Балдар психологиясынын Кыргызстанда өнүгүүсүнүн кыскача тарыхы

Психология илиминин айрыкча балдар психологиясынын өнүгүүсү, анын эксперименталдык изилдениши балдар психологиясынын Кыргызстанда өнүгүүсүнө өз таасирин тийгизген. Балдар психологиясынын тарыхын азыркы мезгилде изилдөө анын келечекте Кыргызстанда өнүгүү милдеттерин аныктайт. Психология илиминин айрыкча балдар психологиясынын өнүгүүсү Совет мезгилинде аныкталган психология илиминин методологиясы менен байланыштуу. Балдар психологиясынын Кыргызстанда өнүгүүсүндө төмөндөгүдөй мезгилдерди белгилесек болот.1.Балдар психологиясынын өнүгүүсүндө эң алгач анын психология илиминин тармагы катары каралышы. Балдар психологиясын атайын предмет катары студенттерге окутуу, илимий иштердин өнүгүүсү психологиянын мектепке чейинки тарбиялоо бөлүмүнүн ачылышы менен тыгыз байланыштуу. Мектепке чейинки тарбиялоо бөлүмү 1958-жылы ачылып, анда даярдалган адистердин тобу иштешкен.

Мектепке чейинки тарбиялоо бөлүмүндө психология илиминин кандидаты Н. Н.Палагина, ага окутуучулар Н. Н.Калошина, М. Р.Рахимова, Т. М.Попова сыяктуу илимпоз адистер иштешкен. Ошол мезгилде балдар психологиясы боюнча окуу куралдарынын, илимий адабияттардын жетишсиздигине карабастан, болгон бир нече окуу куралын окуп, иштеп чыгып, өздөштүрүүдө ар бир студент өз алдынча иштеп терең билим алышкан. Экинчиден кафедранын мүчөлөрү студенттерге практикалык сабактарды, лекцияларды активдештирип, жекече консультацияларды уюштуруп өткөрүшкөн. Аталган бөлүмдө студенттер күндүз жана сырттан окуу менен билим алышкан.2.1960-жылдан баштап балдар психологиясы боюнча алгачкы илимий статьялар жарыяланат, көптөгөн жаш адистер мектепке чейинки балдардын кызыгуусун, ой процессин акылынын өнүгүүсүн Н. Н.Палагинанын жетекчилиги астында изилдешкен.

М. Р.Рахимова, Н. Н.Калошина эстетикалык тарбия боюнча балдар бакчасынын тарбиячылары үчүн окуу куралын иштеп чыгышкан. Алгачкы илимий иштердин негизги максаты балдарды тарбиялоодо алардын психикасынын өнүгүүсүн изилдөөдө жергиликтүү шартты, анын өзгөчөлүгүн чагылдырууга багытталган. 1968-жылдан баштап мектепке чейинки бөлүмдө балдар психологиясын орус тилинде окутуу менен катар, кыргыз тилинде лекция окуу талабы белгиленип, мунун негизинде жаш адистердин билимин өркүндөтүүнүн зарылчылыгы пайда болот.

Кыргыз билим берүү министрлиги Москвадагы Педагогикалык илимдер академиясынын психология боюнча билимин өркүндөтүүнүн атайын 3-6 айлык курсунан жаш адистердин илимий ишке багыт алышына шарт түзөт. 1960-1970 жылдарда балдар психологиясын окутуунун деңгээли жогорулап, жаш адистер илимий ишке багытталат. Балдар психологиясынын айрым суроолорунун методика менен байланыштуу изилденген.3.1970-жылдын орто ченинен баштап балдар психологиясында изилдөөлөрдүн психологиялык-педагогикалык багытта жүргүзүлүп толукталып, балдар психологиясы өз алдынча илим катары өнүгө баштайт. М. Р.Рахимова мектепке чейинки тарбиянын тарыхын жана анын келечекте өнүгүүсүн илимий изилдеп, бул проблема боюнча баалуу эмгектерди жараткан. Анын "Кыргыз Республикасындагы мектепке чейинки тарбия системасынын өнүгүшү" (1917-1992жж.

) деген эмгеги орус жана кыргыз тилдеринде жарык көргөн. Бул китепте мектепке чейинки балдарды тарбиялоонун, окутуунун кыйла ыңгайлуу психологиялык-педагогикалык принциптери каралган. 1974-1977-жылдары М. Р.Рахимованын жетекчилиги менен А. Мураталиева, М. Рахимова, Ж. Асанова, Ж. Жумалиева 2 бөлүктөн турган, балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдарга арналган хрестоматия китебин түзүп, иштеп чыгышкан. Бул хрестоматиянын баалуулугу авторлор биринчиден кыргыз элинин ооз эки чыгармаларынын тартып, кыргыз акын жазуучуларынын чыгармаларын жана кыргыз тилине которулган прогрессивдүү жазуучулардын чыгармаларын программалык талапка, балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык методикалык багытта иштеп чыгышкан. Экинчиден аталган чыгармалар мектеп жашына чейинки баланын түшүнүгүнүн, акыл-эсинин, речинин өнүгүүсүн активдештирет.

Үчүнчүдөн психологиялык-педагогикалык багытта тандалган чыгармалардын иштелип чыгышы балдар бакчасынын тарбиячылары үчүн баалуу методикалык колдонмо болгон. Балдар психологиясы боюнча ушул мезгилде Н. Н.Палагина эксперименталдык методикалык ыкмаларды балдар бакчасында пайдаланып, илимий иштерин жарыялап Кыргызстанда психология илиминин өнүгүүсүнө чоң салым кошкон. Н. Н.Палагина белгилегендей "Психология илиминин өнүгүүсү өз ара байланыштуу эки фактор: психологиялык билимге карата пайда болгон талаптар жана психологдун ошол талаптарды канааттандыруусу" (48,5) менен аныкталат.4. 1980- жылдан баштап психология боюнча айрыкча балдар психологиясы боюнча илимий изилдөөлөр активдешет.

Негизинен илимий эксперименталдык, психологиялык изилдөөлөр С. И.Гершун, Н. Н.Палагина, А. Ысыкеев, Ж. Жумалиева, К. Н.Кененбаева ж. б. психологдор тарабынан жүргүзүлгөн. Н. Н.Палагина эксперименталдык изилдөөлөрдүн негизинде баалуу илимий эмгектерди жараткан. "Игры детей дошкольного возраста", "Воображение у самого истока" (48) деген эмгектеринде балдар психологиясынын суроолорун кеңири изилдөө менен катар аспиранттардын илимий иштерин жетектеген.

Ал эксперименталдык методикалык ыкмаларды балдар бакчасында пайдаланып, илимий иштерди жарыялап, Кыргызстанда балдар психологиясынын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон. Ж. Жумалиева "Ранние формы проявления критичности мышления у детей дошкольного возраста и особенности ее формирования" (1983), деген илимий эмгегинде мектеп жашына чейинки бала сындык ойдун пайда болуш өзгөчөлүгү эксперименталдык материалга, белгиленген суроолорго байланыштуу изилденип, анын өнүгүү деңгээли аныкталган. Илимий изилдөөдө мектепке чейинки балдарда сындык ойду ачып берүүдө кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын экспериметтин талабына ылайык тандап, республиканын бакчаларында эксперименталдык жана практикалык багытта колдонгон. Ал апыртамалрды, "сүрөтчү жаңылганда" деген ар кандай туура эмес чагылдырылган сюжетүү окуялар тартылган сүрөттөрдү, мазмуну чиелешкен кыска аңгемелерди пайдаланып, мектеп жашына чейинки балдарда ой жүгүртүүнүн, сындык ойдун пайда болуп калыптанышын кеңири илимий багытта анализдеген.

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 1986-87-жылдары психология кафедраларынын түзүлүшү жана илимий-изилдөөлөрдүн активдешүү мезгили катары каралат. 1986-жылы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институнда психология кафедрасы түзүлүп, аны психология илиминин кандидаты Ж. Жумалиева жетектеген. Бул кафедранын эң алгач уюшулган этабында доценттер А. Ы.Ысыкеев, Ж. Жумалиева, Ш. Д.Жанузаков, К. Н.Кененбаева, ага окутуучу Б. С.Садырова, окутуучулар А. Бекбоева, З. Т.Насырова, С. Бараканова сыяктуу окумуштуу-педагогдор эмгектенишкен.Кафедранын мүчөлөрү анын уюшулган алгачкы жылдарында илимий методикалык планда, окуу-методикалык көрсөтмөлөрүн иштеп чыгышкан.1. Курагы боюнча психологиядан "Курстук иш жазуунун методикалык көрсөтмөсү" (Ж. Жумалиева).2. "Педпрактика учурунда студенттердин өз алдынча иштөөсүнүн психологиялык өзгөчөлүгү" (А. Ысыкеев).3. "Мугалимдик кесипке даярдоонун психологиялык негизи" (К. Н.Кененбаева).Бул аталган окуу-методикалык көрсөтмөлөр кафедранын алгачкы ишинин жыйынтыгы катары 1990-жылы жарыкка чыккан.

Ушул эле жылдары балдар бакчасынын тарбиячылары үчүн "Наристе" аттуу окуу куралы (1989) Ж. Жумалиева, А. Мураталиева, М. Рахимова түзүшкөн. 1980-жылдан баштап жалпы жана балдар психологиясы боюнча илимий эксперименталдык изилдөөлөр активдешет. Республикада жаш илимпоз адистер Э. К.Омуралиева, К. С.Сейдекулова, Т. А.Конурбаев, Л. В.Усенко, Т. Э. Уметов ж. б. аспиранттар балдар психологиясы боюнча өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүн кандидаттык ишке багытташкан.

Э. К.Омуралиева бала бакчада тарбиячы менен балдардын карым-катнашынын психологиялык өзгөчөлүгүн Ш. А.Амонашвилинин гуманисттик идеясынын негизинде иштеп чыккан. Ал бала бакчанын шартында чоңдордун бала менен болгон карым-катнашын гумандаштыруу мүмкүнчүлүгүн илимий, эксперименталдык планда чагылдырган. Мектеп жашына чейинки беш-алты жашар балдардын жоопкерчилигин инсандык сапат катары тарбиялоонун ыкмаларын К. С.Сейдекулова илимий жактан изилдеген. Ал Кыргызстандын бала бакчаларында эмгекке тарбиялоонун негизги психологиялык-педагогикалык ыкмаларын кеңири иштеп чыккан.

Мектеп жашына чейинки балдардын жалпы өнүгүүсүн, инсандык сапаттарынын калыптанышышн Ж. К.Асанова, Т. А.Орусбаева ж. б. педагогдор изилдешкен. Кыргызстанда психология боюнча илимий ишти коргоо Совети болбогондуктан илимпоз жаш адистер 1993-1999 жылдары өздөрүнүн илимий иштерин Ташкенттеги, Москвадагы окуу жайларда ачылган атайын Советтин Кеңешинде коргошкон. Мындай кыйынчылыктарга карабастан, алар көптөгөн окуу куралдарын, монографияларды, илимий иштерди кыргыз тилинде да жарыялашкан.

Буга мисал катары, айрыкча Ж. Жумалиева, А. Конурбаев, К. М.Кожогелдиева сыяктуу илимпоздорду атоого болот. Балдар психологиясын илимий эксперименталдык жактан изилдөөдө Т. А.Конурбаевдин изилдөөсү өзгөчө мааниге ээ. Т. А.Конурбаев элдик каада-салттын негизинде балдарды тарбиялоодо, психологиялык өнүгүүдө канчалык негиздүү экендигин, аларды кандай туура пайдалануу чоң ийгиликтерге алып келээрин көрсөтө алды. Баланын психологиялык жактан өнүгүүсүндө каада-салтты пайдалануунун методикасын иштеп чыгып, эксперименталдык изилдөөнүн өткөрүлүшү анын илимий-практикалык маанилүүлүгүн аныктоо менен Т. А.Конурбаев балдар психологиясында белгилүү бир проблеманы ачып берген.

