Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бала жыты

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Бала жыты

Созу С. Абдыкадырованыкы
Обону К. Эралиеваныкы

Too гүлүндөй жытынан тегеренем,
Чарк айланып бала үчүн эбеленем.
Отко, сууга канаты кайрылса да,
Түтөт тура баарына эне деген.

Кайырма:
Кумарланам ан сайын,
Кумарланам ан сайын.
Жытынан искеп, жытынан искеп,
Садагам деп айдайым,
Садагам деп күндөйүм
Апакен алкап.

Ак сүйүүдөн жаралган наристеби,
Аппак ууздай таптаза периштеби.
Бала деген журокту толгоп турган,
Кандай ыйык ал сезим деги ичтеги?

Кайырма:

Мен эненин бир эрке баласы элем,
Өтөт тура зуулдап өмүр деген.
Мына бүгүн мен өзүм эне болуп,
Эзилишип олтурам балам менен.

Кайырма:

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 1967, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо