Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp *** Таанышуу боюнча жарнамалар 1 жумага 50 сом

Балдар психологиясындагы оюн иш-аракетине жалпы мүнөздөмө

Психологияда оюн баланын айлана-чөйрөдөгү адамдардын аракетин, алардын өз ара мамилесин чагылдыруучу активдүү ишмердүүлүк катары каралат. Мектеп жашына чейинки балада негизги иш-аракет, эмгекке даярдоонун мектеби жана тарбиялоонун каражаты. Оюнда бала өзүнүн ички сезимин, мамилелердин системасын чагылдырып, өз ара макулдашууга, бирин-бири түшүнө билүүгө үйрөнүп, эрк аракеттери калыптанат. Бала оюнда аракеттерди өздөштүрүүдө ар кандай заттар аркылуу көнүгөт, мунун натыйжасында анда белгилүү инсандык сапаттар түзүлөт. Психолог Д. Б.Эльконин "Психология игры" деген эмгегинде 1-3 жашка чейинки баланын оюн аракетин заттар менен аракеттенүүгө байланыштуу карайт. Ал мектеп жашына чейинки баланын оюн ишаракетинин психологиялык өзгөчөлүктөрүн белгилеген.1. Оюн пайда болушу, мазмуну боюнча социалдуу.

Толук мазмундуу оюндун пайда болуп калыптанышы жай өтүүчү процесс. Ал чоң кишилердин жетектеп, багытташына байланыштуу баланы өнүгүүсүнө, жүрүм-турумуна таасир этет. Оюндун жүрүшүндө бала биринчиден оюндун эрежесин өздөштүрөт.

Экинчиден, оюн мамиле түзүүнүн каражаты жана ыгы болот. Үчүнчүдөн оюн өнүгүүнүн булагы. Оюндун кайсы гана түрү болбосун тарбиячы же ата-эне тарабынан баланын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык уюштурулууга тийиш.2. Оюн башка иш-аракет сыяктуу эле коомдук мүнөзгө ээ болгондуктан ал адамдардын тарыхый жашоо шартына байланыштуу өзгөрөт.3. Оюн бала үчүн болгон чындыкты чыгармачылык менен чагылдыруунун өзгөчө формасы. Ал оюн иш-аракетинде сыйкырдуу образдарды кыялдануу менен элестетип кайра чагылдырат.4. Оюн баланын таанып-билүүсүнүн өнүгүү булагы. Ар кандай сюжеттүү оюнду ойнош үчүн бала ал жөнүндө маалымат алууга тийиш.

Мисалы, "врач" деген оюнду ойнош үчүн бала анын ишин байкап, көркөм адабияттан түшүнүк алганда маалымдуулугуна жана жаш өзгөчөлүгүнө байланыштуу оюндун мазмунун ачып берүүгө аракеттенет.5. Оюн инсандык сапаттардын пайда болуп калыптаныш шарты. Оюндун кайсы гана түрү болбосун баланын психикасынын өнүгүүсүнө таасир этет.Психологиялык жана педагогикалык адабияттарда оюндун бир нече түрлөрү белгиленген:-Кыймылдуу оюн баланын ден-соолугун чыңдоонун, эрк аракеттеринин калыптанышынын, коллективде жүрүм-турумдун эрежесин өздөштүрүүнүн каражаты.-Дидактикалык оюнда баланын таанып-билүү мүмкүнчүлүгү активдешет, акыл-эсинин өнүгүүсүнүн шарты.

-Сюжеттүү же чыгармачыл оюнда – бала чоң кишилердин жүрүм-турумун, ишин туурайт, окшоштуруп оюн аркылуу чагылдырат. Оюн психикалык процесстердин пайда болуп калыптанышына таасир этет.Оюндун бардык түрлөрүн бала бакчада же үй шартында уюштуруп өткөрүү мүмкүн жана зарыл, мындай максатта кыргыздын улуттук көптөгөн оюндарын белгилөөгө болот. Эрте жаш курактагы бөбөктөр менен кыргыздын элдик жана акын жазуучулардын чыгармаларынан тандалган оюндарды өткөрүү алардын кызыгуусун пайда кылып, кабыл алуусуна, оюн формасында өздөштүрүүсүнө таасир этет.

