Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Байыркы дүйнө өлкөлөрү

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Байыркы дүйнө өлкөлөрү

Эң биринчи мамлекет мындан 5-6 миң жыл мурда Түндүк Африкада жана Түштүк Азияда, Байыркы Чыгыш деп аталган өлкөлөрдө пайда болгон. Алар: Африканын түндүк чыгышындагы Нил дарыясынын өрөөнүнөн орун алган Египет мамлекети, Тигр менен Евфрат дарыяларынын ортосундагы азия мамлекеттери - Шумер менен Аккад болгон. Андан кийин биздин заманга чейинки 2-миң жылдыкта бул жерде Вавилония жана Ассирия мамлекеттери түзүлгөн. Индиянын Инд жана Ганг дарыяларынын өрөөнүндөгү, Кытайдын Хуанхэ дарыясынын жээгиндеги мамлекеттер эң байыркы мамлекеттер болуп саналат. Байыркы грек мамлекеттери Афины менен Спарта биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта Европадагы эң ири мамлекеттерден болгон. Рим мамлекетинин борбору болгон Рим шаары биздин заманга чейинки 8-кылымда курулган. Жылуу аба ырайы жерге ным берип, анын түшүмдүүлүгүн арттырган, мал багуу үчүн кеңири жайытты түзгөн дарыя, токой, талаалар менен калың чөптүү шалбаалар, ошондой эле казылып алынуучу металлдын (жез менен темир) молдугу - ушулардын бардыгы мындагы адамдардын алгачкы жамааттык жашоо-турмуштан башка элдерге караганда мурдараак бошонуп, өнүгүүнүн андан жогорку баскычына көтөрүлүүсүнө шарт түзгөн.

Алар биринчилерден болуп эмгек куралдары менен курал жарактарды жасоого үйрөнүшкөн. Бул жерлерде коом кедей менен бай, кулдар менен эркин адамдар табына башкаларга караганда эртерээк бөлүнгөн. Ошондуктан кул ээлөөчүлөрдүн бийлигин бекемдөөчү соту, мыйзамы, аскери бар мамлекеттик түзүлүш пайда болгон. Адамдар жер сугаруу үчүн дарыяларды богоп, каналдарды курушкан. Мындай оор жумуштарды кулдар иштешкен.

Алардын эмгеги кен казууда жана таш жылмалоодо да пайдаланылган. Туткундар, байларга карыз болгон эркин адамдар кулга айландырылган. Алар эч кандай укукка, мал-мүлккө ээ болгон эмес Кулдар өз кожоюнунун менчик буюму катары эсептелип, ага толук көз каранды болгон. Кул ээлөөчүлөр өз кулдарын сатып жиберүүгө, уруп-сабоого, ал гана эмес өлтүрүүгө да толук укуктуу болушкан. Дыйкандар, кол өнөрчүлөр эркин адамдар деп аталган.

Алардын мал-мүлкүнөн ажырагандары аз гана акы үчүн байларга жалданып иштешкен. Кулдарга салыштырганда кедейлер сотко арыздануу, башка кожоюнга кетип калуу сыяктуу кээ бир укуктарга ээ болушкан. Байыркы Чыгыштын каардуу падышаларынын кол астында миңдеген жоо жана атчан жоокерлерден турган армиясы болгон. Алар баскынчылык согуштарын жүргүзүп, эсепсиз байлыкка ээ болушкан. Падышаларга арнап бийик, кооз салынган күмбөздөр алар жүргүзгөн бийликтин күчтүү, кудуреттүү, катаал экендигин билдирип турат. Египетте пирамидаларды - падыша күмбөздөрүн курушкан. Ал жерде фараондор (падышалар) кудай катары эсептелген. Храм, пирамидаларды да кулдар курушкан. Аябагандай оор эмгектен жабыр тарткан, укуксуз кулдар менен кедейлер бир канча жолу Байыркы Чыгыш мамлекеттерин солкулдаткан көтөрүлүшкө чыгышкан.

Байыркы Чыгыш өлкөлөрүндө көптөгөн чебер усталар, таланттуу ойлоп чыгаруучулар, окумуштуулар болгон. Бул өлкөлөрдө астрономия, математика, медицина өнүгүп, жазмасы пайда болгон, ачылыштар жасалган. Мисалы, Шумерде кумура жасоодо колдонулуучу аспап ойлоп чыгарышкан. Байыркы Египет чеберлери чоподон идиш-аяк жасоону алгачкылардан болуп үйрөнүшкөн, ал эми байыркы Кытайда фарфордон идиш жасалган. Байыркы кытайлыктар жибек жана кагаз чыгара башташкан.

Индиялыктар цифраларды ойлоп табышкан. Байыркы Чыгыш өлкөлөрүндө пайдалуу өсүмдүктөр өстүрүшүп, жапайы айбандар колго үйрөтүлүп, үй жаныбарларынын дээрлик бардык түрлөрү пайда болгон. Грециянын кул ээлөөчү ири мамлекеттеринин бири - Спарта жоокерлердин өлкөсү болгон. Спарталык ар бир бала жаштайынан денесин чыңдап, согушка даярданган. Биздин заманга чейинки 2-кылымда бүткүл Грецияны римдиктер басып алган. Рим мамлекети миң жылдан ашуун убакыт жашаган. Ал байыркы өлкөлөрдүн ичиндеги эң ири мамлекет болгон, анын карамагына Греция гана эмес, чыгыштын көп өлкөлөрү да кирген. Бул кул ээлөөчүлөрдүн мамлекети болгон.

Рим мамлекети кул олжолоо, жер басып алуу максатында узакка созулган кандуу согуштарды жүргүзүп келген. Адегенде Рим республика болгон. Кийинчерээк, кулдар көтөрүлүш чыгаргандан кийин кул ээлөөчү байлар монархия (монархия грекче - бийлик) орнотушкан. Спартак баштаган кулдардын көтөрүлүшү мындай көтөрүлүштөрдүн эң ириси болгон. Мамлекеттеги бардык бийлик императорго таандык болуп, ал жеке бийлик жүргүзгөн.

Байыркы Рим да жалпы адамзат маданиятына маанилүү салым кошту. Римдиктер эң сонун курулуштарды: цирктер менен храмдарды, мончо менен ак сарайларды, көпүрө менен суу түтүктөрүн курушкан. Рим акын-жазуучуларынын жана тарыхчыларынын чыгармалары башка тилдерге да которулган. Римдиктер сүйлөшкөн латын тилинен италиян, испан, француз жана башка тилдер келип чыккан. Өз кожоюндарына каршы чыккан кулдардын көтөрүлүшү, тышкы душмандардын чабуулдары Рим мамлекетинин бара-бара начарлашына алып келген. Мындан бир жарым миң жылдай мурда пайда болгон жоокер элдер Рим империясын басып алып кыйраткан.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 6550, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2019-08-19
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу