Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Байыркы Кытай

Баш барак | Өлкөлөр жана шаарлар | Байыркы Кытай

Байыркы Кытай — бул биздин күнгө чейин жашоо тартиби дээрлик өзгөрбөгөн эң байыркы маданият. Кытайлык акылман башкаруучулар улуу империяны миң жылдар бою сактап келишкен. Келгиле, бардыгын ирээти менен кыскача карап чыгалы.

Байыркы Кытай

Байыркы Кытайдын пайда болуусу

Байыркы адамдар Чыгыш Азияга болжолдуу 30000 - 50000 мурдагы жылдар аралыгында жетишкен. Азыркы күндө топурактан, чоподон жасалган идиштердин калдыктары Кытайдагы аң уулоочуунун үңкүрүндө табылган, үңкүрдүн болжолдуу жаш курагы 18000 жыл, бул качандыр бир табылган чополордун эң эскиси.

Тарыхчылардын айтымында, Кытайда айыл чарбасы биздин заманга чейин 7000 жыл мурда пайда болгон. Алгачкы түшүмү таруу болгон. Күрүчтү да ошол мезгилде өстүрүп башташкан, күрүч тарууга салыштырмалуу эрте колдонула баштаган болуусу мүмкүн. Айыл чарбасы көбүрөөк азык бере баштагандыктан, калктын саны көбөйгөн, мындан сырткары адамдар тынымсыз тамак - аш издебей, башка иштер менен алектенүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Тарыхчылардын басымдуу бөлүгү Кытай цивилизациясы биздин заманга чейинки 2000- жылы Сары дарыянын айланасында калыптанган деп эсептейт. Кытай илгерки төрт цивилизациянын бири үчүн өз үйү болуп калган. Маилекет башка цивилизациялардан айырмаланып турат, өнүгүп жаткан маданият азыркы күнгө чейин калган. Албетте, миң жылдар аралыгында өзгөрүүлөр болгон, бирок маданияттын маңызы калган.

Башка үч цивилизация жоголгон же жаңы адамдар тарабынан толугу менен сиңирилип кеткен. Андыктан, адамдардын айтуусу боюнча Кытай - дүйнөдөгү эң байыркы цивилизация болуп саналат. Кытайда жерлерди көзөмөлдөгөн үй-бүлөөлөр династия аталышындагы үй-бүлөөлүк башкаруучулар жетекчилерине айланган.

Кытай династиялары

Кытайдын тарыхы байыркы замандан эки кылым мурдагы убакытка чейин ар түрдүү династияларга бөлүнгөн.

Ся династиясы

Ся династиясы (б.з.ч.2000- 1600 -ж.ж.) Кытайдын тарыхында алгачкы династия болгон. Династиянын мезгили 500 жылга жакын болуп, өзүнө 17 императордун падышалыгын камтыган - имератор падыша сыяктуу наам. Ся эли айыл чарбасын иштетишкен, колодон жасалган куралдарды, топурактан жасалган идиштерди колдонушкан. Жибек Кытай жасаган нерселердин эң маанилүүсү болуп саналат. Тарыхчылардын айтымында, Ся династиясы жибектен токулган кийимдерди өндүргөн, ошол эле убакта, жибекти өндүрүү мындан кыйла эрте башталган болуусу ыктымал.

Жибек - жибек куртунун пилласынан(кокон) алуу жолу аркылуу өндүрүлөт. Ар бир пилла бир жибек жибин берет.

Ся чыныгы династия болгондугуна бардык эле тарыхчылар макул боло бербейт. Айрымдардын айтымында, Ся тарыхы жөн гана миф, уламыш, анткени айрым маалыматтар археологиялык ачылыштарга дал келген эмес.

Шан династиясы

Шан династиясы (б.з.ч. 1600- 1046- ж.ж.) башында Ся династиясы жашаган убакыт аралыгында Сары дарыянын жээгинде жашаган үй-бүлөөлүк уюм (клан) болгон. Клан - бул көп учурда бир чоң үй-бүлөө катары каралган, өтө жакын үй-бүлөөлөрдөн турган тайпа. Шан династиясы Ся династиясынын жерлерин басып алып, Кытай цивилизациясын өз көзөмөлүнө алган. Династия 600 жылдан узак убакытка уланып, ар башка 30 император жетекчилик кылган. Шан династиясы өзүнөн кийин ташбаканын калканына, ири мүйүздүү малдардын же башка сөөктөргө жазууларды жазып калтырган эң байыркы Кытай цивилизациясы болуп саналат.

Сөөктөр жаратылыш же Кудайлар эмнени каалап жаткандыгын аныктоодо көп колдонулган. Эгер императорго келечекти билүү керек болсо, мисалы, „ падышанын уулу кандай болот ” же „ согушту баштоо керекпи ” сыяктуу суроолор жаралса, жардамчылары сөөккө суроолорду кесүү аркылуу салып, жарака кеткенче ысытышкан. Жарака сызыктары Кудайлардын каалоолору тууралуу кабар берген.

Шан династиясынын мезгилинде гректер байыркы заманда Грециянын Кудайларына сыйынган сыяктуу эле адамдар көптөгөн Кудайларга сыйынышкан. Мындан сырткары, урпактарга сыйынуу да маанилүү болгон, анткени үй-бүлөө мүчөлөрү көз жумганда Кудай сымалга айланаарына ишенишкен.

Кытайдын ар кайсы бөлүктөрүндө кытайлык башка кичине үй-бүлөөлөр Шан династиясы жашаган мезгилде жашашкан, бирок Шан алдыңкылардан болгонгобу, айтор, өзүлөрүнөн кийин көптөгөн жазууларды калтырган. Акырында Шан династиясын Чжоу кланы жеңип алган.

Чжоу династиясы

Чжоу династиясы (б.з.ч. 1046- 256- ж.ж.) Кытайдын тарыхында башка династияларга караганда эң узак убакыт башкарган. Бир канча убакыттан соң династияда ажырым пайда болуп, Чжоу эки бөлүккө бөлүнгөн - Батыш Чжоу жана Чыгыш Чжоу . Чжоу түндүктөн келген баскынчыл аскерлерге (монголдор) каршы күрөшүп, душмандарды жайлатуу максатында тоскоолдук катары ылайдан жана таштан бийик чеп курушкан - бул Улуу дубалдын башаты болгон. Арбалет - ошол кездеги дагы бир ойлонуп табылган каражат болуп, абдан пайдалуу болгон.

Улуу Кытай дубалы

Чжоу династиясынын башкаруу убагында Кытайда темир кылым башталган. Темир учтуу курал кыйла күчтүү болуп, темир соко азык-түлүк өндүрүүнү жогорулатууга жардам берген.

Бардык айыл чарба жерлери байларга караган. Байлар орто кылымдарда Европада өнүккөн федералдык система сыяктуу дыйкандардын жер иштетүүсүнө уруксат беришкен.

Байыркы Кытай философиясы

Чжоу династиясынын мезгилинде эки маанилүү кытай философиясы өнүккөн: даосизм жана конфуциандык. Кытайдын улуу философу Конфуций конфуциандык аталышындагы жашоо мүнөзүн иштеп чыккан. Конфуциандык бардык адамдарды ыгын тапса окутуп- үйрөтүүгө болорун айтат. Негизги талашсыз жоболор: башкаларга жардам берүү; үй-бүлөө эң маанилүү байлык; коомдун улуулары эң кадырлуу. Конфуциандык азыркы күндө да маанилүү, бирок Кытайда Хан династиясынын мезгилине чейин кеңири жайылган эмес.

Даосизмди түптөгөн Лаози болгон. Даосизм — бул «Даону» ээрчиген бардык нерселер. «Жол» дегенди билдирет. Дао Ааламдагы бардык нерселердин кыймылдаткыч күчү. Инь Янь белгиси адатта даосизм менен айкалышат. Даостордун айтымында, сиз жаратылыш менен ынтымакта жашап, токтоо болуп, ашыкча нерселери жок жашап, бардык нерсеге боорукердик кылууңуз керек.

Бул философиялар динден айырмаланат, анткени аларда Кудайлар жок, бирок урпактар жана жаратылыш идеясы көпчүлүк учурда Кудайлар катары каралат. Императордун күчү да диний таңуулоого байланыштуу болгон. Чжоу Кытай императорлорунун башкаруусуна мүмкүндүк берген Асман Мандаты тууралуу мыйзам катары айткан- анын айтуусунда башкаруучу элди башкаруу үчүн Асмандын ыраазычылыгын алуусу керек болгон. Эгер башкаруучу Асмандын ыраазычылыгын албаса, аны(башкаруучуну) жок кылуу зарылдыгы жаралган.

Башкаруучу үй-бүлөө Асман Мандатын жоготкондугунун далили катары табигый кырсыктар, төңкөрүштөр болгон.

Биздин заманга чейинки 476- жылга карата Чжоу падышалыгынын провинциялары Чжоу борбордук өкмөтүнө салыштырмалуу кыйла күчтүү болгон. Провинциялар бири-бири менен 200 жыл бою согушкан. Бул мезгил Согушуп жаткан падышалыктардын мезгили деп аталган. Акырында бир үй-бүлөө ( Цинь ) калган башка үй-бүлөөлөрдү бир империяга бириктирген. Дал ушул мезгилде Империялык Кытай түшүнүгү пайда болгон.

Цинь династиясы

Биздин заманга чейинки 321-206- жылдары Цинь династиясы цивилизацияланган Кытайды көзөмөлгө алган. Цинь башкаруусу көпкө созулган эмес, бирок Кытайдын келечегине маанилүү таасирин тийгизген. Цинь өзүнүн аймагын кеңейтип, алгачкы Кытай империясын түзгөн. Каардуу жетекчи Цинь Ши Хуан өзүн Кытайдын алгачкы чыныгы императору катары жарыялаган. Бул династия валюта стандартын (акча), дөңгөлөк огунун өлчөмүнүн стандартын (бардык жолдорду бирдей өлчөмдө кылуу үчүн) жана бүткүл империяда колдонулуучу бирдиктүү мыйзамдарды түзгөн.

Мындан сырткары, Цинь ар түрдүү жазуу системаларын бир системага киргизген жана ал системаны азыркы күндө Кытайда колдонушат. Цинь Ши Хуан мыйзамдаштыруу (Легализм) философиясын таңуулаган - бул мыйзамга баш ийген, бийликтен көрсөтмөлөрдү алып турган адамдарга карата болгон.

Түндүктөн каптаган монголдор Кытайда дайыма маселе жаратып келген. Цинь бийлиги мурда тургузулган дубалдарды бириктирүү тууралуу буйрук берген. Бул Улуу Кытай дубалынын түзүлүшүнүн башталышы катары саналган. Ар бир династия жаңы дубал курган же мурдагы династиянын дубалын жакшырткан. Цинь династиясынын мезгилиндеги дубалдар биздин мезгилде бузулган же алмаштырылган. Бүгүнкү күндөгү дубалды кыйла кийинки Мин аталышындагы династия тарабынан курулган. Императорго футбол талаасынан чоң таң калычтуу күмбөз салынган. Күмбөз дагы эле ачыла элек, бирок уламышка таянсак, ичинде сымап дарыялары бар. Күмбөздүн чегинен сырткы жерде 1974- жылы адамдын боюна өлчөнүп топурактан жасалган армия табылган.

Терракот армиясында 8000 ден ашык бири-бирине окшобогон жоокерлер, 600 дөн ашык жылкы, 130 араба, мындан сырткары акробаттар, музыканттар - бардыгы топурактан жасалган.

Терракот аскерлери

Цинь династиясы аз башкарса да Кытай жашоосун стандартка келтирүүсү Кытайдагы кыйла кийинки династияларга терең таасирин тийгизген. Дал ушул династия мезгилинен биз "Кытай" аталышын алганбыз. Династиянын алгачкы императору биздин заманга чейинки 210- жылы көз жумуп, ордуна алсыз жана кичинекей уулу келген. Натыйжада көтөрүлүш болуп, Цинь армиясынын мүчөсү Империяны өз көзөмөлүнө алып, жаңы династия башталган.

Хань династиясы

Хань династиясы биздин заманга чейин 206- жылы башталып, биздин замандын 220- жылына чейин 400 жыл сакталып, Кытайдын бүткүл тарыхында улуу мезгилдердин бири болуп саналат. Чжоу династиясы сыяктуу Хань да эки бөлүккө - Чыгыш Хань жана Батыш Хань болуп бөлүнөт. Хань маданияты бүгүнкү күндө Кытайдын маданиятын аныктайт. Көпчүлүк кытайлык жарандар бүгүнкү күндө Хань династиясы этникалык жаралууга таандык экендигин айтууда. Өкмөт конфуциандыкты империянын расмий системасы кылган.

Аталган убакыт ичинде заманбап Кореянын, Монголиянын, Вьетнамдын, жада калса Борбордук Азиянын жерлерин басып алуу менен империя абдан кеңейип, натыйжасында башкаруу үчүн императорго ири өкмөт бийлиги керек болгон. Бул мезгилде кагаз, болот темири, компас, фарфор жана башка көптөгөн нерселер ойлонуп табылган.

Фарфор - чопонун абдан катуу түрү. Фарфор топурактын эрип, айнек сымал затка айланганга чейин ысытылган атайын түрүнөн жасалган. Көп учурда фарфордон жасалган идиштерди кытайлык деп аташат, себеби, бир нече жүз жыл мурда бардык фарфор Кытайда өндүрүлүп чыккан.

Хань династиясы аскердик жактан күчтүүлүгү менен белгилүү болгон. Империя батышты карай Такла - Макан чөлүнүн четине чейин кеңейип, бийликтин Борбордук Азиядагы соода-сатыкка көз салуусуна шарт түзгөн.

Кербендер жүргөн жолдорду көпчүлүк учурда Жибек жолу деп аташат, себеби, бул жол кытай жибегин сыртка ташууга колдонулган. Хань династиясы мындан сырткары Жибек жолун сактоо максатында Улуу Кытай дубалын кеңейтип, бекемдеген. Жибек жолунун башка маанилүү нерсеси болуп бул мезгилде Кытайга жеткен дин болгон.

Кытай династияларынын Кытайды башкаруусу орто кылым мезгилине чейин жүргөн. Кытай каада- салттарын кылымдар бою урматтагандыктан, өзүнүн кайталангыстыгын( уникальность) сактап калган.

Тан династиясы (618-907 б.з.)

Биздин замандын 618-жылы Тан династиясынын бийликке келүүсү менен Кытай тарыхынын даңктуу доору башталган. Династия башкаруу негиздөөчүлөрүнүн тагыраак айтканда, Гаоцзу жана анын баласы Тайцзундун ишмер жана гумандуу мүнөздөрү империяны калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берди.

Айтылуу Батыш аймактары Кытай ээликтерине кошулуп, император сарайына Персия, Аравия жана башка батыш өлкөлөрүнүн элчилери келип турган. Андан тышкары өлкөнүн түндүк-чыгыш чек аралары кеңейтилип, империя ээлигине Корея дагы кошулган. Түштүктө Аннам үстүнөн бийлик калыбына келген. Түштүк-чыгыш Азиянын башка өлкөлөрү менен байланыштар болуп турган. Ошентип, өлкөнүн аймагы көлөмү боюнча Хан династиясынын өнүгүү доорундагы Кытай менен тең болуп калган.

Ал мезгилде Кытай эң күчтүү гана эмес, дүйнөдөгү эң меймандос держава болчу. Мекенин таштап кетүүгө мажбур болгон диний ишмерлер жана философтор, Кытайдан баш калкалоочу жай таап, император тарабынан коргоого алынган. Бир гана Персияда жайылган диндер гана эмес, христиан секталарынын бири, тагыраак айтканда несториан чиркөөсү Кытайдан көптөгөн ишин улантуучуларга ээ болгон. Корея жана Япониянын буддисттери Кытайдын ыйык жерлерине үзгүлтүксүз ажылык сапар жасап турушкан. Ал эми Кытайлык буддистер Индиянын будда борборлору менен байланыштарын үзгөн эмес.

Тан доору кытай искусствосунун жана адабиятынын гүлдөп-өсүүсүнүн күбөсү болгон. Көптөгөн тан императорлору поэзияны, театр искусствосун жана музыкалык чыгармачылыкты колдоп, ал гана эмес көбүнчөсү өзүлөрү чыгармачылыктарын көрсөтүшкөн.

Суй династиясынын экономикалык жана административдик жаңылануулары тан доорунда кабыл алынып, бекемделген. Жер үлүшүн көп убакытка ээлик кылуунун жаңы тартиби киргизилип, ири жер ээликтери чектелген, ал эми дыйкандар туруктуу жашоо деңгээлин сактоого мүмкүндүк алышкан. Тан доорундагы маанилүү жетишкендиктердин бири укук системасы болгон. Ал Цинь мезгилинин нигилизми менен таптакыр кош айтышкан. Конфуцианизм духу менен азыктанган өзүн алып жүрүүнүн милдеттүү социалдык салттардын жана эрежелердин жыйындысы негизделген.

Ошону менен бирге тан имератору аскер күчтөрүнө толук көзөмөл орното албай калган. Күчтүү императорлор дагы деле аскер башчыларынын лоялдуулугун колдонуп келишкен, бирок тактынын алсыздануусу чек ара сатраптарынын (жергиликтүү төрө) аскер бийлигин жарандарга жайылтууга мүмкүндүк берген. Биздин замандын 755-жылы кол башчылардын бири, теги жагынан согдий (иран тилдүү эл), дээрлик император династиясын кыйрата баштаган. Сюаньцзун императорунун башкаруусуна чекит коюп, император бийлигинин престижине олуттуу зыян келтирген адам Ань Лушань болгон. Өлкөдө узакка созулган жарандык согуш башталып, династияны калыбына келтирүү максатында императорлор аскер командирлерине, ошондой эле түрк тилдүү элдерден турган жалданма аскерлерге таянууга аргасыз болушкан.

Саясый климаттын өзгөрүүсү административдик системадагы өзгөрүүлөргө туура келип, мунун көп учурда Кытай тарыхындагы маанилүү доор деп карашат. Мурда административдик борбор болгон шаарлар өсүп келе жаткан буржуазия классынын иш-аракет аренасына айланды, алар өндүрүштү жана сооданы кеңейтүүнүн натыйжасында экономикалык орундардын жеңип алышкан. Башкы соода портторунда евнухтар тейлеген инспекциялык контораларды орнотуу менен Сарайдын жок дегенде тышкы соода үстүндө көзөмөлдү сактоо аракеттери ийгиликке жетпеди. Жеке соодагерлер тез эле айласын таап же бул мекемелерди колго алууну үйрөнүп алышкан.

Сарайдын тууру бошоп, ал эми жергиликтүү аскер лидерлери өскөндөн өсө берди. Мунун натыйжасында көтөрүлүштөр жана козголоңдор болуп, акыр аягы Тан династиясынын урашына алып келет. Мындай көтөрүлүштөрдүн белгилүүлөрүнүн бири Хуан Чаонун башкаруусундагы көтөрүлүш болгон. Ал 9-кылымдын экинчи жарымында өзүн император жарыялап, Кантон соода шаарын талап-тоноп, 100 миңден ашык ал жакта отурукташкан арабтарды жок кылган. Жергиликтүү аскер башчыларынын бири Тан императорун өлтүрүп (бул окуяны биздин замандын 906-жылына байлашат), мураскерин тактан баш тартууга мажбурлап, жаңы Лян династиясын негиздеген. Бул династия кийинкилериндей эле өлкөнү көп башкарган эмес, айтылуу "Беш династия" мезгилинин аралыгында.

Кызыктуу фактылар

Дагы караныз

Жайгаштыруу: 2019-01-24, Көрүүлөр: 47108, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-14
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо