Байрон Жорж Ноэл Гордон

Байрон Жорж Ноэл Гордон - (22. 1. 1788, Лондон 19. 4. 1824, Миссолунги, Грекия) англия акыны, романтизмдин көрүнүктүү өкүлү. Кембриж университетин бүтүргөн (1808). Байрон «Чайльд Гарольддун сапары» (1812-18), «Дон Жуан» деген поэмаларында өз заманынын маанилүү маселелерин козгоп, алдыңкы идеяларын даңазалаган. «Гяур» (1813), «Корсар» (1814), «Лара» (1814) аттуу поэмаларында 19-кылымдын башындагы коомдон безген, деспотизмге каршы чыккан, бийликке башийбеген бунтчул жана индивидуалист каармандардын образын түзгөн. Ал азаттык идеясына жан-дили менен берилип, ага бүт өмүрүн, поэзиясын арнаган. Анын «Ман-фред» драмалык поэмасы (1817), «Каин» мистериясы, «Коло кылым» сатиралык поэмасы (1823) белгилүү. Байрондун «Шильондун туткуну» поэмасы жана бир канча ыры кыргыз тилине которулган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)