Т. А.Конурбаевдин "Психолого-педагогические условия усвоения народных традиций детьми" монографиясы "Алтын диплом" Кыргыз республикасынын сыйлыгына татыктуу болгон. Ой процессинде, айрыкча мектепке даярдоо группасындагы балдарда сындык ойлоонун өнүгүүсү К. М.Кожогелдиева изилдеген. Ал өзүнүн илимий - эксперименталдык изилдөөсүндө кенже мектеп курактагы жана мектепке чейинки балдардын ой процессин изилдөө менен балдар психологиясына өз салымын кошту. Бул изилдөөнүн натыйжасында автор мектеп жашына чейинки курактагы балдардын ой процесстерин өнүктүрүүдө айрым өнүктүрүүчү ыкмаларын пайдаланууга боло тургандыгын белгилейт.

К. М.Кожогелдиева ой процесси интеллектуалдык эң жогорку иш-аракет катары карап практикалык жана теориялык маселелердин чечилишин аныктайт. Сындык ой процессинин касиети катары иш-аракеттин натыйжаларын баалоого, чечимдин тууралыгын баалоого, ой толгоолордун негиздүүлүгүн аныктоого жардам берет. Сындык ой таанып-билүү иш-аракетинин негизги бөлүгү катары кенже мектеп курактагы балдардын акыл иш-аракеттеринин өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлей тургандыгы белгиленет.

Сындык ойдун онүгүүсүндө макалдар, табышмактар жана оюндар эң маанилүү ролду ойнойт жана азыркы учурда актуалдуу маселелердин бири. Макалдар, табышмактар жана оюндар катышкан жагдайларда бала өзүн эркин, көз карандысыз кармоого мүмкүндүк түзүлөт, ошондуктан сындык ойдун өнүгүүсү үчүн маанилүү резервдерден болуп эсептелинет. Ал өзүнүн эмгегинде Л. С.Выготскийдин өнүгүүнүн жакынкы аралыктагы жана актуалдуу зонасын, ойду өнүктүрүүчү функциясы жөнүндө; С. Л.Рубинштейндин сындык ойдун өтүшү жана компоненттери жөнүндө; Д. Халпериндин балдарда сындык ойду өнүктүрүүдө ойлорду айтууда эркиндиктин жана дискуссиянын маңыздуулугу жөнүндө; А. С.Байрамовдун жана Ж. М.Жумалиеванын балдардын сындык ойлорунун өнүгүүсүндө логикалык каталары бар сүрөттөрдү жана тексттерди колдонуу жөнүндөгү ойлору жана концепциялары сындык ойду өнүктүрүүчү методдорду аныктоодо методикалык негиз боло алды,- деп белгилейт. Бул изилдөөдө, баланын сындык ойлоосун өнүктүрүүдө Г. Г.Граниктин методун колдонууга болоору аныкталды, б. а. макалды бөлүктөргө бөлүп окуп анализ жүргүзүү; метафора мазмундагы макалдарды мааниси боюнча окшош түз сүрөттөлүүчү макалдардын негизинде анализ жүргүзүү; дискуссия-оюндар; жарыш оюндары «Ким тагыраак?», «Ким тезирээк?

»,- деген методика кеңири пайдаланылган. К. М.Кожогелдиева өзүнүн изилдөөсүндө белгилегендей сындык ойдун өнүгүүсүндө таанып-билүүчү материалдын мазмуну жана мүнөзү, анын проблемалуулугу, өзгөчөлүүлүгү чоң таасирин тийгизет. Мында маселе коюлганда кабыл алган маалыматты тажрыйба менен салыштыруу, өз ойлорунду айта алуу, баа бере билүү зарылдыгы пайда болот. Дал мындай материал болуп, проблемалуу жагдайды чечүүнү, мазмунуна карай сөздөрдүн өтмө маанисин табуу талабын коюучу, макалдар менен табышмактар эсептелинет.

Алар сындык ойду активдештирүүчү каражат болуп калышат. Макалдарды да, табышмактарды да, мазмунун татаалдыгы боюнча 3 группага бөлүүгө болот: 1. Сүрөттөмө макалдар (табышмактар); 2. Отмө маанидеги сүрөттөмө макалдар (табышмактар); 3. Метафоралык маанидеги макалдар (табышмактар). Өнүктүрүүчү окутууну сүрөттөмө макалдардан баштап бара – бара татаал мазмундагы макалдарга өтүү зарыл. К. М. Кожогелдиеванын аныктаган ыкмаларын жөнөкөй мазмундагы макалдардын жана табышмактардын улуу мектеп жашына чейинки балдардын сындык ойлорун өнүктүрүүдө пайдаланса болот. Жаш өзгөчөлүктөрү кенже мектеп курактагы балдардын биринчи класстарга жакын.

Улуу мектеп жашына чейинки балдарга макалды талкуулоо үчүн алардын өзгөчөлүгүнө ылайык жомок же аңгемеге таянуу менен ишке ашырса болот, себеби түз берилген маалыматты түшүнгөн бала макалага да сын көз менен кароого үйрөнөт. Мисалы «Акыл карачач» жомогун билген соң «Акылдуу минди жыгат, акылсыз бирди жыгат» деген макаланы берип, талкуу жүргүзсө болот. Мында эң негизгиси түрткү болуучу суроо бере билүү зарыл. Чоңдор жоопту дароо айтбастан, суроо берүү менен балдарды өз ойлорун айттыруу керек. Мындай талкууну К. М.Кожогелдиева бергендей, түрдүү оюндарга киргизе турган болсо бала өз оюн эркин айтканга мүмкүндүк алат.

Сындык баа берүү үчүн текстти да, макалды да маанилүү бөлүктөргө бөлүп талкуу жүргүзө турган болсо балага түшүнүү үчүн, ойлонуу үчүн шарт түзүлөт. Берилген суроолор баланын тажрыйбасына ылайык, фактылардын логикалык байланышын эске алуу менен болгону жакшы. Оюндарды пайдаланган учурда балага өз ойлорун эркин айтуу менен, оюндун эрежесине таянууну үйрөнөт, демек чындык ой балада жөн гана акыл иш-аракетине таасир этбестен, анын инсандык сапаттарын да тарбиялайт. Мисалы: башкалардын ойлорун тыңшоо менен сабырдуулукка үйрөнөт, башкаларга сый мамиле жасоону үйрөнөт. Табышмактарды да ушундай жол менен талкуу жүргүзүп, туура жоопту жөн гана болжолдоп айта бербестен, мазмунуна ой жүгүртүү, сындык баа берүү менен жообун табууга үйрөтсө болот.

2002-жылы психология кафедрасынын кайра түзүлүшү менен "Психология" кесиби боюнча студенттердин группалары ачылып, психологдорду даярдоо милдети белгиленет. Мунун негизинде илимий изилдөөлөрдүн чөйрөсү кеңийт. Кафедранын мүчөлөрү психология жана балдар психологиясы боюнча илимий статьяларды иштеп чыгышкан. Ушул эле жерде "Билим берүү системасындагы" кесиби боюнча магистратура ишин баштаган. Магистратурада магистердик диссертацияларда балдар психологиясынын актуалдуу суроолору изилденген.

Мисалы: Гаврилида Е. М. "Психолого-педагогические основы развития речи детей раннего возраста" деген темада магистердик диссертациясын жактаса, Исраилова А. К. "Элес жана анын мектеп жашына чейинки балдарда пайда болуу өзгөчөлүгү (сүрөт иш-аракетинде)" – деген темада магистердик диссертациясын кыргыз тилинде жазып коргогон. Бул магистердик диссертациялардын баалуулугу магистрант белгилеген проблеманы теориялык жактан илимий ачуу менен чектелбестен, методиканы иштеп чыгып, эксперименталдык изилдөөлөрдү уюштуруп өткөрүүнүн негизинде жыйынтыктап талдоо жүргүзүшкөн. Балдар психологиясынын тарыхый өнүгүүсү дайыма изилденүүчү, актуалдуу проблема, анткени бул илимдин келечектеги милдеттери анын чечилиши тарыхый өнүгүү этабын аныктайт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)