Балдар психологиясындагы сүйлөөнүн өнүгүүсү

Сүйлөө – ойду чагылдырып жана ойду түшүндүрүп, билим берүүчү процесс. Сүйлөө адамдын заттарды, кубулуштарды таанып билүүсүнүн өзгөчө формасы жана карым-катнаштын каражаты. Мектеп жашына чейинки куракта баланын мамиле түзүү чөйрөсү кеңейип, анын речинин өнүгүүсү активдешет. Бала башка адамдар менен пикир алмашат.

Сүйлөө психикалык процесстердин түзүлүшүнүн негизи болот. Мектепке барар алдында бала сүйлөөнүн өнүгүүсүндө анын түзүлүшүн, грамматикалык жагын өздөштүрөт. Мектеп жашына чейинки балада сүйлөөнүн негизги функциясы байланыш же катнаш түзүү болуп саналат.

Сүйлөөнүн белгиленген функциялары психологияда карым-катнаш деген түшүнүк менен берилет. Бир жашка чейинки бөбөктө сүйлөөнү түшүнүп кабыл алуу сакталат. Тогуз-он айлык бөбөк чоң адамдардын үнүнө, кайрылуусуна карата тыбырчылоо, тынчуу абалын чагылдырат. Бир жаштын башында "көзүндү көрсөтчү?", "колуң кана?

" деген суроолорго чоң кишилерди туурап кыймылдап аракеттенет. Бул этапта бөбөк сүйлөөнү толук түшүнүп өздөштүрүүсү мүмкүн эмес, болгону чоң кишилер менен болгон карым-катнаштагы мамиле сигналдык мааниге ээ. Эрте жаш курактагы бөбөктө сүйлөөнүн өнүгүүсүндө кескин өзгөрүү байкалат. Бул куракта бөбөк сүйлөөнү карым-катнаштын каражаты катары пайдаланат, бирок мындай мамиле өтө жакын адамдар менен белгилүү кырдаалда гана пайда болуп ситуативдүү сүйлөөнүн жардамы менен иш жүзүнө ашат. Сүйлөөнүн бул түрүндө ишаракетте же кубулуштар, заттар менен таанышууда пайда болгон суроолор менен талаптар белгиленет. С. Л.Рубинштейн ситуативдүү сүйлөө башка угуп кабыл алган, баарлашкан адамга багытталып, ал социалдык мүнөзгө ээ деп белгилеген.

Ситуативдүү сүйлөө сүйлөшүп жаткан адамдар үчүн түшүнүктүү болсо, ситуацияга катышпаган адам үчүн түшүнүксүз. Мисалы, үч жашар бөбөк окуяны башка адамга түшүндүрүүдө ат-атоочтук маанисин ал, тигил деген сөздөрдү колдонот "биз тигил айылга конокко барсак, ал жерде чоң суу бар, ал муздак", - деп көргөнүн айтат. Чоң кишилердин жардамы менен бөбөк ситуативдүү речте ойду түшүндүрүүгө көнүгөт. Үч-төрт жашар бөбөктө сүйлөөнүн ситуативдүүлүгү уккан аңгемени кайра айтып бергенге караганда, сүрөт боюнча аңгемелешкенде ачык чагылдырылат.

Алты жашар балада сүйлөө ойду кеңири түшүндүрүүгө багытталат. Ситуативдүү сүйлөөнүн негизги өзгөчөлүгү карым-катнаш, сүйлөшүү мүнөзүндө өтүшү. Мектеп жашына чейинки куракта баланын речинин сөздүк составы өнүгөт. Эрте жаш курактагы балага салыштырмалуу бул куракта баланын сөз байлыгы үч эсеге артат. Баланын сөз байлыгынын өнүгүүсүнө зат атооч, сын атооч ж. б. сөз түркүмдөрү жана ат атооч, этиш таасир этет.

Ошондой эле балада сүйлөмдөгү сөздөрдүн грамматикалык эрежени негизинде айкалышы сөз байлыгын арттырат. Алар сөз жөндөмөсүн өздөштүрөт да, байламталарды колдонуп татаал сүйлөм түзүүгө аракеттенет. Сөздүн жардамы менен заттын маанисин, анын өзгөчөлүгүн баамдап белгилейт.

Мисалы, китептеги малдын сүрөтүн көргөндө "бул уй, ал тиги кичинекей баласы" деп түшүндүрөт. Тилди өздөштүрүүдөгү активдүүлүк баланын активдүүлүгүнүн көрсөткүчү, ал сөздү өзгөртүп балапанды бапалан деген жаңы сөздөрдү ойлоп табат. Мисалы, атка минген агасын көргөндө, " ал ат менен келата.

Бул куракта балада тилдин грамматикалык түзүлүшүн өздөштүрүүдө маанилүү өзгөрүү өтөт. Мектеп жашына чейинки балага тилдин кубулуштарына карата эң жогорку сезгичтик пайда болуп өтүү мезгили таандык. Сөздүн маанисин өздөштүрүү менен бала анын тыбыштын айтылыш формасына кызыгат. Алар сөздүн мууну же акыркы сөз боюнча уйкаштыкта сөздү өзгөртүшөт.

Мисалы, Клара деп чакырсак Айжан тыңшап туруп Кла-ла-ла деп өзгөртөт. Төрт жашында:"Ийнелик, ийнелик.Ийнедей илмейипҮзүлбөйбү белиңҮйүң барбы сенин?" – деген ырды 2-3 жолу окуп ырдачы, кайтала десек ал уйкаштыгы боюнча, өзүнүн өздөштүрүү деңгээлиңде:Ийнелик, ийнелик,Сенин белиң Үйүң жок сенин – деп кайра чагылдырат. Өзүнчө ойногондо белиң, сенин деп кайталоо менен сөздүн маанисин өздөштүрүү этабы өтпөстөн сөздүн уйкаштыгы гана кызыктырат.

Алты-жети жашар бала сөздүн тыбыштык формасын аң-сезимдүү өздөштүрүүгө жетише баштайт. Бул куракта тилдин тыбыштык маданиятын тарбиялоо максатында кыска ыр, жаңылмачты көркөм окуп, айрым тыбыштарга басым жасап, уйкаштыгынын маанисин сактоо сыяктуу иштер атайын окуу шартында өткөрүлөт. Мектеп жашына чейинки балага речтик катнашта сөздүн тыбыштык маанисин түшүндүрүүдө ал сөздү так, туура айтууга көнүгөт.

Мисалы, төрт жашар бала менен апа, сыр ж. б. ушул сыяктуу кыска сөздөрдү анализдөө болот. Мындай тыбыштык анализ баланы мектептеги жазуу жана окууну ийгиликтуу өздөштүрүүсүнүн шарты. Алты-жети жашар баланын речинин өнүгүсүүндө маанилуу этап, речтик түзүлүш өтөт.

Бала сүйлөмдө ойду түшүндүрүп, суроолорго кеңири жооп берүүгө умтулат. Таанып-билүүгө болгон кызыгуусу, карым-катнаш чөйрөсүнүн кеңиши менен бала контекстүү речке ээ болот. Контекстүү сүйлөө белгилүү ситуацияны толук түшүндүрүүдө байкалат. Контекстүү сүйлөөнү өздөштүрүү ситуативдүү сүйлөө менен бирдиктүү өтөт. Карым-катнаштын мүнөзүнө, шартына байланыштуу бала ситуативдуу же контекстүү сүйлөөнү пайдаланат.

Балдар бакчасында окутуунун натыйжасында бала контекстүү сүйлөөнү өздөштүрөт. Мектепке барар алдында сүйлөөнүн өзгөчө түрү түшүндүрүүчү сүйлөө пайда болот. Алты-жети жашар бала курбалдашына оюндун мазмунун же оюнчуктун түзүлүшүн түшүндүрүүгө болгон ынтызарлык өнүгөт.

Бирок курбалдашына оюн түшүндүрө албоо же башка жагдайлар пикир келишпөөчүлүктү пайда кылат. Сүйлөөнү бул түрү коллективдеги балдардын өз ара мамилесинин калыптанышында жана акыл-эсинин өнүгүүсүндө маанилүү. Мектеп жашына чейинки куракта мындай сүйлөө жаңыдан өнүгө баштагандыктан бала тарбиячынын, ата-энесинин түшүндүрүүсүн чыдамкайлык менен аягына чейин угуп кабыл ала албагындыгы байкалат. Атайын түзүлгөн шарт тарбиячынын карым-катнашта белгиленген талабы алты жашар баланы айткан ойду түшүндүрүүгө үйрөтөт.

Мектеп жашына чейинки мезгилде сүйлөөнүн экинчи функциясы – пландаштыруу өтөт. Сүйлөөнүн пландаштыруу функциясында айтылуучу ойдун ыраттуу берилиши сакталат. Бала белгилүү милдеттерди чечүүдө аракеттерди чагылдырат жана чоңдорго кайрылат. Иш-аракетте балада өзүнчө сүйлөө, өзүнө кайрылуу речи б. а. эгоцентрикалык сүйлөө пайда болот. Сүйлөөнүн мындай өзгөчөлүгү Ж. Пиаже, Л. С.Выготский, А. А.Люблинская белгилегендей төрт-беш жашар балдарда ачыгыраак байкалат.

Бирок "эгоцентрическая сүйлөө" деген түшүнүк шарттуу белгиленет. Психологияда бул сүйлөө катары аны сыртка чагылдырып берүүнүн чектелген формасы менен түшүндүрүлөт. "Эгоцентрикалык сүйлөө" ички сүйлөө формасында пландаштыруучу функцияны сактайт. "Эгоцентрическая сүйлөө" сырткы жана ички речтеги өткөөл баскыч. Сүйлөөнүн мындай түрлөрү атайын речтик тарбиянын таасири астында калыптанат.

Ооз эки, байланыштуу сүйлөөнүн бардык сапаттары көркөм чыгарманы, сүрөт боюнча айтып берүүдө өнүгөт. Алты жашар балдарда сөздүн көркөм айтылышын сезүү жөндөмдүүлүгү тарбияланатда, ал сүйлөөнүн өнүгүүсүнө таасир этет. Көркөм окууда салыштыруу, бала менен пикир алмашуу сүйлөөнүн калыптаныш шарты.

Баланын речинин калыптанышында балдар коллективиндеги, үй-бүлөдөгү пикир алмашуу негизги шарт катары белгиленет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)