Мисалы, "Сен жат, сен тур", "Чып-чыпалак" элдик ыр түрүндө берилген оюндар, А. Момунтаева "Манжаларым", А. Кыдыровдун "Жашынмак", И. Исаковдун, "Сен жат, сен тур" деген сыяктуу көптөгөн чыгармалары өнүгүүнүн булагы катары каралат. Ал эми "Учту-учту", "Ачакей-жумакей" ж. б. элдик кыймылдуу оюндар баланын ой-жүгүртүүсүн, кыймылдуулугун активдештирет. Аталган жана башка көптөгөн кыргыз элинин улуттук оюндары баланын таанып-билүүсүн өнүктүрөт. Оюн баланын өнүгүүсүндө өзгөчө мааниге ээ. Мектеп жашына чейинки балада оюндун пайда болуп өнүгүүсүн Д. Б.Эльконин изилдеген.

Ал ролдук оюндун пайда болушу тарыхый мүнөзгө ээ болгондуктан, айрыкча оюн-көнүгүү жана сюжеттүү формада өтөт деп белгилеген. П. П.Блонский эрте жаш курактагы баланын заттар менен аракеттенүүсүн оюндун пайда болуш шарты катары мүнөздөйт. Баланын речинин өнүгүүсү курбалдаштарына жана чоңдорго кайрылуусу анын оюн аракеттерин активдештирет. Оюнчук менен аракеттенүү оюн элементинин пайда болуш өбөлгөсү, анткени бала ойноп жатып чоң кишилердин мамилесин, аракетин, кыймылын чагылдырат да оюнчуктун заттык маанисин окшоштуруп туурайт. Мисалы, бөбөк газетаны алып атасын туурап "окуйт", "куурчагын" таптап кыз өзүнүн энесине окшоштурат.

Бөбөк жашында өз алдынчалыктын пайда болушу, сюжеттүү оюнда белгилүү ролду аткаруунун өбөлгөсү. Психологияда сюжетүү же чыгармачылык оюн кеңири изилденген. А. В.Запорожец чыгармачылык оюнда бала белгилүү бир ролдун мазмунун ачып берүү менен чектелбестен, оюндун эрежесин сактап, өзүнүн курбалдаштарынын каалоосун эске алууга үйрөнөт деп белгилеген.

Сюжеттүү оюн көп жактуу жана татаал. Оюн тарыхый мүнөзгө ээ болгондуктан, анын формасы, мазмуну, структурасы, адамдын тарыхый өнүгүүсүнө байланыштуу каралат. Экинчиден бала оюнда коомдук катталган аракеттерди белгилүү формада элестетип чагылдырат. Бала оюндун белгилүү формасын өздөштүрүп, аны толуктап өзгөртүүгө умтулат.

Оюн баланын таанып-билүү мүмкүнчүлүгүн арттырат. Мындай өзгөчөлүк анын психикасынын калыптанышына таасир этет. Оюндун сюжетинин өнүгүүсү, андагы баланын жөнөкөй аракетинин татаал акыл аракетине өтүшү айлана-чөйрөнү таанып-билүүнүн жолу. Сюжеттүү оюнда бала ролду ачып берүүдө белгилүү милдеттерди чечип, ар кандай кубулуштарды чагылдырат.

Балдардын оюн иш-аракетинде айлана-чөйрөдөгү кубулуштарды, өзгөчөлүктөрдү, окуяларды чагылдыруусу чыгармачылык оюндун сюжети катары каралат. Оюндун сюжети үч-төрт жашар бөбөктө тар жана чектелген мүнөздө болот, ал эми беш-алты жашар балдарда көп жактуулугу менен айырмаланат. Балдардын оюнунда коомдук кубулуштар, үй-бүлө, бала бакча, врач ж. б. көптөгөн сюжеттер чагылдырылып, анын жаш өзгөчөлүгүнө, өнүгүүсүнө ылайык бир эле оюндун сюжетинин өнүгүүсү ар башкача өтөт. Эрте жаш курактагы бөбөк оюндун сюжетинде ачык байкалган өзгөчөлүктөрдү туураса, беш-алты жашар бала анын ички мазмунун ачып берүүгө аракеттенет. Оюндун сюжетинин ачылышы баланын мүнөзүнө жекече өзгөчөлүгүнө байланыштуу.

Байкоолордо белгилегендей төрт жашар кичинекей бөбөк "чыбык-атты" минип, камчыланып ары-бери "чапкылап", өзү чарчаганда чыбыкты таштап, башка оюнчук менен ойнойт. Мында бала чыбыктын заттык маанисин чагылдырып, оюндун сюжети ачылбайт. Ошол эле курактагы экинчи бөбөк "чыбык-атты" минип бастырып жүрөт да "атты" бурча жөлөп "байлайт" чакадан суу берген болот, колдун кыймылы менен астына чөп салып, сен эс ал чарчадың мен башка жумуш иштейм деп, оюнчук ат менен сүйлөшөт.

Мында бала чабарман катары оюндун сюжетин өнүктүрүүгө аракеттенет. Негизинен бул бөбөктүн оюндагы аракети. Балдарда оюндун сюжети турмуштагы өзгөчөлүктөрдү, коомдук жашоону чагылдыруу менен байланышта өнүгөт. Оюндун сюжети баланын ойноо убактысына, тарыхый мезгилге байланыштуу ар түрдүү болуп өзгөрөт.

Оюндун сюжетин аныктоо менен катар анын мазмунун ажырата билүү да маанилүү. Чоң кишилердин ишмердүүлүгүнүн негизги жагын баланын сюжеттүү оюнда чагылдырылышы анын мазмунун аныктайт. "Врач" деген сюжеттүү оюнда төрт жашар бала врачтын аракетин окшоштуруп туурап, заттардын жардамы менен ар кандай аракеттерди чар-жайыт аткарып, ыраттуу түрдө ролду ачып бере албайт.

Оюндун мазмуну чоң кишилердин өз ара мамилесин чагылдыруу деңгээлинде өтөт. Ушул эле оюндун жүрүшүндө алты жашар бала врачтын ишинин негизги мазмунун ачууда врачтын оорулуу адамга болгон мамилесин, анын ишиндеги аткарган функциясын чагылдырат. Мындай өзгөчөлүк оюндун мазмунунун өнүгүүсүн мүнөздөйт.

Чоң кишилер баланы айлана-чөйрөдөгү кишилердин иши, алардын өз ара мамилеси менен тааныштырып, баланын таанып-билүүсүн, түшүнүгүн активдештирет. Мунун негизинде оюнду мазмундуу өткөрүүдө баланын жаш өзгөчөлүгүн эске алып оюнду багыттап жөнгө салуу зарыл. Мисалы, үч-төрт жашар бала сюжеттүү оюнда заттарды пайдаланып, бир аракетти бир нече ирет чагылдырат.

Мындай чоң кишилердин аракетин заттардын жардамы менен кайталап чагылдыруусу, алардын оюндун мазмунун ача албагандыгы менен түшүндүрүлөт. Бул курактагы бала заттарды, оюнчуктарды пайдаланып аракеттерди аткарат, бирок оюндун сюжеттин андагы ролду пландаштыра албайт жана оюндун жүрүшүндө өз ара чектелген тар мамиле байкалат. Беш-алты жашар балада оюндун белгилүү эрежесин сактап, өзүнө тиешелүү ролду ачып берүүгө аракеттенүү менен оюндун мазмунун өнүктүрөт. Демек, чыгармачыл оюндун сюжетин жана мазмунун өнүктүрүүдө бала чоң кишилердин турмушун өздөштүрүп чагылдырат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)