Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдар психологиясындагы кыял чабытынын өнүгүүсү

Психологиялык адабияттарда "Элес жана чыгармачылык" же "Кыялдануу" деген түшүнүк толук такталган эмес. Кыял, кыялдануу жалпы психологияда элес жана чыгармачылыктын түрү катары мүнөздөлөт. Элес жана чыгармачылыкта бөбөк таанып-билүү процессинин өзгөчөлүгүнө таянып оюн иш-аракетинде же белгилүү бир иш-аракетте белгилүү деңгээлде «чыгармачылык» мамилени чагылдырат. Мисалы, күнүмдүк байкоолор көрсөткөндөй экиге караган бөбөк кичинекей оролгон нерсени «ля-ля, а-а-а" деп таптайт. Анын мындай аракети кабыл алган өзгөчөлүктөрдү элестетип окшоштуруп кайра чагылдыруусун мүнөздөйт. Эрте жаш курактын аягында бөбөктүн заттар менен аракеттенүү мазмуну өзгөрүп элес жана чыгармачылыктын элементи, окшоштуруу, кыялдануу сыяктуу өзгөчөлүктөру байкалат.



Психологдор А. В.Запорожец, Д. Б.Эльконин, А. А.Люблинская ж. б.лар элестин ар кандай иш-аракетте пайда болуп өнүгүүсүн изилдешкен. Психологиялык адабияттарда белгилегендей элес үч жаштын башында өнүгө баштайт. Балдар кыска аңгемелерди, жомокторду угуп жатып, каармандар менен кошо кубанат же кайгырат.



Элес жана чыгармачылыктын эрте жаш курактагы бөбөктө жана мектеп жашына чейинки балада пайда болуп калыптанышын Н. Н.Палагина илимий эксперименталдык аспектте изилдеген. Ал үч жашар баланын жүрүм-турумунда заттар менен аракеттенүүнүн, речинин өнүгүүсүнүн натыйжасында элестин төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрүн бөлүп көрсөткөн.Биринчиден, аракеттердин сөз менен багытталышы:-аракеттерге сюжеттик маани берүү;-оюндун сюжеттүүлүккө өтүшү жана тескерисинче;-жүрүм-турумда ролду чагылдыруу;-оюнчук менен сүйлөшүү;Экинчиден, элесте сөздүн формасы бөлүнөт:-речке карата оюн мамилеси: сүйлөөнү туурап, тыбыштарды тактоо, оюндун сюжетин түзүү;-образдарды берүүдө көркөм сөздөрдү пайдалануу;-фантазия менен реалдуулуктун чектелбегендиги ж. б.Ал эми үч жаштан беш жашка чейинки балдарда элестин мазмунун активдешүүсүн белгилеген.-оюн аракетинин анын эрежесинин негизинде жөнгө салынышы;-оюндун сюжетинин логикалуу өтүшү, ролду ачып берүүдө диалог ж. б. ыкмалар;-образдарды түзүү;-кыялдануу ж. б.Демек Н. Н.Палагина өзүнүн изилдөөлөрүнүн негизинде элестин өнүгүүсүндө баланын активдүүлүгүнүн түзүлүшүн негизги фактор катары бөлүп көрсөткөн.



Элестин жана чыгармачылыктын өнүгүүсүн инсандык сапаттардын калыптаныш шарты катары караган. Элестетип кайра чагылдыруу элестин пайда болушунун алгачкы этабы катары мүнөздөлөт. Мектеп жашына чейинки балада кайра куруучу жана чыгармачыл элестин өнүгүүсүнө ар кандай иш-аракет: оюн, сүрөт, ийлеп-чаптоо, аппликация, конструкциялоо таасир этет.



Төрт-беш жашар баланын сюжетүү оюнда же башка иш-аракетте өз алдынча боло албагандыгы, алар түзгөн образдардын өзгөчөлүгүнөн байкалат. Анткени, аларга иш-аракетте сырткы таяныч керек. Мисалы, оюнда бала белгилүү образды түзүш үчүн өзү элестеткен жагдайда аракеттенип, ролду ачат. Бирок оюндун сюжетти өнүктүрүүдө бала ар кандай ситуацияда кыялданып аракеттенет.



Чыгармачыл ой-пикирдин өнүгүүсүндө баланын сөз чыгармачылыгы чоң мааниге ээ. Балдар кызыктуу жомокторду, калптарды ойлоп, эмоционалдуу түрдө кайра айтып берүү менен чектелбестен, ошол чыгармалардагы каармандардын образын түзүүдө кыялданышат. Бала кабыл алган образдарды элестетип, кайра чагылдырууда аналитикалык-синтетикалык процесстин өтүшү элес жана чыгармачылыктын пайда болуп түзүлүш шарты. Элес жана чыгармачылыктын өнүгүүсү бала менен чоң кишилердин карым-катнашынын формасына байланыштуу. Ошондуктан чоң кишилер баланын чыгармачыл иш-аракетин туура уюштуруусу зарыл.

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 1194, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо