Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балама

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Балама

Сөзү Э. Ибраевдики
Обону Э. Маданбековдуку

Көлөкөлөп көңүл ачарым,
Берекелеп жарпым жазарым,
Бал татыган балдыр тили бар,
Балам бактым, балам базарым.

Кайырма
Алдей ай, бөпөм ай,
Балам бактым, балам базарым.

Катылган сыр ойду ачарым,
Каткырыгын көңүл ачарым.
Картайганда арка-бел болор,
Кагылайын, орун басарым.

Алдей ай, бөпөм ай,
Кагылайын, орун басарым.

Көңүл тото кылган медерим,
Көзүмдөгү эки карегим,
Канттан таттуу, гүлдөн жыты артык,
Кандан чыккан, асыл данегим.

Алдей ай, бопом ай,
Кандан чыккан, асыл данегим.

Сагынганда жетер кулачым,
Самаганда жыттар кубатым.
Башкаларга эч бир алмашпас,
Бар байлыгым, мүлкүм, мурасым.

Алдей ай, бопом ай,
Бар байлыгым, мулкум, мурасым.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 4078, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу