Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Балдар психологиясы

Балдар психологиясы баланын пренталдык мезгилинен баштап, мектепке чейинки курактагы балдардын өнүгүү мыйзам ченемдерин негизги изилденүүчү көйгөй (проблема) катары кеңири чагылдырат. Бул окуу куралы «Возрастная психология» типтүү программанын негизинде иштелип чыккан. Балдар психологиясында анын предмети, изилдөө методологиясы жана ыкмалары илим катары өнүгүү тарыхы, балдар психологиясынын Кыргызстандагы өнүгүүсү, баланын ар бир жаш курагында психологиялык функцияларынын өнүгүшү жөнүндө жалпы түшүнүк жана башка теориялык, практикалык көйгөйлөр (проблемалар) ачылып берилди. Жарык дүйнөгө келген ымыркайдын бир жашка чейинки, эрте жаш курактагы бөбөктөр, мектеп жашына чейинки балдардын психологиясынын өнүгүү өзгөчөлүгүн ачып берүүдө Л. С.Выготский, Д. Б.Эльконин, А. В.Запорожец, В. С.Мухина ж. б. психологдордун илимий эмгектерин пайдаландык. Кыргызстанда балдар психологиясынын тарыхый өнүгүү этаптары, мектеп жашына чейинки балдардын психикалык процесстеринин өнүгүүсү жана Н. Н.Палагина, Ж. Жумалиева, Т. А.Конурбаев, К. М.Кожогелдиева ж. б. психологдордун илимий-изилдөөлөрүнүн, окуу куралдарынын негизинде берилди. Баланын психикасынын өнүгүү өзгөчөлүгүн изилдөө, мектеп жашына чейинки балада сындык ойдун пайда болуп калыптанышында кыргыз элдик мурас болгон жаңылмачтардын, апыртмалардын, табышмак жана макалдардын тийгизген таасири Ж. Жумалиева жана К. М.Кожогелдиеванын илимий иштеринин негизинде берилди.



Бул окуу куралында Т. А.Конурбаевдин монографиясын илимий-практикалык багытта ачып берүүгө аракеттендик. Балдар психологиясы боюнча түзүлгөн окуу куралын кайрадан толуктап, иштеп чыгуунун зарылчылыгы кыргыз тилинде илимий адабияттардын, окуу китебинин жана кошумча адабияттардын жетишсиздиги менен түшүндүрүлөт. Экинчиден балдар психологиясынын негизги теориялык, практикалык суроолорун Кыргызстандын психологдорунун илимий-практикалык изилдөөлөрүнүн негизинде толуктоонун зарылчылыгы пайда болду.



Балдар психологиясын окуган окурман баланын психологиясынын өнүгүүсүнө төрөлгөн күндөн эмес, түйүлдүк учурунан баштап көңүл буруунун зарылчылыгын түшүнөт. Балдар психологиясынын предмети, мааниси жана милдеттери. Балдар психологиясы баланын психикасынын өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн жана фактыларын үйрөтүүчү илим.



Ымыркай мезгилден, мектеп жашына чейинки куракта баланын психикасын, жашоо шартын, кыймылдаткыч күчүн, себептерин, айрым психикалык процесстердин өнүгүүсүн, ар түрдүү иш-аракетте (оюн, эмгек, окуу), инсандык сапатынын калыптанышын изилдөө балдар психологиясынын предмети болот. Балдар психологиясы коомдун мүчөсү катары баланын жарык дүйнөгө келген күнүнөн тартып, мектеп жашына чейинки мезгилдеги психикасынын өнүгүү мыйзам ченемдүүлүгүн ар кандай баскычта изилдейт. Баланын психикасынын өнүгүүсү балдар психологиясында алардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык түшүндүрүлөт. Кичинекей ымыркайдын жарык дүйнөгө келиши, эң алгач эненин кам көрүүсү, мээрими, азыктандыруусу анын жашоосунун негизги шарты болуп саналат. Ымыркайдын коомдун мүчөсү катары өсүп жетилүү процессинде анын психикасы өнүгүп татаалдашып объективдүү чындыкты чагылдыруусу өркүндөйт.



Мындай диалектикалык-материалисттик түшүнүккө балдар психологиясынын предметинин ылайык келиши, психиканын өнүгүүсүн изилдөөдө курактык өнүгүү менен чектелбестен өнүгүүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн аныктоодо баланын иш-аракети, жашоо шарты, айлана-чөйрөсүндөгү адамдар менен болгон мамилесине байланыштуу карайт. Балдар психологиясында баланын психикасынын өнүгүүсү детерминизм принцибинин негизинде түшүндүрүлөт. Мунун натыйжасында психикалык процесстердин өнүгүү деңгээли, анын себептери чечмеленет. Баланын өнүгүүсүн камсыз кылган ар кандай шартты, факторлорду өз ара байланыштуу карап, анализдөө диалектикалык мамилени талап кылат.



Ошондуктан балдар психологиясында баланын активдүүлүгүн, карым-катнаштагы чоңдордун үлгүсүн окуу-тарбия процессинде бирдиктүү иш жүзүнө ашырылышы өнүгүүнүн фактору боло алат. Баланын психикасынын өнүгүү мыйзам ченемдүүлүгүн психологдор Л. С.Выготский, С. Л.Рубинштейн детерминизм принцибинин негизинде изилдешкен. Балдар психологиясында өнүгүү принциби негизги принцип катары белгиленип, психикалык филогенетикалык жана отногенетикалык өнүгүүсүн түшүндүрүүдө өзгөчө маанилүү.



Психология илиминде теориялык жана методологиялык жактан өнүгүү принциби Л. С.Выготскийдин эмгектеринде чагылдырылган. Демек балдар психологиясы психиканын онтогенезде өнүгүүсүндө психиканы материалисттик түшүнүккө аң-сезимди тарыхый жана диалектикалык түшүнүүгө негизделет. Психиканын өнүгүүсүндө баланын бир мезгилден экинчи мезгилге өтүшүнө мүмкүндүк берүүчү ички кыймылдаткыч күч белгиленет. Бул жаңы аракеттер менен мурунку аракеттердин ортосунда пайда болгон карама-каршылык.



Мисалы, бөбөк заттардын, кубулуштардын сырткы сапатын чагылдыруу менен чектелбестен, аны таанып-билүүнүн ыгын өздөштүрүүгө умтулат. Мындай аракет баладан жаңы акыл аракеттеринин системасын талап кылат. Мунун натыйжасында мурда өздөштүрүлгөн практикалык аракеттен, өнүгүүнүн жаңы баскычында иш-аракетти аткаруудагы ык, машыгуулардын ортосунда карама-каршылык түзүлөт. Мындай өзгөчөлүк балада практикалык жана акыл аракеттерин өздөштүрүүдө пайда болот. Карым-катнаштын ар кандай системасында баланын өнүгүүсүндө да карама-каршылык пайда болушу байкалат.



Демек психиканын өнүгүүсү диалектикалык мамиленин натыйжасында аныкталат. Баланын психикасынын мыйзам ченемдүүлүгүн Д. Б.Эльконин, А. В.Запорожец, А. А.Люблинская, В. С.Мухина ж. б. изилдешкен. Мунун негизинде балдар психологиясында атайын изилдөөлөрдүн чөйрөсү кеңиди. Өнүгүүнүн жаңы законун билүү, баланын психикасынын өнүгүүсүн изилдөө, балдар психологиясынын берилгендерин илимий түшүүнүн шарты катары каралат.



Баланын өнүгүүсүнүн жалпы законун окуп үйрөнүү, анын аң-сезиминин өнүгүүсүн, инсандык сапаттарынын калыптанышын багыттап жөнгө салууда маанилүү. Баланын инсандык сапаттарын, өнүгүү өзгөчөлүгүн түшүнө билип мамиле жасоодо тарбиячы жана ата-эне балдар психологиясынын илимий негиздерин өздөштүрүп түшүнө билүүсү зарыл. Балдар психологиясы жалпы психология менен байланыштуу. Анткени адамдын психикасы жөнүндө түшүнүк, психикалык процесстер, инсандык касиеттер жана жекече типологиялык өзгөчөлүктөр жалпы психологияда илимий түрдө берилген. Мисалы, кабыл алуунун предметүүлүгүн, анын маанисин, жалпы механизмин түшүнгөндө гана аны жаш өзгөчөлүккө байланыштуу ачып берүүгө болот.



Ошондуктан баланын өнүгүүсүн, айрыкча анын айлана-чөйрөнү таанып-билүүсүн изилдөөдө балдар психологиясы жалпы психологиянын теориялык негизине таянат. Балдар психологиясы анатомия жана физиология менен да байланыштуу. Айрыкча баланын нерв системасынын жана жогорку нерв ишмердүүлүгүнүн өнүгүүсүн үйрөнүүдө анатомиянын жана физиологиянын жетишкендиктерин түшүнө билүү маанилүү. Балдар психологиясы педагогика менен байланыштуу. Педагог психологиялык билимге муктаж болсо, психолог баланын психикасынын өнүгүүсүн изилдөөдө, белгиленген милдеттерди чечүүдө педагогиканы билүүгө тийиш.



Анткени, баланын психикасынын өнүгүүсү окуу процессинде өтөт. Демек, балдар психологиясынын изилденүүчү объектисин педагогикадан бөлүп кароого болбойт. Балдар психологиясы окуу-тарбия ишин уюштурууда маанилүү орунга ээ. Мектеп жашына чейинки баланын психикасынын өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн түшүнүү окуу-тарбия ишинин деңгээлине таасир этип, анын эффективдүүлүгүн арттырат.



Балдар психологиясын, өнүгүүнүн жалпы законун үйрөнүү менен ата-эне, тарбиячы баланын аң-сезиминин өнүгүүсүн, инсандык сапаттарынын калыптанышын багыттап жөнгө салат. Өнүгүүнүн жалпы законун билүү окуу-тарбия процессинде балага туура мамиле жасоонун шарты. Баланын ой-жүгүртүүсүн, эс, кабыл алуу ж. б. психикалык процесстерин калыптандырууда анын билимин, мүмкүнчүлүгүн, каалоосун, жекече өзгөчөлүгүн эске алуу зарыл. Балдар психологиясынын илимий негиздерин өздөштүрүү менен тарбиячы жана ата-эне баланын психикасынын өнүгүүсүн, инсандык сапаттарынын калыптанышын багыттап жөнгө салып, тарбиялайт.



Ошондуктан балдар психологиясынын теориялык жана практикалык маанисин түшүнө билүү маанилүү. Балдар психологиясында төмөнкү теориялык жана практикалык милдеттер белгиленген:1.Баланын психикасынын өнүгүү шартын, себебин аныктаган жана жаш өзгөчөлүгүнө ылайык илимий изилдөөлөрдү жана балдар психологиясы боюнча окуу куралдарында берилген материалдарды өздөштүрүү.2.Баланын психикасынын өнүгүүсүн камсыз кылуу жана активдештирүү.3.Баланын психикасыныни өнүгүүсүндө, анын жаш курагына ылайык билимдерди өздөштүрүүсүн багыттап жөнгө салуу.4.Баланын айрым иш-аракетинин пайда болушу жана түзүлүшү жөнүндө: оюн, эмгек, окуу иш-аракеттеринин жаш өзгөчөлүгүнө ылайык өнүгүүсүн изилдөө.5.Баланын кызыгуусун, жоопкерчилигин өз алдынчалыгын ж. б. инсандык сапаттарын активдештирип калыптандыруу.6.Балдар психологиясынын жетишкендиктерине таянып, педагогдун баланы туура түшүнүп этияттык менен мамиле жасоосу.Белгиленген милдеттерди иш жүзүнө ашыруу тарбиячынын психология илиминин берилгендерин өздөштүрүп, аны тарбия ишинде пайдалана билүүсү менен байланыштуу өтөт. Балдар психологиясын өздөштүрүү менен тарбиячынын ар кандай иш-аракетте баланы инсан катары калыптандыруусу тарбия ишинин эң негизги жагы катары каралат.



Тарбиячы окуу иш-аракетинде мектеп жашына чейинки баланын таанып-билүү процесстерин: кабыл алуусун, эс, речин, ойдун өнүгүүсүн ж. б. активдештирүү менен баланын акыл-эсин калыптандырып, теориялык жана практикалык милдеттерди иш жүзүнө ашырат. Психиканын өнүгүү мезгилине байланыштуу ымыркайдын, эрте жаш курактагы бөбөктүн, мектеп жашына чейинки баланын жекече жана жаш өзгөчөлүгүн туура түшүнүп, окуу-тарбия ишин жөнгө салууда белгиленген теориялык жана практикалык милдеттерди чечүү маанилүү орунга ээ. Бул милдеттердин илимий жана практикалык багытта чечмеленип, жаңы эксперименталдык изилдөөлөрдүн негизинде толукталышы психиканын өнүгүү шартын жана психология илиминин берилгендерин өнүктүрөт. Баланын активдүүлүгүн, мүмкүнчүлүгүн, каалоосун, өнүгүү өзгөчөлүгүн багыттап жөнгө салууда, белгиленген милдеттерди иш жүзүнө ашырууда, балдар психологиясынын ыкмаларын илимий багытта пайдалана билүү зарыл.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)