Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдар психологиясындагы эрктин өнүгүүсү

Баш барак | Психология | Балдар психологиясындагы эрктин өнүгүүсү

Эрк ички жана сырткы кыйынчылыктарды жеңүүдө адамдын жүрүм турумду, иш-аракетти аң-сезимдүү багыттап жөнгө салышы. Эрктин пайда болушунда активдүүлүктүн деңгээли маанилүү. Ички жана сырткы кыйынчылыктарды жеңүүдө жүрүм-турумду аң-сезимдүү башкаруу мектеп жашына чейинки балада пайда болот. Бул мезгилде жүрүм-турумду аң-сезимдүү башкарууда эрк аракеттери өзгөрүп өнүгөт.



И. П.Павлов аныктагандай эрк аракеттери рефлектордук мүнөзгө ээ болуп, жогорку нерв ишмердүүлүгүнүн иши менен жөнгө салынат. Психологдор А. А.Люблинская, А. В.Запорожец, В. С.Мухина ж. б.лар баллада эрк аракеттеринин өнүгүүсүндө анын өз ара байланыштуу үч жагын белгилешкен. Биринчиден, аракеттердин максаттуу багытталышы; экинчиден, аракеттердин максаты менен алардын мотивинин ортосунда мамилени белгилөө; үчүнчүдөн, аракеттерди аткарууда сүйлөөнүн жөнгө салуучу ролу артат. Бир жашка чейинки бөбөктүн максатка умтулуучу аны кызыктырган оюнчукка талпынып эмгектөөсүндө байкалат, бирок мындай аракет эрктүүлүгү менен мүнөздөлбөйт.



Кичинекей бөбөктөгү мындай аракет көрүү жана кыймыл анализаторлорунун ортосундагы убактылуу байланыштардын түзүлүшү. Беш-алты айлык баланын аракетинде оюнчукту кармалап көрүү, тууроо, тез алаксыганы жөн гана максатсыз аракеттер байкалат. Чоң кишилердин жетекчилиги бир жаштагы бөбөктүн аракеттеринин багыттуу өнүгүүсүнө таяныч болот. Эрте жаш куракта бөбөктүн каалоосу жана кызыгуусу активдешип, максаттуу аракеттер белгиленет, бирок бала тез алаксыгандыктан бул аракеттерди аткара албайт.



Баланын ээ болгон алгачкы эрктүү аракеттери, татаал эрктүү кыймылдын жана багытталган аракеттердин түзүлүшүнүн негизи. Белгилүү объектиге багытталган аң-сезимдүү аракетин С. Л.Рубинштейн алгачкы эрк актысы катары белгилеген. Бирок эрктин өнүгүүсүндө булл жөнөкөй эрк актысынын анын сапаттуу өзгөчөлүккө ээ болуусу узак аралыкта өтөт. Мектеп жашына чейинки курактагы үч-төрт жашар балада пайда болгон максаттуу аракеттер «мен өзүм», мен ойнойм» деген сөздөрдүн жардамы менен багытталып аткарылат.



Жаңы аракеттерди өздөштүрүү балада кубануу сезимин, өзүнүн мүмкүнчүлүгүн баалоону бекемдейт. Бул мезгилде балага активдүүлүк мүнөздүү болгондуктан, ал максаттуу аракеттерди аткарууда өзүнүн бардык мүмкүнчүлүгүн багыттайт. Баланын мындай аракети эркти өнүктүрүүнүн шарты. Аракеттердин максаттуу багытталып калыптанышында мектеп жашына чейинки баллада тапшырмаларды аткарууда пайда болгон ийгиликтер жана кыйынчылыктар маанилүү орунга ээ. Үч - төрт жашар балдарды максатка жетүүдө пайда болгон тоскоолдук тынчсыздандырбайт.



Беш жашар балдарда иш-аракетти аткарууда кездешкен кыйынчылык мексатка жетүүдөгү өбөлгөнү сактабайт, эгерде иш-аракет ийгиликтүү болсо бала ишти аягына чыгарат. Мындай жүрүм-турум алты-жети жашар балдардын көпчүлүгүндө сакталат, бирок айрымдары кыйынчылыкты жеңүүдө кайрадан аракеттенишет. Алты-жети жашар бала кыялдануу менен өзүн кызыктырган иш-аракетте айрым татаал аракеттерди аткарат. Мисалы, космонавт, учкуч болгонду каалаган бала күнүгө дене тарбиядан көнүгүүлөрдү аткарат, сүзгөндө, секиргенде кыйналса да үйрөнөт. Мындай күнүмдүк машыгуунун натыйжасында бала өз алдынча боло баштайт.



Балдардагы аракеттер анын каалоосу жана сезими аркылуу багытталса иштин максаты менен мотиви тура келет. Бул аткарылып жаткан аракеттин натыйжасы. Мектеп жашына чейинки баланын көптөгөн аракетинде иштин максаты менен мотивинин шайкеш келиши мүнөздүү.



Бул куракта бала тарбиянын таасири астында өзүнүн аракетинде мотивди белгилейт, бирок аракеттин максатынан четтегени байкалат. В. С.Мухина көрсөткөндөй беш-алты жашар балдар татаал жана узак иш-аракетте белек даярдоо милдети белгиленгенде өздөрүнүн аракетинде мотивдүүлүктү, чоң кишилер белгилеген максаттын негизинде, алар контролдогон учурда гана сакташат. Мындай контроль болбогондо, алардын аракети максатсыз мүнөзгө өтүп, мотивдүүлүк белгиленбейт. Ошол эле иш-аракетте беш-алты жашар балдардын аракетин өздөрүнүн курбалдаштары контролдоп, кичинекей бөбөктөргө белек даярдоо мотиви белгиленгенде алардын эрк аракеттери активдешип иштин белгиленген максаты аткарылат.



Мындай түзүлгөн кырдаалда мотивдерде карама-каршылык өтөт. Эрк аракетинде мотивдеги пайда болгон карама-каршылык, жоопкерчилик сезимине байланыштуу чагылдырылат. Баланын жашоосунда пайда болгон керектөөлөр бири-бирине шайкеш келбегендиктен мотивдин көп жактуулугун пайда кылат. Баланын жүрүм-турумунун мотиви, мотивдердин шайкеш келбегендиги инсандын аң-сезимдүү мамилесин талап кылат жана иш-аракеттин коомдук мүнөзү менен шартталат.



Иш-аракетте баланын эрк аракеттерине таасир эткен мотивдерди тандай билүү тарбия ишинин негизги шарты. Демек, мектеп жашына чейинки баланын жүрүм-турумунда жогорку коомдук мотивдин пайда болушунда социалдык чөйрөнүн жана тарбиянын таасири маанилүү. Мындай коомдук мотивдин пайда болуп калыптанышы эрк аракеттеринин өнүгүү шарты.



Эрк аракеттеринин аткарылышы речтик пландаштыруу менен байланыштуу. Үч жашар балада сүйлөөнүн таасири астында эрктүү аракеттер пайда болот. Эрк аракеттеринин калыптанышында «мүмкүн», «мүмкүн эмес» деген эки сөз сигналына карата түзүлгөн реакция чечүүчү мааниге ээ. «Мүмкүн» деген сөз сигналын тарбиячы баланын аракеттерин башкаруунун негизги каражаты катары колдонот. Бул сөз сигналынын жардамы менен тарбиячы баланы ынандырып, анын эрк актысын багыттап жөнгө салат.



Төрт-беш жашар бала үчүн чоң кишилердин сөз көрсөтмөсү туруктуу мааниге ээ болгондуктан, ал белгиленген талапка ылайык аракеттерди пландаштырууда өзүнүн речине таянып, аракеттерди багыттап түшүндүрүүгө аракеттенет. Ал эми алты-жети жашар бала аракеттерди пландаштырууда татаал сөз инструкциясынын натыйжасында өзүнүн аракеттерин багыттайт. В. А.Горбачева өзүнүн изилдөөсүндө баланын эрк аракеттерин багыттап жөнгө салууда анын каалоосунун жана мүмкүнчүлүгүнүн зарылчылыгын белгилеген. Эрк аракеттеринин калыптанышында чоңдордун талабы баланын жаш жана жекече өзгөчөлүгүнө ылайык багытталат. Эрк аракеттеринин калыптанышында иш-аракеттеги мотиввдүүлүк өзгөчө мааниге ээ. Мектеп жашына чейинки балада жүрүм-турумдун сөз инструкциясы менен жөнгө салынышы эрк аракеттерин калыптандырат.



Балдар бакчасында окуу-тарбия ишин туура уюштуруу баланын өз алдынчалыгын, жоопкерчилигин өнүктүрүүнүн эрк аракеттеринин калыптаныш шарты. Эрк аракеттерин калыптандырууда балага коюлган талаптарды ырааттуу түрдө татаалдаштыруу зарыл. Иш-аракетте баланын белгиленген милдетин, талаптын негизинде өзүнүн аракеттерин жөнгө сала билүүсү, анын эрк аракеттеринин өнүгүү өбөлгөсү. Баланын жүрүм-турумунда эрктүүлүктү тарбиялоо, аны мектептеги окууга даярдоо менен чектелбестен анын өнүгүүсүн камсыз каалоо.

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 988, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо