Байыркы славяндар

Байыркы славяндар - инди-европа тилинде сүйлөгөн уруулардын тобу, борбор, түштүк жана чыгыш европалык азыркы славян элдеринин ата-бабалары. Байыркы славяндар тарыхый даректерде, б. з.1-2-кылымда «европалык Сарматия», Карпат менен Балтика деңизинин аралыгында, Чыгыш Германияда жашаган венеддер деген ат менен белгилүү болгон. Алар тууралуу грек-рим жана византиялык тарыхчылар Тацит, Птолемей, Иордан жана башкалардын эмгектеринен кездешет. Көпчүлүк окумуштуулардын пикири боюнча Байыркы славяндар Висла дарыясынын чыгышынан орун алышкан. Биздин замандын 2-4-кылымында герман урууларынын (готтор, гепиддер) түштүккө оошунан Байыркы славяндардын аймактык бүтүндүгү бузулуп, батыш жана чыгыш тарапка обочолонот. 5-кылымда хунндардын бийлиги кулагандан кийин, Байыркы славяндар түштүккө оошуп, Византия империясынын Балкан провинцияларына басып кире башташкан. Ошол учурда алар ант жана склавин деген эки топко бөлүнөт. Балкан жана аларды басьш алуу менен бирге эле Борбор жана Чыгыш Европадагы мурдагы жерлери да алардын карамагында калган.1-миң жылдыктын 2-жарымында славяндар мурда чыгыш балтика жана финн-угор урууларына тиешелүү болгон Жогорку Днепрди жана анын батышын, ошондой эле Эльбанын төмөн жагын жана Балтика деңизинин түштук-батыш жээгин ээлеп алышкан жана Европадагы эң ири этностук топко айланган. Биздин замандын 1-миң жылдыгынын аяк ченииде байыркы славян мамлекеттеринин пайда болушу менен орто кылымдагы славян элдери (поляктар жана чехтер, кийинчерээк словактар, словендер, сербдер, болгарлар, чыгыш славяндарда байыркы орус эли) калыптана баштаган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)