Бака жалбырак

Бака жалбырак — көп жылдык чөп өсүмдүк. Жер бетинде кеңири таралган. Кыргызстандын бардык жерлеринде кездешип, айрыкча арык жээктеринде, жол бойлорунда, тоо этектеринде, жайытта өсөт. Жалбырагы дарылык касиетке ээ. Андан плантаглюцид дарысы даярдалып, ичеги-карын оорусунда (гастрит, колит жана башка), кургатылган жалбырактардын маңызы жөтөлгө жана жара оорусунда колдонулат. Элдик медицинада кургатылган жалбыракты чай сыяктуу демдеп, какырык чыгаруучу дары катары, көк жөтөлгө, дем алуу жолдоруна суук тийгеңде, дизентерияда, ич өткөндө кеңири колдонулат. Жай бою өсүп жетилген, бүтүн жалбырактарын сабагы менен чогултуп, көлөкө жерге, үйдүн чатырында кургатуу керек. Кургак жалбыракты (10—15 г) бир стакан кайнак сууга демдеп, суугандан кийин чыпкалап, аш кашык менен күнүнө 5—6 жолу ичсе болот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)