Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Байсерке Калпак уулу

Баш барак | Биографиялар | Байсерке Калпак уулу

(1883, Тоң району, Темир-Канат айылы -1940) - Тоң жергесиндеги алгачкы агартуучу, акын жана драматург. 1910—11-жылы медреседен, кийин Алматы шаарынан окуган. Тоң, ЖерҮй, Көңдөй, Төрткүл айылдарында мектеп ачып, балдарды окуткан. 1920-23-жылы Каракол кантонунда «Кошчу бирлигинин» Жети-Өгүз, Тоң райондору бча укуктуу өкүлү, 1924—25-жылы Тоң болунггук кеңешинин төрагасы, 1926-27-жылы «Эркин-Тоо» гезитинде, 1928-37ж. кайрадан эл агартуу тармагында иштеген. 1937-жылы репрессияланып, түрмөдө өлгөн. 1957-жылы акталган. Ал кеңеш бийлигин чындоого активдүү катышкан. Анын бир катар ырлары 1918-19-жылдардан балггап «Эркин-Тоо» жана башкалар гезит-журналдарга., «Кызыл гүл» аттуу жыйнакка жарыяланган.

Чукугандай сөз тапкан чечен, жамактатып ыр менен сүйлөгөн куудул, таланттуу сатирик болгон. Көптөгөн фельетондору «Чаңчуур» деген ат менен чыгып турган. «Жетим Сапар», «Эскиден калган энчилер» драмалары кыргыз театрларында коюлган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 1287, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу