Балдар психологиясындагы сезимдин өнүгүүсү

Адам баласы субъект катары теориялык жана практикалык ишмердүүлүгүнүн айлана-чөйрөнү таанып билип, ага таасир этүү менен чектелбестен алар өз ара мамилелердин системасында болот. Мындай мамиле эмоция жана сезимдин өзгөчөлүгүн чагылдырат. Сезим жана эмоция адамдардын чындыкты чагылдыруусунун формасы. Психолог А. Г.Ковалев (24) эмоцияны сырткы дүүлүктүргүчтөргө карата пайда болгон реакция катары белгилеген. Эмоция биринчиден адамдардын объектиге карата болгон мамилеси.

Экинчиден, эмоция оң жана терс абалда өтүп, ар түрдүү сезимдерди кубанууну, кайгырууну, уялууну чагылдырат. Эрте жаш курактагы бөбөктүн жана мектеп жашына чейинки баланын жашоосунда эмоция жана сезим маанилүү. Кичинекей бөбөктө пайда болгон эмоционалдык абал ачык байкалса, мектеп жашына чейинки куракта оң эмоционалдык абал баланын коллективдеги иш-аракетин, жүрүм-турумун активдештирип инсандык сапатына таасир этет. Бала башкаларга көңүл буруп мээримдүү болуп, кыйынчылыктарды жеңе билүүгө көнүгөт.

Терс эмоционалдык абал коркуу, ишенимсиздик, ачуулануу, кайгыруу сезимин пайда кылат. Сезим жана эмоциянын пайда болуп калыптанышы нерв системасында өтүүчү татаал процесстер менен байланышат. Нерв импульстарынын таасири астында жүрөктүн, булчуңдун ишинде өзгөрүүлөр өтөт. Бул өзгөрүүлөр эмоциянын активдүүлүгүнө таасир этет. Психологдор А. В.Запорожец, Я. В.Неверович баланын эмоциясын иш-аракеттин мазмуну жана структурасы менен байланыштуу анализдешкен.

Ымыркайдын эң алгачкы айында эмоционалдык абалы «жандануу комплекси» формасында керектөөнү канааттандырууда пайда болот. Эрте жаш курактагы бөбөктө карды ток, асты кургак болгондо канаттануу оң эмоция абалы экинчи учурда ооруса, карды ачса канааттанбоо терс эмоция байкалат. Баланын эмоциясы жаш өзгөчөлүгүнө байланыштуу өзгөрүп татаалдашат.

Чоң кишилердин мамилеси, алардын таасири эмоциянын пайда болуп өтүшүндө чечүүчү мааниге ээ. Эмоцияда тарбиянын таасири өзгөчө белгиленет. Бала көп учурда ата-эненин эмоционалдык абалын чагылдырат. Энеси капаланганда эркелеп, сылап аны менен мамиле түзөт. Мектеп жашына чейинки балада сезимдин мазмуну жана пайда болуш формасы өзгөрөт.

Үч-төрт жашар баланын сезими туруксуз тез өзгөрөт. Бала кубануу сезиминен тынчсыздануу, капалануу сезимине тез өтөт. Аларга өздөрүнүн сезимин багыттап жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү жетишсиздиги менен мүнөздүү. Өзүнүн курбалдаштарына болгон сезими кыска убакытта чагылдырылат. Бөбөк шартка байланыштуу көптөгөн балдар менен достук сезимде боло алат.

Мындай достук сезим анын оюн, окуу иш-аракетинде пайда болуп, курбалдашы менен түзүлгөн туруктуу мамилеге негизделбейт. Алты-жети жашар баланын курбалдаштарына болгон сезимин үч-төрт жашар бөбөккө салыштырмалуу туруктуу мүнөзгө ээ. Жомоктордун, аңгеменин мазмуну мектеп жашына чейинки балдардын кызыгуусун пайда кылат, алар чыгармада берилген каармандардын тагдыры үчүн капалануу, кубануу, тынчсыздануу сезимин ачык түрдө чагылдырса, жаратылыштагы жаныбарлар, куштар жөнүндөгү маалымат баланын таанып билүү сезимин, аларга карата сезимталдык мамилесин пайда кылат. Балдар коллективинде жаңы сезимдер түзүлө баштайт. Жолдоштору менен мамиле түзүүгө болгон керектөө оюн ишмердүүлүгүндө түзүлгөн кырдаал баланын сезиминин калыптанышынын баштапкы этабы. Мектеп жашына чейинки балада нравалык, эстетикалык ж. б. сезимдер калыптана баштайт.

Нравалык сезим өзүнүн мазмуну жана багыттуулугу боюнча ар түрдүү болгондуктан баланын жүрүм-туруму жана иш-аракетте коомдук шарттуулугу менен мүнөздөлөт. Нравалык жактан тарбияланган бала жүрүм-турумдун нормасын өздөштүрүп, жолдоштук мамиле, адептүүлүк, улууларды сыйлоо сыяктуу инсандык сапаттарга ээ болот. Нравалык сезимдин калыптанышында баланын үй-бүлөдөгү жашоо шарты, ата-энелердин өз ара жана балага болгон мамилеси чечүүчү мааниге ээ. Балдар коллективиндеги иш-аракет, ага катышуу, берилген тапшырмаларды аткаруу балада жоопкерчилик сезимин калыптандырат. Иш-аракетте өзүнүн аракетин башкалардын аракети, иши менен салыштырганда балада сыймыктанууга, тынчсызданууга, канаатанууга негиз түзүлөт. Иш-аракетте курбалдаштары менен түзүлгөн мамиле, чоң кишилердин баланын жүрүм-турумун баалоосу нравалык сезимди тарбиялоонун жана калыптандыруунун шарты болуп саналат.

Мектеп жашына чейинки баланын сезими билимдин деңгээли, жүрүм-турумдун өзгөчөлүгү менен мүнөздөлөт. Социалдык жашоонун таасири астында баланын сезиминин мазмуну өзгөрүп, формасы татаалдашат. Балада өз алдынчалыктын пайда болушу жаңы каалоо, керектөө нравалык сезиминин түзүлүшүнө түрткү болот.

Нравалык сезимдин калыптанышында эмгек негизги каражат. Нравалык сезим сыяктуу интеллектуалдуу сезим коомдук турмушту, жаратылыштын кубулуштарын таанып билүүдө адамдын эмоционалдык мамилеси. Интеллектуалдуу сезим баланын духовный өнүгүүсүнө байланыштуу калыптанат. Баланын кызыгуусун жана керектөөсүн таанып билүүгө багыттоо менен анын интеллектуалдуу сезими тарбияланат. Эстетикалык сезим дүйнөнү көркөм таанып билүүнүн каражаты.

Эстетикалык сезим инсандын психикасында пайда болгон айрым эмоционалдык реакциялардын өзгөчөлүгү. Психолог С. Л.Рубинштейн чындыктын эстетикалык касиеттерин билүү эстетикалык сезимге байланыштуу деп белгилеген. Эстетикалык сезим татаал жана ар кандай эмоционалдык абалды пайда кылат. Эстетикалык сезимге ээ болгон адам жаратылыштын кооздугун, көркөм чыгармаларды кабыл алуу менен чектелбестен, аны кайра чагылдырууга аракеттенет. Эстетикалык сезим баланын моралдык облигинин калыптанышында чоң роль ойнойт.

Алты-жети жашар балдардын сезими чоң кишилердин мамилеси менен шартталган. Мындай мамиленин мүнөзү эстетикалык сезимдин калыптанышына таасир этет. Жаратылыш эстетикалык сезимди тарбиялоонун башаты.

Ал адамдын бардык сезүү органдарына таасир этүү менен айлана-чөйрөнүн кооздугун кабыл алып, кайра чагылдыруу процессинде эстетикалык мамиленин пайда болушуна шарт түзөт. Баланы жаратылыштын кооздугун түшүнүп, көрө билүүгө үйрөтүү эстетикалык сезимди тарбиялоонун маанилүү милдети. Эстетикалык сезим көркөм сүрөт чыгармачылыгында өнүгөт. Айрыкча тарбиячы балдарды сүрөт тартууда боёкторду туура талдап, объектини көркөм бере билүүгө үйрөтөт.

Сүрөт тартууда сенсордук жөндөмдүүлүктүн өнүгүүсү көркөм образдарды кабыл алуунун негизин түзөт. Кабыл алуу процессинде мектеп жашына чейинки балада эстетикалык сезимдин татаал түзүлүшү өтөт. Эстетикалык сезим баланын объектини көркөм чагылдыруу процессинде пайда болот. Алты-жети жашар баллада эстетикалык сезимдин калыптанышына образдуу кабыл алуу, аны кайрадан чыгармачылык менен чагылдыруу таасир этет. Көркөм адабият, музыка – балада кубануу, тынчсыздануу, канаттануу ж. б. ар кандай сезимди пайда кылуу менен жүрүм-турумга, психикалык абалга таасир этет да, эстетикалык сезим маанилүү түрдө өзгөрөт.

Эстетикалык сезим организмдин физиологиялык функциясын жөнгө салып, инсандын калыптанышында маанилүү. Сезимдин пайда болуп калыптанышы таанып-билүү процесси менен байланыштуу болгондуктан, ал психикалык процесстерге таасир этет. Сезим менен эске сактоонун өз ара байланыштуулугунун бир нече өзгөчөлүгү белгиленген. Биринчиден, фактыларды, окуяларды эске сактоо баланын сезиминин өзгөчөлүгүнө байланыштуу өтөт. Экинчиден, эмоционалдуу көркөмдөлгөн окуялардын тез жана узак эске сакталышы: «аяз атадан коркуу» же жагымдуу музыка ж. б. узакка эмоционалдуу түрдө баланын эсинде калат.

Чыгармачылык иш-аракеттеги жөндөмдүүлүктө сезимдин сапаттуу өзгөчөлүгү ой процесстери менен байланыштуу. Бала көркөм чыгармада, боёкторду тандап образдарды эске түшүрүп кайра чагылдырууда аналитикалык - синтетикалык ой процессине өтөт. Белгилүү жомокту кайра айтып берүүдө эмоционалдуу түрдө ырааттуу, образдуу кайра чагылдыруу процесси маанилүү.

Мындай өзгөчөлүк баланын ой жүгүртүп, нализдей билүү даярдыгын мүнөздөйт. Баланын сезиминин өзгөчөлүгү анын тарбиялангандыгына байланыштуу, анткени анын нравалык, интеллектуалдуу өнүгүү деңгээли сезимине таасир этет. Баланын сезимин тарбиялоодо чоң кишилердин бала менен пикир алмашуусу алардын эмоционалдык тең салмактуулугун багыттап, өзүнүн сезимин контролдой билүүгө көнүктүрөт. Иш-аракеттин бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү сезимди тарбиялоодо маанилүү орунга ээ. Баланы башкалардын сезимин түшүнүп баалай билгенге үйрөтүү сезимди тарбиялоонун каражаты.

Мектеп жашына чейинки баланын сезиминин өнүгүүсү коомдук тажрыйбаны өздөштүрүү, билимдин деңгээли, жүрүм-турумдун өзгөчөлүгү менен шартталат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)