмасы

Баш барак | Психология | Балдар психологиясынын социометрикалык ыкмасы

Бул балдардын өз ара мамилесин курбалдаштарынын ичинде ээлеген ордун, абалын изилдөөдө атайын суроолор түзүлүп анкеталар берилет. Суроолор: Ким менен жанаша отургуң келет? Ким менен киного баргың келет? ж. б. Мектеп жашына чейинки балдарга бул суроолорду берүү мүмкүн эмес. Алардын өз ара мамилесин изилдөө максатында оюн ыкмасы, «тандоо аракети» пайдаланылат.



Балдарды бирден тамак ичкен же башка бөлмөгө чакырып, ар бирине үч түрдүү буюм берилет. Алардан оюнчуктун же сүрөттүн кайсынысы аябай жагат же азыраак жагат, кайсынысы жакпайт деп сурашат. Андан кийин бала тарбиячы менен оюнчуктарды же сүрөттү каалаган баласына белек кылып кийим чечкен шкафына салышат.



Белекти бөлүштүрүүнүн негизинде социограмманын таблицасы түзүлүп, мындан көп белек алган балдар сый мамилеге ээ болот, ал белек алгандар жана белек албай калган балдар байкалат. Бул курбалдаштарынын өз ара мамилесин анализдеп байкоого мүмкүндүк берет. Мындай социограмма балдар бакчасындагы баланын өз ара мамиленин сырткы өзгөчөлүгүн көрсөтүп, анын себептерин толук аныктай албайт. Балдар психологиясында байкоо жана эксперимент методдордон тышкары изилдөө ишинде жардамчы методдор да пайдаланылат. Жардамчы методдор деп аталышынын себеби алар байкоо жана эксперимент ыкмаларына кошумча пайдаланылат же баланын өнүгүүсүнүн айрым жактарын изилдөөдө же айрым суроолорду чечүүдө маанилүү.



Кошумча методдорго балдардын иш-аракеттеринин натыйжасын үйрөнүү, аңгеме ыкмалары кирет.

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 581, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу