Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Баланын мектептеги окууга даяр болушунун психологиялык суроолору

Баланын мектептеги окууга даяр болушу анын анатомо-физиологиялык өзгөчөлүгү жана психикасынын өнүгүүсү менен аныкталат. Организмдин анатомо-физиолгиялык жактан кайра түзүлүшү баланын окуу иш-аракетине катышуусун жана инсандык көптөгөн өзгөчөлүктөрүнүн калыптанышын камсыз кылат. Бул мезгилде баланын мээсинин түзүлүшүндө сапаттуу өзгөрүүлөр өтөт. Нерв процессинде: козголуу жана тормоздоодо өзгөрүү байкалат, тормоздук реакциянын мүмкүнчүлүгү артат. Мунун натыйжасында балада бир катар эрк сапаттарынын калыптанышынын өбөлгөсү пайда болуп, анын өз алдынчалыгы, белгиленген талаптарга баш ийүү жөндөмдүүлүгү жогорулайт. Нерв процесстеринин кыймылдуулугу жана тең салмактуулугу чоң кишилердин койгон талабына, шартка байланыштуу баланын жүрүм-турумун өзгөртүүгө жардам берет, булл анын жашоосунун жаңы этабында, мектептеги окуусуна маанилүү.



Ошондуктан мектеп жашына чейинки баланын анатомо-физиологиялык өзгөчөлүгүн эске алуу, аны билүү зарыл. Мектеп жашына чейинки куракта баланын организми өнүгүү стадиясына ээ, баланын сөөгү, булчуңу ийкемдүүлүгү менен айырмаланат. Алты жашар баланын бою өсөт, салмагы кошулат, майда булчуңдар жай өнүгөт. Мектептеги окуу-тарбия процессин уюштурууда мугалим баланын нерв системасынын касиетин эске алып, психикалык абалын контролдоо менен баланын окууга болгон жөндөмдүүлүгүн багыттап жөнгө салат. Баланын мектептеги окууга даяр болушун психикасынын өнүгүүсү, таанып-билүү сферасы аныктайт.



Психологдор А. А.Люблинская, А. В.Запорожец, Н. П.Поддъяков, В. Г.Мухина ж. б. баланы мектептеги жаңы турмушка даярдоодо бир катар багыттарды бөлүп карашкан. Эң маанилүү инсандык даярдык. Баланын мектептеги окууга болгон кызыгуусу, анын мотивациялык сферасынын калыптанышына таасир этет.



Бул куракта бала өзүнүн мүмкүнчүлүгүн баалооодо окуу иш-аракетине тиешелүү ыкмаларды аткарууну белгилейт. Экинчиден, баланын жүрүм-турумунун калыптанышы анын жыйнактуулугун, аракеттерди пландаштырууга умтулуусу, өзүн контролдой билүүсү менен мүнөздөлөт. Мектепке барар алдында бала өзүнүн эрк аракеттерин башкарып жөнгө салууга көнүгө баштайт.



Мындан тышкары талап кылынган аракеттерди аткарууда өзүн контролдоо мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Баланын жүрүм-туруму инсандык ички шартталган мүнөзгө өтөт. Мектепке чейинки баланын таанып-билүү иш-аракетине болгон даярдыгы аларда түзүлгөн сандуу элестөө жана түшүнүк менен эмес, ойдун деңгээли, ойлоо процесстери, анализдей билүү корутундулоо, салыштыруу менен аныкталат.



Психолог Н. Н.Поддъяков алты жашар баланын логикалык ойлоосунун калыптануусун изилдеп, төмөндөгүдөй өзгөчөлүктөрдү белгилейт. Эгерде төрт жашар бала белгиленген милдеттерди чечүүдө анын себебин түшүндүрө албаса, алты жашар бала белгиленген милдеттерди чечүүдө ой жүгүртүп, ой корутундусун түзөт. Ш. А.Амонашвили (2) алты жашар баланын мектептеги окууга даярдыгын ойлоонун калыптанышы, берилген суроонун багыттуулугу, маанилүүлүгү жана оюн ыкмаларын пайдалана билүү менен байланыштуу изилдеген. Ойлоонун өнүгүүсүндө: өнүгүү шартын жана өнүгүү булагын ажырата билүү маанилүү, - деп көрсөткөн.



Өнүгүү шарты: айлана-чөйрөнүн таасири тарбия, окуу каражаты, оюн ыкмалары. Өнүгүү булагы: ички карма-каршылык баланын каалоосу жана мүмкүнчүлүгү. Бала айлана-чөйрөдөгү кубулуштардын маанилүүлүгүн көрүп, анын ичинен өзү таанып билген заттарды ажыратууга умтулат. Алты жашар баланын таанып-билүүгө умтулуусу анын акыл иш-аракетин активдештирет. Бул куракта сенсордук өнүгүү туюу жана кабыл алуу ойлоого караганда интенсивдүү өнүгөт.



Сенсордук процесстин калыптанышында заттардын айрым касиеттерин чагылдыруу, анны ажырата билүү, туура түшүнүк алуу маанилүү. Алты жашар балада жаңы маанилүү сенсордук жөндөмдүүлүк калыптана баштайт. Анализаторлордун иши, практикалык аракеттер маанилүү орунга ээ. Салыштырмалуу айтканда үч жашар бала перцептивдүү аракеттерди өздөштүрүүгө умтулса, алты жашар бала перцептивдүү аракеттердин татаал системасын өздөштүрүп, заттардын сапаттуу өзгөчөлүгүн кабыл алып анализдейт.



Мисалы, заттардын көлөмүн, салмагын, окшоштугун, айырмачылыгын ажыратат. Алардын сөз байлыгы артат. Мектеп жашына чейинки балада көрүү аркылуу кабыл алып кайра чагылдыруу ургаал өнүгөт.



Алты жашар баллада узак жана кыска убакытка, эрктүү эске сактоо активдешет. Эс процессинин өнүгүүсү баланын окууга болгон жөндөмдүүлүгүнө таасир этет. Мектеп жашына чейинки балада окуу иш-аракетинин башталышында интеллектуалдуу активдүүлүк билимге умтулуу байкалат. Психолог Л. С.Выготский баланын окууга психологиялык жактан даяр болушун сандуу жыйынды катары карабастан, ойлоонун сапаттуу өзгөчөлүгүнүн чагылдырылышы катары көрсөткөн. Балдар бакчасында жүргүзүлгөн эксперименттин негизинде В. С.Мухина баланын интеллектуалдуу жөндөмдүүлүгүн багыттап, ички дүйнөсүн байытуу мектептеги окутуунун негизги максаты деп белгилеген.



А. А.Люблинская алты жашар баланын ой процессинин өнүгүүсүн сүйлөө менен байланыштуу караган. Тарбиячынын балдарга берген суроосунун тактыгы менен ойлоосун багыттап жөнгө салып, акыл аракетин активдештирүү жөндөмдүүлүгүнө ээ деп белгилейт. Ал өзүнүн изилдөөсүндө «бул эмне?»- деген суроого бала үстүртөн жооп кайтарса, «эмне үчүн?», «кандайча?



», «ойлонуп көрчү?» - деген суроолор баланы заттардын, кубулуштардын ички себебин анализдеп, түшүндүрүүнүн каражаты катары кызмат кылат деп аныктаган. А. А.Люблинская (28) баланын мектептеги окууга болгон даярдыгында төмөндөгүдөй көрсөткүчтөр менен аныктаган: 1. Баланын мектептеги окууга даяр болушу мектеп жашына чейинки баланын ар кандай ыктарга, практикалык аракеттерге ээ болуусу.2. Ойлоонун жана сүйлөөнүн өнүгүүсүнүн белгилүү деңгээлге жетиши.3. Эрк сапаттарынын пайда болуп калыптанышы.4.Жаңы нерселерге болгон кызыгуунун жана керектөөнүн активдүүлүгү.5.Баланын билимдин белгилүү жыйындысына ээ болушу.Психологияда окуу иш-аракетинин татаалдашы, жашоо шарттын жана иш-аракеттин өзгөрүшүнүн натыйжасында мектептеги окуунун алгачкы учурунда балада пайда болгон айрым өзгөчөлүктөр белгиленген: - Баланын жашоо шартынын мазмуну өзгөрөт. Баланын бакчадагы режими бузулат, оюн аракеттери азаят, балдар коллективи өзгөрүп жаңы окуучулар коллективи түзүлө баштайт.



Мектептеги окуунун мазмуну татаалдашат, анын бир түрдүүлүгү мектептеги окууга мугалимдин койгон талабынын формасы жана мазмуну өзгөрөт. - Мугалим менен баланын өз ара мамилесинин өзгөчөлүгү балдар бакчасындагы тарбиячынын мамилесинен айырмаланат. Тарбиячынын мамилеси жөнөкөйлүгү, жакындыгы, күнү бою бала менен ар кандай шартта бирге болушу менен мүнөздөлсө, мугалим мамиле түзүүдө мындай мүмкүнчүлүккө ээ эмес.



Педагог менен окуучунун ортосунда жакын ишенимдүү мамиле түзүлүш үчүн убакыт зарыл. - Баланын абалынын кескин түрдө өзгөрүшү. Мектепке даярдоо группасында балдар көптөгөн милдеттерди аткарып өздөрүн чоң сезишип, кичинекей үч-төрт жашар бөбөктөрдү кийинтип, тарбиячыга жардам көрсөтүшөт. Мектепке барганда алар эң кичине болуп, балдар бакчасындагы абалы өзгөрөт.



Бул окуучунун жаңы абалга ылайыкташып көнүгүүсүн татаалдаштырат. Мектепке келген алгачкы учурда алардын көңүл буруусу тардыгы жана туруксуздугу менен баланын мектептеги окууга даяр болушу мунөздөлөт. Бала мугалимдин иштеген ишине карап, айланасындагы башка нерселерди байкабайт. Тапшырманы аткарууга алаксып, белгиленген милдеттерден алыстап, каалаганын иштейт. Капысынан пайда болгон дүүлүктүргүч баланы тез алаксытат.



Мисалы, жакшынакай карандашты көргөн класстын окуучусу ордунан туруп, басып барып аны алат. Бул куракта бала курбалдаштары менен мамиле түзүүдөн тартынгандыгы байкалат. Мектеп жашына чейинки баланын мамиле түзүүдөгү тажрыйбасын жана билимин жаңы шартта пайдалана албагандыгы мүнөздүү.



Сабакта, танаписте алар мугалимге айланчыктап, ойногонго же өздөрүнө мугалимдин өзгөчө көңүл буруусуна муктаж. Мындай өзгөчөлүктөр баланын психикалык абалына таасир этет. Баланын класстагы окуучулар менен мамилеси татаалдашат. Бала окуучулар коллективинин өзгөчөлүгүн кабыл алууга даяр эмес.



Жолдоштору менен болгон мамиле анын эмоционалдык абалына байланыштуу өтөт. Мындай психологиялык абал баланын жекече сапатына жана жогорку нерв ишмердүүлүгүнүн тибине байланыштуу өтөт. Мугалим биринчи класста окуу-тарбия процессин уюштурууда баланын инсандык сапаттарын, психологиялык өзгөчөлүгүн билип эске алуу зарыл. Ал класс коллективинин уюштурууда ар бир баллада нравалык, этикалык сапаттарды тарбиялоого жана алардын коллективде иштөөгө үйрөтүп, уюштуруучу жана контролдоочу функцияларды бөлүштүрүп билүүгө тийиш. Ошондуктан биринчи класстын мугалиминин алдында төмөндөгүдөй милдеттер белгиленет:1. Окуу-тарбия процессинде оюн ыкмаларын кеңири пайдалануу.2. Биринчи класстагы окуучулар ар кандай мамиленин өзгөчөлүгүн сактай билүүгө тийиш.3. Балага этияттык менен жекече мамиле жасап, ар бир окуучунун жекече өзгөчөлүгүн көрө билип, анны окуу-тарбия процессин уюштурууда эске алуу.4. Баланын мектептеги окууга болгон даярдыгынын негизинде окуу процессин багыттап жөнгө салуу.5. Окуу процессиндеги балага берилүүчү теориялык-практикалык түшүнүктөрдү тактоо.6. Мугалимдин педагогикалык ишинде биринчи класстын балдарын окутуунун оптималдык шартын чыгармачылык түрдө изденүүсү.



Биринчи класстагы баланын окуу материалынын өздөштүрүүсүндө оюн ыкмалары, сабактагы мамиле эмоционалдык шарт катары каралат. Баланын окууга болгон жөндөмдүүлүгү окуу процессинин уюштурулушуна, окутуунун мазмунуна, окууга болгон кызыгуусуна байланыштуу пайда болуп калыптанат. Баланын окууга болгон жөндөмдүүлүгүн тарбиялоодо оюн элементтерин пайдалануу маанилүү.



Окуу процессинде баланын эмоционалдык абалын, темпераменттин түшүнө билүү анын инсандык сапатын калыптандыруунун шарты. Мугалим окуу тарбия процессин уюштурууда баланын жаш өзгөчөлүгүн, мүмкүнчүлүгүн, жалпы жана жекече өнүгүү деңгээлин эске алат. Баланын биринчи класска окууга барышы анын балалык курагындагы жашоосунун жаңы баскычы.



Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)