Байланыш-катыш систем модели

Байланыш-катыш систем модели (Communication System Model - Модел коммуникационной системы) төмөнкү жабдуулардан турат:
- компьютер же терминал,
- маалыматтарды жиберүүчү (кабыл алуучу) байланыш-катыш жабдуулары,
- маалыматтар жиберилүүчү байланыш-катыш каналы,
- башка компьютер.
Ошондой эле негизги модель компьютер арасында берилиштерди берүүнү башкарган програмдарды камтыган байланыш-катыштын програмдык жабдыктарынан турат. Эки компьютер бири-бирине байланышуу үчүн ар бир систем бирге иштей ала турган байланыш-катыштын програмдык жабдыкка ээ болуулары керек. Байланыш-катыш каналы берилиштерди жиберүүчү жабдуулардан кабыл ала турган аппаратурага чейинки жол болуп эсептелет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)