Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдар психологиясынын лабораториялык эксперимент ыкмасы

Баш барак | Психология | Балдар психологиясынын лабораториялык эксперимент ыкмасы

Атайын даярдалган жайда өткөрүлөт. Бул эксперимент өзүнүн жасалма мүнөзү менен айырмаланат. Бала атайын лабораториялык комнатада жайгашып, айрым техникалык каражаттардын жардамы менен кабыл алуунун психикалык процесстердин күчү, тездиги, анын механизминин өзгөрүшү изилденет. Экспериментатор жанаша комнатада жайгашкан психологиялык каражаттардын жардамы менен бала жөнүндө керектүү илимий маалыматтарды чогултат.



Мындай жагдай, балада ар кандай абалды пайда кылат. Ошондуктан азыркы мезгилде балдар психологиясында булл ыкмасы табигый экспериментке жакындатып В. С.Мухина иштеп чыккан. Ал эксперименттин максатына ылайык баланы кызыктыруучу иш-аракетти оюн формасында уюштуруп өткөрүүнүн зарылчылыгын далилдеген.



Мисалы, үч жашар балдардын көрүү аркылуу чен бирдикти кабыл алуусун төмөндөгүдөй изилдешкен. Ар кандай көлөмдөгү анча айырмаланбаган эки таякчанын алдына кнопка бекитилет, электрлешкен оюнчук столго жайгаштырылат (күчүк жана башка), чоңураак таякчадагы кнопканы басып, оюнчукту кыймылдатып ойношкон. Эгерде бала эң алгач кайсы таякча чоңураак экенин туура, так кабыл албаса, оюнчук менен ойногондон кийин керектүү таякчаны туура тандап, кабыл алган. Баланын көңүлүн кыймылын, эмоционалдык абалын жазып алыш үчүн, изилдөөчү баланын денесинин айрым жерлерине электроду проводдору менен бекиткен учурда оюн формасы сакталган. Балдары өздөрү космонавт катары ойношкон.



Мындай оюн ыкмасын колдонуу менен лабораториялык экспериментти көрүү аркылуу чен бирдикти туура, так кабыл алуу мүмкүнчүлүгү толук анализденген.

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 967, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу