Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Балбекин Александр Романович

Балбекин, Александр Романович - балдар жазуучусу, драматург. 1943-жылы 1-октябрда Тамбов облусунун Мордва районунун Мельгун айылында туулган. 1961-жылы Алма-Атадагы орто мектепти бүтүрүп, ошол эле жылы Алма-Ата жаш көрүүчүлөр театрынын көмөкчү курамына кабыл алынат.

1962-жылы Тамбов облустук театрына караштуу МХАТ студиясына сырттан окууга өтүп, жана 1965-жылга чейин окуу менен актерлук ишмердүүлүктү бирге алып жүрөт. 1968-жылдан Кыргыз Республикасынын Н. К. Крупская атындагы орус драма театрында, 1969–1974-жж. А. С. Пушкин атындагы Красноярск драма театрында иштейт. 1974-жылдан кайрадан Н. К. Крупская атындагы драма театрында иштеп, «Рампа» Кыргызстандын артисттерине көмөк көрсөтүү фондусун жетектейт. Балбекин театрлар үчүн пьесаларды, балдар үчүн китептерди жана роман жазган.

Анын «Сүйүү жөнүндө үч новелла» деген пьесасы 1996-жылы Н. К. Крупская атындагы орус драма театрында коюлган. 1994–1995-жж. «Түштүк курьери» гезитинде «Ал аны сүйгөн» романы жарык көргөн.

1980–1984-жж. Пицунда, Ереванда, Пярнуда Розова, Мирошниченко, Ворфаламеева, Т. Абдумомуновдордун жетекчилиги астында Республикалык чыгармачылык үйүндө драматургия боюнча адабий семинарларга катышкан. 1996-жылы Долбоорлорду иштеп чыгуу жана менеджмент боюнча курсту (ЮСАИД) аяктаган.

Өзүнүн пьесасы боюнча «Батуттагы жомоктор» спектакли менен Санкт-Петербург шаарында Эл аралык эркин искусство фестивалына катышкан.

1990-жылдан Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти.

1993-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Про Топа и про Типа. Рассказ. – Ф.: Мектеп, 1981. – 17 с.

Про Топа и про Типа. Сказка. – Ф.: Мектеп, 1981. – 19 с.

Приключения Букваренка. Повесть-сказка. – Ф.: Мектеп, 1986. – 48 с.

Незамеченные слезы. Рассказы, повести. – Б.: Адабият, 1986.– 48 с.

Он ее любил. Роман. – Б.: Южный курьер, 1987–1988. – 96 с.

Три новеллы о любви. – 1996.

Август – время отпусков. –1997.

Лифт. –1997.

Фантазия, любовь, бананы. – 1998.

Фрески из книги царств. – 1999.

Калейдоскоп. – 2000.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)