Балбалдар

Байыркы түрктөр мүрзө жанына орноткон таш статуялар, айкелдерин балбалдар же балбал таштар деп аташкан. Бул ар негизинен 6-кылымдан баштап Орто Азияны жана Казакстанды түрк тилиндеги уруулар мекендей баштаган мезгилдерде коюла баштаган. Мындай таш келбеттер Кыргызстандын, Казакстандын, Моңголиянын, Туванын, Түштүк Алтайдын көп жерлеринен, ошондой эле Украинанын, Россиянын Волга боюндагы талааларынан табылганы белгилүү. Революцияга чейинки Россияда мындай эстеликтерди каменные бабы, каменные изваяния, каменные истуканы деп аташкан. Кыргыздар буларды калмак таш, казактар тас мусиндер, алтайлыктар кижи таш, тувалыктар кижи көжээ (чачтуу киши), монголдор чулуун хун деп айтышат. Таш балбалдар жөнүндө эң алгачкы маалымат 18-кылымдагы саякатчы В. Рубруктун калемине таандык. Ал чыгыштын көп өлкөлөрүндө болгон. Орустун түштүк талааларында жашашкан көчмөн уруулардын, башкача айтканда, кыпчактардын арасында болгон кезде (ал уруулар половецтер же командар деген ат менен да белгилүү) ошол элдердин өлүк коюу үрп-адатына күбө болгон экен. Ал минтип жазган: Командар өлгөн кишинин мүрзөсүнүн үстүнө чоң дөбө үйүп, чыгыш жакты каратып, колуна идиш (кубок, чөйчөк) карматкан статуя-айкел орнотушат экен.

Чынында эле эстеликтер ар кандай чегилип, көбүнчө оң колуна чөйчөк, сол колуна кылыч же шамшарды, ошондой эле кур да жасагандыгы белгилүү. Курунда ошол кезде эң керектүү деп эсептелген оттук таш жана башка майда буюмдарды салчу баштыкчалары болгон. Бир катар эстелик-балбалдарда мурутун, сакалын жасап койсо, башкаларында кулактарына сөйкө илип, чач койдуруп, аркасын көздөй коё бердирип, белине чейин жетип турганын чегип жасашкан. Мындай эстеликтерди коюу адаты Казакстан, Орто Азия элдеринде ислам дини тарай баштаганга чейин жашап келген.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)