Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Байыркы сүрөтчүлөр

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Байыркы сүрөтчүлөр

Бороондон омкорулуп калган дарактын ордунда пайда болгон чуңкурду балдар тереңдетип каза баштайт. Кокусунан үңкүрдүн оозу ачылат. Кол чырак алган балдар үңкүргө кирип, бооруна, шыбына кимдир бироолор тарткан жаныбарлардын сүрөтүн көрүшөт. Чоң кара бука акырын басып бара жатат. Уй буттарын бүгүп жардан секирүүдө, анын жанында күрөң тору ат түптүз жаракага түшүп кулап баратат. Үңкүрдүн капталдарына мүйүздөрү каркайган бугулар тартылган. Балдардын таң калганын айтпа: Укмуш ээй! Табылга деп мына ушуну айт! Бул Франциянын Монтинька шаарына жакын жердеги Ласко үңкүрү эле. Андагы сүрөттөр таш кылымында тартылган. Ташка тартылган мындай сүрөттөр биринчи жолу Испаниянын түндүгүндөгү Альтамиpa үңкүрүнөн табылган. Аларды ошол үңкүрдү изилдеп жүргөн археологдун беш жашар кызы байкап калган.

Мындай сүрөттөр көп өлкөлөрдөн табылган. Мисалы, 1959-жылы зоолог А. В. Рюмин Капова үңкүрүнөн (Түштүк Уралда) мамонттун, аттын, кериктин кызыл боёк менен тартылган сүрөттөрүн тапкан. Алар миңдеген жылдар мурун тартылган. Кыргызстандын аймагынан Фергана тоо кыркасындагы Когарт ашуусуна жакын жерде байыркы доорго таандык жүз миңден ашуун сүрөттөр табылган. Анда тоо текелер, аркар, бука, кулан, жырткыч жаныбарлар, арабага чегилген букалар, адамдардын тегерек күн сымал баштуу кудайлардын ж. б. сүрөттөр кездешет. Алгачкы адамдар бизон, бугу, кериктерге аңчылык кылышкан.

Караңгы үңкүрлөрдүн бооруна алардын сүрөттөрүн оттун жарыгында тартышкан. Көмүрдү, түстүү топуракты боёк катары пайдаланышып, аларды сууга же майга эзип сөөмөйү же кыл байланган таякчалар менен сүрөт тартышкан. Кээде камыштын сөңгөгүнө толтурулган кургак боёкту үңкүрдүн бооруна үйлөшүп, жылкынын абада сеңселген жалынынын сүрөтүн түшүргөн. Алгачкы адамдар караңгы үңкүрлөрдүн капталдарына жаныбарлардын сүрөтүн эмне үчүн тартышкандыгын илимпоздор али чече элек. Эмнеликтен үңкүрлөргө тартылган жаныбарлардын сүрөттөрүндө жебенин жана найзанын сайылган издери калган. Мүмкүн, миңдеген жылдар мурун бул үңкүрлөрдө аңчылыкка даярданышып, тартылган сүрөттөрдү бута катары найза менен сайып, жаа менен атышкан чыгар, же кудайга сыйынышып, ар түрдүү ырым-жырымдарды өткөрүшкөндүр.

Азыркы адамдар таштын бооруна тартылган сүрөттөрдү көрүп, байыркы сүрөтчүлөрдүн чеберчилигине таң калбай койбойт.

Сайтка жарнама жайгаштыруу