Балдар психологиясындагы эстин өнүгүүсү

Мурда кабыл алынган кубулуштарды эске сактап, кайра чагылдыруу эстин функциясын түзөт. Эстин пайда болуп өнүгүүсүн А. Н.Леонтьев, А. А.Смирнов, П. И.Зинченко, З. М.Истомина ж. б. психологдор илимий эксперименталдык планда изилдешкен. Бул изилдөөлөрдө эрте жаш курактагы бөбөктүн жана мектеп жашына чейинки баланын эске сактоо өзгөчөлүгү аныкталат. Эрте жаш куракта бөбөктүн болуп өткөн окуяларды элестетип эске түшүрүү мүмкүнчүлүгүнүн начардыгы белгиленет. Бул курактагы бөбөктө эс процесстеринин төмөндөгүдөй өзгөчөлүктөрү аныкталган:-беш айлык бала жакын адамдардын үнүнөн таанып билет;бир жаштын аягында оң эмоционалдык реакция пайда болгондо жагымдуу музыка эсине түшөт;-бир жаштан өткөндө бөбөк жакын адамдарды бир айдан кийин кайра көрсө таанып, аны менен мамиле түзөт.

Бир-эки жашар бөбөктө эске сактоо, билүү кабыл алуу менен бирдикте өтөт;-үч жашар баланын таянып билүүсү активдешет. Мисалы, жайында барган үйүн, короо жайын тааныйт. Баланын эс процессинин кабыл алуу менен байланыштуулугу чектелет, кайра чагылдыруу активдешет.Эстин белгиленген өзгөчөлүктөрү эрксиз мүнөзгө өтөт; Эрте жаш курактагы бөбөктүн эс процессинде эске тутуунун жана кайра чагылдыруунун өнүгүүсү анын негизги жетишкендиги. Мектеп жашына чейинки балада эске тутуу жана кайра чагылдыруу ургаал өнүгүүсү мүнөздөлөт.

Бул куракта балада эс эрксиз мүнөзгө ээ. Анткени, балада дайыма эске тутуп калуу максатын белгилебейт. Эске тутуу ишмердүүлүктүн максатына байланыштуу өтөт. Эрксиз эске тутуунун сапаты заттарды, сөздү кабыл алып, ой жүгүртүүнүн баланын активдүү аракетинин натыйжасына байланыштуу.

Үч-төрт жашар балада эрксиз эске тутуп, эрксиз кайра чагылдыруу эстин негизги бир формасы. Балдарга сүрөттөрдү көрсөтүп, эстеп калуу максатын белгилегенде үч жаштагы балдар сүрөткө көз жүгүртүп, башка сүрөттү көрсөтүүсүн өтүнүшкөн же ошол сүрөткө байланыштуу өздөрүнүн эсинде калган окуяларды айтышкан. Мисалы, көпөлөктүн сүрөтүн карап бул куртка окшош деп белгилейт. Бирок бул учурда балдарда эске сактап калууга багытталган эч кандай аракеттер байкалбайт.

З. М.Истомина мектеп жашына баланын оюн, эмгек, окуу, лабораториялык шартта сөздү эрксиз эске тутуусун изилдеп, үч жашар баланын эрксиз эске тутуу максатын белгилөө мүмкүнчүлүгү калыптанбагандыгын белгилейт. Беш жаштан өткөндө бала эске сактап, кайра чагылдырууда эске тутуунун ар кандай ыкмаларын пайдаланат. Баланын эске тутуп, кайра чагылдырууда пайда болгон ар кандай мамилеси эрктүү эске тутуу процессинде толук ачылат. Эрктүү эске тутуу жана кайра чагылдыруу беш жашар балада түзүлө баштаса, ал эми алты-жети жашар балада маанилүү түрдө өркүндөйт. Эрктүү эске тутууда баланын активдүүлүгү өзгөчө мааниге ээ. Эрктүү эске түшүрүп кайра чагылдыруунун пайда болуп, өнүгүүсүндө башталып, кийин эрктүү эске тутууга өтөт.

В. С.Мухина мектеп жашына чейинки баланын эрктүү эстин ар кандай формасына ээ болууда бир нече этапты белгилейт. Биринчи этапта бала эске сактоо жана эске түшүрүү милдетин бөлүп карайт. Бала мурда кабыл алган же иш-аракеттеги ар кандай кырдаалды эске түшүрүп, кайра чагылдыруунун зарылчылыгына туш келет.

Экинчи этапта баланын алдында эске түшүрүүнүн негизинде эске сактоо милдети пайда болот, анткени ал эске сактап кайра чагылдыруунун маанилүү өзгөчөлүгүн түшүнөт. Үчүнчү этапта баланын эске сактоо жана эске түшүрүү ыкмаларына ээ болуусунда чоң кишилердин багыттап жөнгө салышы белгиленет. Балага окуп берген аңгемени же китепти сүрөтү боюнча же уккан жомогун айтып берүүнү өтүнүп, анын эске түшүрүп кайра чагылдыруусун багыттап, "анан эмне болду?", "дагы эмнелерди көрдүң?

" деген сыяктуу суроолор менен кайрылышат. Чоң кишилердин сөз көрсөтмөсү баланын эске түшүрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Бала материалды байланыштуу кайталап эске түшүрүүгө көнүгөт. Акырында бала атайын эске сактоодо зарыл аракеттерди өздөштүрө баштайт. Мындай аракеттерди өздөштүрүүсүндө баланын заттарды кабыл алып, кайра чагылдыруу маанилүү орунга ээ. Элестетип кайра чагылдыруу образдуу эстин ургаал өнүгүү шарты.

Образдуу эстин өнүгүүсүндө төмөндөгүдөй өзгөчөлүктөр мүнөздүү.1.Эске сактоонун көлөмү кеңийт. Бала заттарды жалпылыгы, окшоштугу боюнча эске сактаса, кыска түшүнүктүү ырларды уйкаштыгы боюнча образдуу кайра кайталап айтышат. Мисалы, беш жашар балдарга Т. Кожомбердиев "Бөбөктүн суроосу?":Күндүн барбы түнөгү?

Курттун барбы жүрөгү?Кубанганда бизчилеп,Күчүктөр да күлөбү? –деген ырын окуганда алар ынтаа коюп угуп, образдуу, эмоционалдуу түрдө кайра угуп, образдуу, эмоционалдуу түрдө кайра кайталап айтышат. Ушул сыяктуу кыска ыр саптарын баланын эске сактап кайра чагылдыруусу эстин өнүгүү өбөлгөсү болот.2. Кабыл алып өздөштүрүүнүн негизинде бала болжолдуу жалпы сүрөт тартуудан маанилүү образды чагылдырууга өтөт.

Мисалы, алты жашар бала "Муз үстүндө бийлеген кыз" деген сүрөттө кыздын муз үстүндөгү жай кыймылын тартканда, мурда кабыл алган образдарды кайра чагылдырат.3. Баланын эске сактап кайра чагылдыруусу системалуу жана байланыштуу боло баштайт. Мисалы, жомокторду көркөмдөп кайра айтып берүүдө окуя байланыштуу, системалуу чагылдырылат. Эс процесси балада образдуулуктан логикалуу мүнөзгө өтөт.

Эс процесстеринин жана анын түрлөрүнүн балада өнүгүүсү ой жүгүртүп, өздөштүрүү менен байланыштуу. Эстин өнүгүүсүнө иш-аракеттин мүнөзү да таасир этет. Баланын кабыл алып эске сактоосунда, көп ирет кайталап, кайра чагылдыруусу маанилүү орунга ээ. Баланын эске сактоосун уюштуруунун төмөндөгүдөй ыкмаларын А. Р.Лурия ж. б. психологдор бөлүп көрсөтүшкөн:-Маанисин муунга бөлүнгөн сөздөрдү толук маанилүү сөз менен алмаштыруу.

Мисалы, бала "на-на" дегенде "нан" деп түшүндүрүү.-Маанилүү сөздөрдү чоңдордун бир нече ирет кайталоосу.-Баланын мурунку тажрыйбасына, өздөштүргөн билимине таянып, аны кайталап, бышыктап жаңы моделди түзүү.Баланын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык оюн ыкмаларын пайдалана билүү эс процессинин өнүгүү шарты.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)