Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Байгазиев Советбек Орозакунович

Баш барак | Биографиялар | Байгазиев Советбек Орозакунович

Байгазиев Советбек ОрозакуновичКыргыз Республикасынын критиги Байгазиев Советбек Орозакунович 1945-жылдын 1-майында Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кайырма айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 1964-жылы орто мектепти аяктап, 1969-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1972-1976-жылдары Кыргыз ССРинин ИЯЛ АНдын аспирантурасында тыштан окуган. Филология илимдеринин кандидаты. 1969-жылы Советтик Армияда катардагы жоокер болуп кызмат өтөгөн. 1971-жылы Кыргыз ССРинин Госкомиздаттында бир жыл иштеген, 1972-жылы Фрунзе шаарынын ведомстволук эмес коргоодо инспектор болгон, 1975-жылы "Кыргыз маданияты" гезитинин корреспонденти. 1977-жылы Кыргыз ССРинин ИЯЛ АНдин кенже илимий кызматкери, 1985-жылы Фрунзедеги педагогика илимий изилдөө институтунун бөлүм башчысы. Чыгармачылык жолун прозаик катары 1967-жылы баштаган. "Менин боз торгоюм" аттуу биринчи жыйнагы 1970-жылы жарык көргөн. Жазуучунун негизги чыгармачылык багыты катары адабий-сын-пикир болгон. "Иниме кат" аттуу адабий-критикалык макалалардын жыйнагы, публисцистикалардын камтыган өзүнчө басылма менен чыккан үч китептин автору (1982). "Кыргыз совет адабиятынын тарыхы" аттуу эки томдук китептин соавтору (1987). Мектепке "Кыргыз адабияты боюнча 5-11-класстар үчүн программа" (1987). "Кыргыз тилинин жана адабиятынын божомолдуу талаптары" илимий-усулдук китеби дагы анын кыл калеминен жаралган (1987). 1972-жылдан тарта КПССтин мүчөсү, 1981-жылдан тарта СП СССРдин мүчөсү. Кыргызстандын ЦК ВЛКСМ жана ЦК ЛКСМ Ардак Грамотасы менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 5641, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу