Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Баланын торолуу мезгили

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Баланын торолуу мезгили

Бир жаштан үч жашка чейин баланын торолуу мезгили болуп эсептелинет. Бул учурда бала көп сөздөрдү түшүнүп, сүйлөй баштайт, айлана - чөйрөнү баамдаганга аракет кылат. Үзгүлтүксүз такай кыймылдоо денесинин булчуңдарынын өсүшүнө, сөөктөрдүн бекемдешине алып келет. Балдар көптөгөн көнүмүштөргө, өзүн-өзү тейлөө ыкмаларына үйрөнөт, анткени бир жаш эки-үч айдан баштап балада эске тутуу жөндөмдүүлүгү пайда болот. Сүйлөй баштагандан тартып жөнөкөй ырларды үйрөтүп, жөнөкөй жомок айтып бериш керек. Бара - бара жатка айтып берүүсүн талап кылыш зарыл. Бул дагы эске тутуунун маанилүү ыкмасы. Балдарга оюн иретинде сөздөрдү кайталаса, ал бат эле эске тутуп алат.

Бир жарым жаштан баштап балага ар нерсени так атап маектешүү керек, мурунку көп буюмдарды бир сөз менен атап койгон көнүмүштү жоготуу керек. Оюнчуктарды дагы ой жүгүрткөнгө, аң сезимин өөрчүткөнгө пайдалуулугуна карата алып бериш керек. Ушул мезгилде бала өзүн-өзү тейлөөнү үйрөнө баштайт: кашык кармаганды, кийимин кийгенди, колун жууганды ж. б. Ата-эне баланын өз алдынча аракеттерине тоскоол кылбай, көзөмөлдөп жана керек болгондо гана жардам бериши, же оңдоп, мактап коюшу пайдалуу иттт. Мүмкүн болушунча баланы күн тартибине көндүрүү керек. Тамактануу убактысы, уктоо убактысы бир маалда болуушга тийиш. Уйкусу канбаса, же курсагы ач болсо бала чырдап ыйлайт.

Ал бара-бара көнүмүшкө айланат. Мүмкүн болсо баланын көңүлүн башкага буруп, алаксытып сооротсо болот. Күн тартибине көнүү балага жана ата-энеге ыңгайлуу. Эгерде буга чейин ата-эне негизинен баланын муктаждыгын канааттандырган болсо, ушул мезгилден тартып ата-эне, тегерегиндеги туугандары балага алгачкы коомдук тажрыйбага, кишилердин ортосундагы алака - мамиле түзүүгө үйрөтөт. Бала учурашканды, ырахмат айтууну, суроо берүүнү, жооп берүүнү үйрөнөт.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 1188, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу