Баймырза Хайт

Баймырза Хайт (17. 12. 1917-жылы туулган, Өзбекстан, Наманган аймагы) түрк элдеринин тарыхын изилдеген окумуштуу. Ташкендеги Орто Азия университетинин тарых факультетин (1938), Германиядагы Мюнстер (Вестфалия) университетин (1950) бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1941-ж. Слуцк шаарынын алдындагы салгылашууда туткунга түшүп калып, ошол жылы күзүндө Ченстоховадагы (Польша) туткундардын лагерине айдалган. 1942-ж. жазында Түркстан легионуна кабыл алынган 262 түркстандыктын катарында Баймырза да болгон. Согуш аяктагандан кийин Германияда калып, билимин уланткан. 1950-ж. «Кокон жана Алаш Ордо улуттук өкмөттөрү» деген темада диссертация коргогон. Анын 400гө жакын илим эмгектери, анын ичинде 9 монография, 13 китепчеси жарык көргөн. «Түркстан XX кылымда» аттуу эмгегинде басмачылар кыймылына улуттук кыймыл катары баа берип, Совет мамлекетинин курамындагы түрк элдеринин тарыхын жаңыча көзкараш менен чагылдырууга аракеттенген. «Түркстандын экономикалык маселелери», «Түркстан Россия менен Кытай аралыгында» ж. б. эмгектеринде Россиянын Түркстандагы оторчул саясатына талдоо жүргүзүп, «Алашордо» өкмөтүнүн ички-тышкы саясаты, өкмөт мүчөлөрүнүн иш-аракеттери тууралуу далилдүү маалыматтар берилген. Анын эмгектери немец, англис, түрк, орус ж. б. тилдерге которулган. Баймырза АКШ, Улуу Британия, Түркия университтеринде лекция окуп, баяндамалар жасаган. 1974-ж. Баймырза «Түркстан сүйүүчүлөр» клубун уюштурган. 1990-ж. анын жетекчилиги менен АКШда М. Чокайдын 100 жылдыгы белгиленген. А Кубатова.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)