Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Байжиев Ташым

Баш барак | Биографиялар | Байжиев Ташым

(1909, Ак-Суу району, Тепке айылы -1952) - кыргыз адабиятчысы, фольклорчу, котормочу жана жазуучу. Фрунзедеги педтехникумду бүгүп, 1930—31-жылы Гүлчөдөгү Алай рндук балдар үйүнүн директору, ЖалалАбаддагы педтехникумдун бөлүм башчысы болуп иштеген. Фрунзедеги мамлекеттик педагогикалык институттун орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн (1940). 1942-жылы өз ыктыяры менен согушка кетип, 1944-жылы жарадар болуп кайтат. 1940—42 жана 1944—49-жылы СССР Илимдер Академиясынын кыргыз филиалында фольклор жана «Манас» секторунда илимий кызматкер, сектор башчы. Б-дин чыгармачылыгы 1927—28-жылы бапггалган. «Сен кимсиң?

», «Досум», «Кытмыр өлдү», «Күрөө», «Төр-Сууда», «Суу боюнда» жана башкалар чакан повесть, аңгемелери чыккан. «Жигиттер» аттуу пьесасы 1944-жылы жаралган. И. Тургенев, Л. Толстой, Д. Фурмановдун чыгармаларын, А. Греневдун «Любовь Яроваясын», А. Островскийдин «Сепсиз кызын» кыргыз тилине которгон. Окуу китептеринен «Эне тили» (1933; 3. Бектенов менен бирге), «Кыргыз тили» (3класс үчүн: 1935; 3. Бектенов менен бирге), «Биздин адабият» (5, 8-класс үчүн, 1941, 1949; 3. Бектенов менен бирге) жана башкалар жазган. «Манас», «Семетей» эпостору жөнүндө, анын тили боюнча ондогон илимий жана сын макалаларды жазган. 1950-жылы ак жеринен репрессияланып, 1955-жылы акталган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 694, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо