Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Балдар психологиясындагы көңүл буруунун өнүгүүсү

Көңүл буруу – белгилүү бир объектке топтолгон инсандын психикалык абалы. Бир жагынан эки жактуу өзгөчөлүгү белгиленет. Бир жагынан көңүл буруу объектиге багытталса, экинчиден объект көңүл бурууга таасир этет. Көңүл буруу белгилүү иш-аракетте инсандын абалынан байкалат. Психологияда көңүл буруунун эки түрү: эрксиз жана эрктүү көңүл буруу белгиленген.-Эрксиз көңүл буруу күтүлбөгөн, күчтүү дүүлүктүргүчтүн таасири астында пайда болот.



-Эрктүү көңүл буруу – ишмердүүлүктүн аң-сезимдүүлүгү салынышы анын эрк аракеттери менен багытталышы.Көңүл буруу ымыркайдын бир айында байкалат. Бул мезгилде туруксуз көңүл буруу сырткы дүүлүктүргүчтүн күчүнө карата пайда болот. Катуу үн, күчтүү жарык балада белгилүү абалды пайда кылат. Эки-үч айлык наристе чоң кишилерди көргөндө жандануу реакциясын чагылдырат.



Адамдар менен түзүлгөн карым-катнаштын натыйжасында бөбөктө эмоционалдык реакция түзүлөт. Биздин байкообуз боюнча бала беш айынан баштап белгилүү жалтыраган заттар, ачык түстүү оюнчук, анын көңүл буруусунун объектиси болот. Бөбөк бул оюнчуктар менен аракеттенип кармалайт, бири-бирине ургулайт ж. б. Алты айында заттарга көңүл буруп, убактысы түзүлө баштайт, айрыкча жети айында бул аракеттер активдешет.



Жети-сегиз айында балдырап чоңдордун речинин элементин туурайт. Бир жаштын аягында чоңдорду ынтаа коюп карап, тыңшап муундардын тизмегин кайталашат. Мисалы, на-на, уф-уф. Алар чоңдордун аракетин окшоштуруп туурашат. Мындай активдүүлүк көңүл буруунун пайда болуш шарты. Экиге караганда буту баскан мезгилде баланын таанып-билүү чөйрөсү кеңийт, да ал заттар менен аракеттенүүдө көңүл буруусу туруктуу боло баштайт.



8-10 минут жактырган оюнчугу менен ойноп аракеттене алат. Оюнчук шакекчелерди кашыкка же таякчага тизет. Машинага оюнчуктарды салып бир бурчтан экинчи бурчка ташыйт.



Бөбөктүн көңүл буруусу эң алгач кызыктырган заттарга багытталса, үч жаштын башында бала чоңдордун кайрылуусуна, жаңы заттарга көңүл буруусун өзү активдүү түрдө багыттайт. Чоңдордун сөзүнө назар салуусу балада угуп кабыл алуунун жана сүйлөө речинин өнүгүү шарты. Заттар менен аракетенүүдө сүйлөө маанилүү орунга ээ, анткени көңүл буруунун айрым өзгөчөлүктөрү байкалат. Мисалы, чоңдордун сөзүн угуп, заттар менен аракеттенүүнү эрктүү багыттоо.



Негизинен эрте жаш куракта көңүл буруу эрксиз мүнөздө пайда болот. Баланын белгилүү тажрыйбага ээ болуусунун натыйжасында көптөгөн заттар жана кубулуштар аны кызыктырып, көңүл буруусун пайда кылат. Эки-үч жашар бөбөк көлөмү кыска аңгемелерди, жомокторду ынтаа коюп угат.



Бөбөктөрдө кыска убакытка уюшулган окуу аракетин өткөрүү көңүл бурууну объектиге багыттайт. Бул курактагы бөбөктүн көңүл буруусунун өнүгүүсүндө тарбиячынын түшүндүрүүсү заттарды көрсөтүү менен бирдикте багытталууга тийиш. Үч жашар баланын көңүл буруусунун өнүгүүсүндө кабыл алынуучу объектинин кыймылдуулугу өзгөчө мааниге ээ. Алардын көңүл буруусунда музыканы угуп, аны өздөрүнүн кыймыл-аракети менен багыттоосу таасир этет.



Эрте жаш курактагы бөбөктүн көңүл буруусунда төмөндөгүдөй өзгөчөлүктөр белгиленет.1. Бир жашка чейинки жана эрте жаш курактагы бөбөктүн көңүл буруусу кыска убакытта өтөт, начар топтолот. Туруксуз кыска убакыттагы доминанта түзүлөт. Мисалы, 12 минутада бөбөк заттарды оюн аракетинде 8 жолу алмаштырганы, бир объектиге көңүл буруусу 2 минутага жакын топтолгону мүнөздүү.2. Кичинекей бөбөктүн көңүл буруусу туруксуз мүнөзгө ээ, жаңы, күчтүү дүүлүктүргүчтөр таасир этет.3. Бул куракта бөбөктүн көңүл буруусунун көлөмү тар. Эгер бала бир оюнчук менен ойноп жатканда экинчи түстүү оюнчукту көрсөтсө ага алаксыйт.



Алардын көңүл буруусунда эки-үч затка бөлүштүрүү кыйынчылыкты пайда кылат.4. Кичинекей баланын айтылган сөздөргө көңүл буруп, назар салуусу төмөн. Эң алгач сөз кызыктуу заттар, оюнчук менен багытталып бөбөктүн көңүл буруусун пайда кылат. Мисалы жомок айтып, кыска, кызыктуу ырды окуп берүү.5. Кичинекей бөбөктүн көңүл буруусу оюнда жана башка активдүү иш-аракетте, туруктуу боло баштайт.Эрте жаш курактагы бөбөктөн айырмаланып, мектеп жашына чейинки баланын көңүл буруусунда маанилүү өзгөрүүлөр белгиленет:-көңүл буруунун көлөмү кеңийт.



-көңүл буруунун туруктуулугу артат.-эрктүү көңүл буруу калыптанат.Баланын речинин өнүгүүсү, жүрүм-турумдагы өз алдынчалык, иш-аракеттин ар түрдүүлүгү, көңүл бурууга таасир этет. Заттардын өз ара байланыштуулугу, таанып-билүү объектиси катары каралат. Мисалы кичинекей бөбөк "Бул эмне?



" деп сураса, беш жашар бала "Муну кандайча пайдаланабыз?" деген суроо менен чоңдорго кайрылат. Мектеп жашына чейинки бала кичинекей бөбөккө караганда оюнду тез кабыл алгандыктан, чоңдордун сөзү көңүл буруунун объектиси болот. Мисалы, тарбиячынын башкалардын жүрүм-турумун баалоосу, талабы, мактоосу баланын көңүл буруусун пайда кылат. Бала өз алдынча аракеттенүүдө, чоңдордун жардамына, түшүндүрүүсүнө муктаж, айрыкча эрежени белгилеген талапка ылайык өздөштүрүүдө сөздүн ролу артат.



Алты жашар балада сөз сигналы көрүү аркылуу кабыл алуу сигналынан күчтүү. Көңүл буруунун көлөмүнүн кеңишине алты-жети жашар баланын 2-3 объектини кабыл алышы таасир этет. Мындай учурда тарбиячы баланы заттарды салыштырып, окшоштугун жана айырмачылыгын көрө билүүгө багыттап көңүл буруунун көлөмүн кеңитет.



Мектеп жашына чйеинки балада эң алгач көңүл буруунун туруксуздугу байкалат. Бир объектиге көңүл буруунун узак топтолушу анын туруктуулугун мүнөздөйт Т. В.Петухова, Н. В.Ночевкина өздөрүнүн байкоолорунун негизинде көңүл буруунун туруктуулугун баланын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык анализдешкен. Алар үч-төрт жашар балдарга салыштырмалуу алты жети жашар балдардын аз алаксыганын белгилешкен.



Көңүл буруунун өнүгүүсү баланын иш-аракетинин өзгөчөлүгү менен байланыштуу. Эң алгач чоң адамдар балада көңүл буруунун туруктулугун багыттап жөнгө салса, беш-алты жашар бала көңүл буруунун өзү белгилүү объектиге топтойт. Көңүл буруунун туруктулуугу баланын жекече өзгөчөлүгүнө байланыштуу өтөт.



Тең салмактуу, токтоо балдарда, тең салмаксыз тентек балдарга караганда көңүл буруунун туруктуулугу жогору болот. Иш-аракетте бала менен түзүлгөн жекече мамиле анын көңүл буруусун багыттап жөнгө салат. Көңүл буруунун туруктуулугунун өнүгүүсүндө окуу-тарбия процесси маанилүү. Балада көңүл бурууну топтоо жөндөмдүүлүгүнүн өнүгүүсү эрктүү көңүл буруунун баштапкы формасы, алты-жети жашар балада пайда болот.



Бул куракта бала көңүл бурууну аң-сезимдүү түрдө белгилүү заттарга багыттап, ага топтойт. Бала иш-аракетте белгилүү милдеттерди чечип, аны иш-жүзүнө ашырууда эрктүү көңүл бурууөнүгөт. Мисалы, "учту-учту" деген оюнду өткөрүүдө баланын учпаган жаныбарларды, заттарды атаганда өзүнүн аракеттин контролдоосу эрктүү көңүл буруунун өсүшүнүн шарты. Эрктүү көңүл буруунун өнүгүүсү сөз көрсөтмөсүнүн компоненттеринин иш-аракетти жөнгө салышына байланыштуу.



Көңүл буруу баланын пассивдүү жана активдүү речке ээ болуусунун негизинде өнүгөт. Мектеп жашына чейинки балада эрктүү көңүл бурууну уюштуруу максатында сөздү пайдалануусу жогорулайт. Мектеп жашына чейинки баланын көңүл буруусунун өнүгүүсүнө иш-аракетине болгон кызыгуу таасир этет.



Көңүл буруунун өнүгүүсү окуу-тарбия процессинде камсыз болот. Сөз сигналынын кайталанышы өзгөчө мааниге ээ. Көңүл бурууну балада калыптандырууда оюн ыкмаларын пайдалана билүү, баланын жашоо шартын туура уюштуруу өзгөчө мааниге ээ. Ар бир балада көңүл буруунун баалуу сапаттарын өнүктүрүүдө, алардын жекече өзгөчөлүктөрүн, көңүл буруу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу керек.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)