Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдар психологиясындагы окутуу жана психиканын өнүгүүсү

Окуу иш-аракети билимдерди, өнүгүүлөрдү, ыктарды өздөштүрүүнүн, адамды тиричилик турмушка, эмгекке даярдоонун каражаты. Психиканын өнүгүүсүндө окутуу процесси негизги роль ойнойт. Л. С.Выготскийдин көз карашы боюнча окутуу өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчү. Өнүгүү жана окутуу жанаша өтүүчү, бирок эки башка процесс. Өнүгүү – бул ар бир баскычта жаңы сапаттардын пайда болуусу менен коштолгон инсандык калыптануу процесси. Окутуу – бул балада адамдын тарыхый өзгөчөлүктөрдүн өнүгүүсүндө ички зарылчылык.



Окутуу жакынкы аралыкта өнүгүү зонасын түзөт, б. а. ички өнүгүү процесстердин кыймылдарына таасир этүүсү шарт. Л. С.Выготскийдин жакынкы аралыкта өнүгүү зонасы бүткүл дүйнөдөгү психологдорго белгилүү болгон илимий ачылыш. Жакынкы аралыкта өнүгүү зонасы – бул баланын актуалдуу деңгээлдеги өнүгүүсү менен өнүгүүгө мүмкүн болгон деңгээлдин ортосундагы аралык.



Бул учур улуулардын жетекчилиги астында чечилген маселелердин жардамы менен аныкталат. Жакынкы аралыкта өнүгүү зонасы жетилип бара жаткан функцияларды, жетилүү процессиндеги функцияларды көрсөтөт. Жакынкы аралыкта өнүгүү зонасы – бул биргелешкен иш-аракетте калыптанып, бара-бара субъекттин ички психикалык процессине өтүп, жогорку психикалык функциялардын пайда болуу мыйзамынын логикалуу натыйжасы. Окутуунун психикалык өнүгүүгө болгон таасирин Л. С.Выготскийдин аң-сезимдүү системалуу жана маанилүү түзүлүшү жана онтогенезде өнүгүүсү жөнүндөгү гипотезасы далилдейт.



Окуу иш-аракети баланын акылынын активдүүлүгүнүн формасы болот. Окутуучу баланын активдүүлүгүн көнүгүүлөрдү, маалыматтарды билимдерди угуп, кабыл алып, түшүнүүгө багыттайт. Уюшулган окуу иш-аракети ойдун өнүгүүсүндө анализдөөнү, корутундулоону, мурунку жана жаңы билимдерди салыштырууну негизинен окуу материалын түшүнүүнү камсыз кылган операцияларды талап кылат. Ошондой эле эс процессинин өнүгүүсүнө таасир этет. Окуу иш-аракетинде баланын чыгармачылык кыялдануусу байып, бардык психикалык процесстер эркин мүнөзгө ээ. Окутууда баланын психикалык процесстери атайын белгиленген мөөнөттө активдүүлүккө өтөт.



Окуу иш-аракети алгачкы күндөн баштап балада зарыл жана жоопкерчиликтүү эмгек катары каралат. Ошондуктан окуу иш-аракети балдардан эрктүүлүктү талап кылат. Окуу иш-аракетинде балдарда өзүн контролдоо, тартиптүүлүк, өз алдынчалык ж. б. инсандык сапаттары тарбияланат. Окуу иш-аракети тарбиялык мааниге да ээ болот. Окутуунун негизги милдети билимдердин негизин активдүү, аң-сезимдүү, системалуу өздөштүрүүнү камсыз кылуу.



Билимдерди өздөштүрүү процесси тарбиячы же мугалим тарабынан берилген билимдердин жыйындысын жөн гана кабыл алып, эске сактоо менен мүнөздөлбөстөн, башкалардын берген тажрыйбасын кабыл алып аң-сезимдүү өздөштүрүүнүн өзгөчөлүгүн чагылдырат. Окуу иш-аракетинде өздөштүрүлгөн түшүнүк, аны таанып-билүүчү ишмердүүлүгү катары мүнөздөлөт. Окутуу баланын тажрыйбасын, алган билимдерди текшерип, конкреттештирүүдө өбөлгө катары кызмат кылуучу иш-аракет. Окуу иш-аракетин атайын программалык талаптын негизинде тарбиячы же мугалим уюштуруп өткөрөт.



Окуу баланын максаттуу багытталып жөнгө салынган иш-аракети. Окутууда баланын аң-сезимдүүлүгү анын активдүүлүгүнүн формасы чагылдырылат. Окуу иш-аракетинде психикалык процесстердин калыптанышы окутуучу тарабынан багытталып жөнгө салынгандыктан аны уюштурууда баланын жаш жана жекече өзгөчөлүгү эске алынат. Окуу иш-аракетин көптөгөн психологдор изилдешкен.



Л. С.Выготский окутуу менен өнүгүүнүн өз ара байланышын изилдеп, психиканын пайда болуп өнүгүүсүнүн социалдуулугуна өзгөчө маани берген. Анын ою боюнча баланын аракеттердин сырткы каражатына ээ болуусу чоңдордун көрсөткөн жардамынын, карым-катнашынын негизинде түзүлүп, окутуу өнүгүү процессин пайда кыла тургандыгын жана "өнүгүүнүн жакынкы зонасын" аныктоодо баланын ээ болгон билими, өз алдынчалыгы менен башкалардын көрсөткөн жардамынын айырмачылыгын белгилеген. Л. С.Выготский окутуу менен өнүгүүнүн байланыштуулугунда төмөнкүлөрдү эске алган.-Окутуу – социалдык каражатка ээ болуу, бала менен чоңдордун өз ара кызматташтыгы.-Окутуу өнүгүүнүн берилгендерине таянат.



-Окутуу өнүгүүнүн негизин түзөт.Л. В.Занков окутуунун дидактикалык системасын илимий деңгээлде ачып берген. Бул система теориялык билимдерди жогорулатуу прицибин, окутуунун татаалдыгынын деңгээлине жана окуу материалын өтүү темпин тездетүүгө таянат. Окутуунун дагы бир системасын Д. В.Элькониндин жетекчилиги астында В. В.Давыдов иштеп чыккан.



Алар окутуунун системасында ойлоонун илимий - теориялык тибин тарбиялоону далилдеген. Баланын акылынын өнүгүүсүндө окутуунун ролун психологдор Н. А.Менчинская, П. Я.Гальперин, А. А.Люблинская, Д. Б.Эльконин, В. В.Давыдов ж. б.лар илимий изилдешкен. Башка иш-аракет сыяктуу окуу эмгек менен байланышкан. Белгилүү билимдерди өздөштүрүү окуу иш-аракетинин мазмунун аныктайт.



Билимдерди өздөштүрүү аң-сезимдүү, активдүү процесс, бала таанып-билүү милдеттерин чечүүдө алган билимдерин өз тажрыйбасына байланыштырып карайт. Окуу иш-аракетинин психологиялык негизи болуп, баланын ар түрдүү мазмундагы билимдерди өздөштүрүүсү жана бул билимдерди пайдалануусу саналат. Баланын өздөштүргөн билиминин деңгээли, мазмуну, татаалдыгы окутуунун психологиялык жагы.



Балдардын билимдин белгилүү системасын өздөштүрүүсү окутуунун мазмунун аныктайт. Билимдерди өздөштүрүү берилген маалыматтарды эске сактоо менен чектелбестен, башкалардын берген билимин өзүнүн түшүнүгүнүн негизинде кабыл алып, кайра чагылдыруусу менен мүнөздөлөт. Өздөштүрүлгөн коомдук тажрыйбаны бала өзүнүн кичинекей тажрыйбасы менен байланыштыруусу окуу иш-аракетинин негизи болот.



Баланын жашоо тиричилиги, билими чоң кишилердин уюштуруп багыттоосуна байланыштуу, эң кичине бөбөк чоңдордон үйрөнө баштайт. Ал басканга, заттарды туура пайдаланганга, сүйлөгөнгө гана үйрөнбөстөн, өзүнүн жүрүм-турумун башкарууга аракеттенет. Башкача айтканда окутууда практикалык аракеттер жана психикалык аракеттер да түзүлөт. Эң кичине бөбөктө окутуу жаш өзгөчөлүгүнө ылайык толук аң-сезимдүү багыттуу уюштурулбайт.



Баланын толук өнүгүүсүн камсыз кылган окуу иш-аракетин багыттуу уюштуруу зарыл. Бул максатта окутуу менен өнүгүүнүн байланышын билип, баланы ар кандай жаш куракта эмнеге, кандайча окутууну аныктоо маанилүү. А. С.Выготский баланын акыл-эсинин өнүгүүсүндө окутуунун ылайык келишин өнүгүүнүн жакынкы зонасы деп белгилеген. Жөнөкөй байкоолор көрсөткөндөй эң кичине бөбөктүн билимдерди өздөштүрүү жөндөмдүүлүгү төмөн.



Чындыгында эки жашар балага тамганын туура жазылышын көрсөтүп, үйрөтүү мүмкүн эмес. Окутуунун ыкмасы баланын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык түзүлүшү зарыл. Мисалы, үч жашар балага кишинин сүрөтүн тартканды айтып түшүндүргөндө, ал түшүнбөйт, бирок кишинин тартуунун жолун көрсөткөндө, ал сүрөттү окшоштурууга аракеттенет (эң алгач аракет ийгиликсиз өтөт). Берилген мисалдар окутуунун ийгилиги, баланын психикасынын өнүгүү деңгээлине жана жаш өзгөчөлүгүнө байланыштуу экендигин түшүндүргөнсүйт. Жөнөкөй байкоолорду негизинен мындай корутундулоо туура эмес.



Мындай учурда психиканын өнүгүүсү менен окутуунун байланыштуулугун коомдук тажрыйбаны өздөштүрүп, ар кандай аракеттерге ээ болгондо өнүгөт. Мындай тажрыйба жана аракеттер окутууда өздөштүрүлөт. Демек, окутуу өнүгүүгө ылайыкташпастан өнүгүүнү багыттап жөнгө салат. Окутуу онүгүүнүн деңгээлин, жетишкендиктерин эске алуу менен анын кийинки багыттын аныктайт.



Окутуу "психиканын өнүгүүсүнөн озуп, анын алды жагында" – жүрөт. Эгерде бала кагазды өзү ийри-буйру тарткан түшүнүксүз сүрөттөн өзүнө тааныш заттарды ( топ, түтүн, киши ж. б.) көрө билсе, окутуунун кийинки сүрөттү тартуудагы максаттуу аракеттери белгиленет. Баланы алдына максат белгилөөгө үйрөтүү зарыл (топтун сүрөтүн тартуу). Психиканын өнүгүүсүндө окутуунун негизги ролу баланын жаңы аракеттерди өздөштүрүүсүндө эң алгач чоңдордун жетекчилиги жана жардамы менен, кийинчерээк өз алдынча аткаруусунан көрүнөт. Баланын чоңдор менен бирдиктүү аракети (чоң кишилердин көрсөтүүсү, түшүндүрүүсү, аракетине кийлигишүүсү жана баланын иш-аракети өз алдынча аткаруусундагы айырмачылык) баланын "өнүгүүсүнүн жакынкы зонасы" деп белгиленет.



Окутуунун ар бир жаңы кадамы баланын өнүгүү деңгээлине таянат жана өнүгүүнүн келечектеги жаңы өбөлгөсүн түзөт. Баланы сүйлөөгө үйрөтүүдө, биз анын угуу жана көрүү аркылуу кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн, чоңдорду окшоштуруп тууроосу, түшүнүгүн пайдаланабыз. Сөздү өздөштүрүү баланын психикасынын өнүгүүсүндө кескин бурулушту пайда кылып, окутуунун жаңы формасына өтүүгө шарт түзөт.



Окутуунун жаңы формасы сүйлөөнүн таасири астында пайда болгон кабыл алуу жана ой процесси негизделет. Өнүгүүнүн деңгээлине терс таасирин тийгизген окутуунун формасы балага иретсиз берилген ар түрдүү билимдердин маалыматтардын таасири астында пайда болот. Айрым учурда көп ырларды жаттаган, китептен аңгемелерди окуган беш-алты жашар балдар акылдуу көрүнөт.



Ошол эле мындай "акылмандардын" көбү жөнөкөй мисалдарды чагылдырууга жана аны чыгаруунун жолун өздөштүрүүгө жөндөмдүү эмес.

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 1667, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо