Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Байыркы Өзгөн-улут байлыгы

Байыркы Өзгөн-улут байлыгы - Өзгөн Фергана өрөөнүндө караханиддер доорунун тушунда бүтүндөй Азия чөлкөмүнө өзүнүн базарлары менен белгилүү болгон шаарлардан болгон. Өзгөн шаары VIII-IX кылымдарда эле чеп менен корголуп, XII кылымдарда караханиддер династиясынын борбор шаарына айланган эң байыркы шаарлардан. Бул шаар убагында Фергананын чоң соода борбору болуп эсептелгендиктен ага Улуу Жибек жолунан өткөн соодагерлердин баары токтошуп, базарларында соода кылып өтүшүп турушчу экен. Өзгөн ошол убактарда маданий жагынан да өнүккөн. Мунун далили катары шаардын аймагындагы караханиддер дооруна таандык архитектуралык тарыхый 4 эстеликти айтсак болот. XI кылымдарда тургузулган мунара жана 3 күмбөз тарыхта караханиддердин басып өткөн тарыхый жолунун жана шаар маданиятынын кандайча өнүккөнүн далилдеп берүүчү эстеликтер экендиги аныкталган. Себеби, бул эстеликтер бир эле мезгилде курулуп калган эмес. Мисалы, алардын ичинен эң байыркы эстелик деп Орто күмбөз табылган. (үч күмбөз бири-бирине жанаша жайланышына карап жергиликтүү калк тарабынан болжолдуу түрдө Орто, Түштүк, жана Түндүк күмбөз деп аталып калышкан.) Ал XI кылымда ошол эле аймакта жашаган султандын буйругу менен курулуп, ага караханиддер династиясын негиздеген Наср ибн Алинин сөөгү жашырылган деп жүрүшөт. Бул эстелик ошол кылымдын маданиятын, искусствосун таасын чагылдырган эстелик деп эсептелинет. Анын курулушу жана кооздолушу өзгөчө. Имараттын ичин кооздоо үчүн пайдаланылган биздин тил менен айтканда алебастырдын түсүнүн актыгы жана анын ушул күнгө чейин өңүнөн кете электиги бүгүнкү күндүн архитекторлорун таң калдырып келет. Орто Азия аймагында караханиддер дооруна тиешелүү эстеликтерден айырмаланып, бул күмбөздүн эки кире бериши болгон. Орто күмбөзгө катарлаш эле түндүк күмбөз жайгашкан. Бирок, бул тарыхый эстелик Орто күмбөздөн 1 кылымга жашыраак. Анын ичинде башкача айтканда кире беришинде жазылып калтырылган жазуулар боюнча илимпоздор эстеликтин 1152-жылы Кара-хакан башчысы Хусейин ибн Хасан курдургандыгын аныкташкан. Тарыхый маалыматтарга таянсак бул имаратта ошол кезде аймакты башкарып турган Султан - Санжар - Мазинин агаларынын бири Султан - Илчи - Мазынин сөөгү жашырылган. Ал эми уламыштарда бул күмбөздө жергиликтүү элди каардуу ажыдаардан сактап калган Клыч - Бурхан - хандын жана анын ата - энесинин сөөгү жашырылган экен. Биринчи күмбөзгө караганда бул имараттын ичинин кооздолушу бир топ чеберчилик менен аткарылгандыгын искусство таануучулар жана архитекторлор айтып жүрүшөт. Кирпичтеринин да өзгөчө кооздолгондугун, жылмакайлатылгандыгын жана аларды бири - бирине ширетүү ыкмасы да орто күмбөздөн бир топ айырмаланат. Ошол себептен да тарыхчы, илимпоздор бул эстеликтердин караханиддер доорунун искусствосунун кандайча өнүккөнүн далилдеп берчү эстеликтер дешет. 35 жыл өткөндөн кийин ушул эле эстеликтерге катарлаш түштүк күмбөзү курулган. Ченемдери жагынан күмбөз жанындагы имараттардан кичинерээк. Ал бир топ кийинчерээк курулса да кимге арналып курулганы жана анда кимдин сөөгү жашырылганы али күнчө белгисиз. Бирок, искусство чеберлери түштүк күмбөз курулуп жатканда бул аймакта керамика искусствосунун өнүгүп жаткан мезгил экендигин аныкташкан. Курулуш ыкмасы, оюу-чийүүлөрдүн, кирпичтердин сайкалданышы жана монументалдык коллиграфиянын (жазууларынын) бул имараттын курулушунда өтө чеберчилик менен жасалгандыгы көрүнүп турат. Бул тарыхый эстеликтер Өзгөн шаарынын эле эмес бүтүндөй Орто Азия чөлкөмүндө курулуштун кандай өнүккөнүн, имараттарды кооздоо ыкмаларын даана көрсөткөн архитектуралык энциклопедия деп табылган. Ошол убактарда бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк туризмде эң байыркы, кооз шаарлардын катарына кирип, туристтердин сүймөнчүлүгүнө айланган Бухара менен Самарканддан архитекторлор келишип, так ушул төрт имараттын курулушун байкап көрүп кетишчү экен. Тарыхый эстликтердин төртүнчүсү Өзгөн шаарынын айтылуу мунарасы. Ал XII кылымга таандык курулуш. Мурун мунаранын бийиктиги 44 метр болгон экен . Тилекке каршы ал биздин күндөргө чейин өзүнүн биринчи бийиктигин сактап кала алган эмес. Илимпоздордун айтымына караганда мунаранын бийиктигин жоготушу Анжиян жер титирөөсүнүн кесепетинен болгон. Анын азыркы бийиктиги 27 метрге жетет. Мунаранын жанындагы күмбөздөр белгилүү бир адамдардын сөөгүн коюу үчүн атайын курулган болсо Өзгөн мунарасы эки максат менен курулган экен. Биринчиси шаарга келе жаткан чоочундарды байкоо, экинчиси исламдын шарияттарын аткаруу максатында. Мисалы, мунарага чыгып бийиктиктен азан айтуу жана намаз окуу. Мунаранын ичи бүтүндөй бышырылган кирпичтер менен курулган. Сырттан караганда мунаранын ичи боштой сыяктанат. Бирок, имараттын ичи толо кирпич. Болгону мунаранын чокусуна чыгуу үчүн гана тепкич жана кичинекей терезелер бар. Архитекторлордун айтымында мындай курулуш ыкмасы ошол мезгилдин табылгасы болгон. Кирпичтердин жана имараттын кандайдыр бир жол менен желденип, чирип кетпей сакталып турушу караханиддер доорундагы искусство чеберлеринин ойлоп тапкычтыгына байланыштуу болгон дешет адистер. Тарыхый эстеликтердин бир доордо курулганына карабастан алардын төртөөнүн курулуш ыкмалары бири - бирине такыр окшошпойт. Улуу муундуна айтымында күмбөздөрдүн жанында, мурун XV кылымга таандык мечит болгон экен. Ал 1937- жылы большевиктер тарабынан талкаланып кеткен. Ошол мечит турган жерде илгери караханиддердин душмандан коргонгондо, элди жер астынан башка жакка чыгарып кетүүчү узун коридорлору болгон делет. Бирок, азыр алардын кайсы жерден башталып кайсы жерден бүтөөрү табыла элек. Илимпоздор шаар астында мындай зындандардын, коридорлордун болушу турган иш дешет. Себеби, бул шаар караханиддер династиясынын борбор калаасы болгон. Караханиддер шаарды чеп менен бекемдөө менен бирге анын түбүнөн шаардан чыгып кетүү үчүн жашыруун коридорлорду курушкан. Бул ошол кезде бүтүндөй чоң шаарларда пайдаланылган согушка каршы тактикалардын бири болгон. Демек, Өзгөн шаары бардык жагынан алып караганда дүйнөнүн булуң-бурчунан туристтер агылып келчү аймакка айланганга толук шарты бар. Тарыхый эстеликтерди сүйүүчүлөр үчүн бул күмбөздөр табылгыс кенч. Адистердин айтымында байыркы Өзгөндүн тарыхый эстеликтери учурда кыйроо коркунучуна көбүрөөк кабылышууда. Буга биринчилерден болуп экологиялык-антропогендик шарттар таасир этүүдө. Мисалы, Анжиян жер титирөөсүнөн кийин мунараны кайра тургузуу каралган экен бирок, жергиликтүү калк анын бышырылган кирпичтерин ташып кетишип натыйжада мунара бир топ метрге кыскарып кеткен. Азыркы убакта албетте андай жоруктарга жол берилбейт. Анткени эстеликтердин тарыхый маанисин эл жакшы билип калышкан. Бирок, архитектуралык комплекс шаардын ортосунда жайгашкан. Ал эми жыл өткөн сайын калктын санынын көбөйүшүнөн абанын ашыкча газдалуусу байкалууда. Архитекторлордун айтуусу боюнча бул фактор да комплекстин акырындык менен кыйроосуна шарт түзүшү мүмкүн. Андан сырткары экологиянын, аба алмашуу процессинин өзгөрүшү да эстеликке терс таасирин тийгизбей койбойт. Ошондуктан, өзүнүн оригиналдуулугу менен Бухара менен Самарканддын тарыхый комплекстеринен кем калбаган эстеликтерибизди учурда кыйроодон сактап калуунун айласын издөөгө учур келип жетти сыяктанат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)