Байдилдеев Жумагул Рыскулбекович



Жумагул Рыскулбекович Байдилдеев (Jumagul Baidildeev, 1974-жылы кулжа - июнь айынын 14үндө туулган) – кыргызстандык тарыхчы жана журналист, тарых илимдеринин кандидаты (2014).

Жумагул Рыскулбекович Байдилдеев 1974-жылы 14-июнда Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Баетов айылында туулган.

Атасы Рыскулбек Байдилдеев (1924-1991) – кыргыздын моңолдор уруусунан, санжырачы болгон. Казыбектин казалдарын жатка айткан.

Энеси Күмүш Абылмечинова (1947-2003) – соода кызматкери болуп иштеген. Баетов (мурдагы Дөрбөлжүн) айылынан. Алар беш балалуу болушкан, Жумагул – үчүнчүсү.



Орто мектепти аяктаган соң, Жумагул 1994-1995-жылдары Кыргызстандын аскер-аба күчтөрүндө аскердик милдетин өтөгөн.

Эмгек жолун 1995-жылы Мамлекеттик архив тармагында иштөө менен баштаган.

2000-жылы Москва Менеджмент жана Коммерция университетинин Каракол шаарындагы филиалынын экономика бөлүмүн, 2005-жылы И. Арабаев атындагы КМУнун тарых жана укук таануу адистиги боюнча артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

2005-2007-жылдары И. Арабаев атындагы КМУда окутуучу болуп иштеген.

2007-2014-жылдары КР УИАсынын Тарых жана маданий мурас институтунун илимий кызматкери.

2007-жылдан өзү негиздеген "Рух кенчи" гезитинин башкы редактору, 2012-жылдан тарых изилдөөчү "Эстутум" коомдук фондусунун аткаруучу директору.

2010-жылдан КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы архив агенттигинин башкы адиси.

2015-жылдан тарыхый-илимий " Тарыхый мурас" журналынын башкы редактору.

Ал негизинен 19-20-кылымдардагы кыргыз айдыңдарынын жана башка тарыхый инсандарынын өмүрүн, падышалык жана советтик архивдердин Кыргызстан тууралуу материалдарын иликтейт.

Бир нече китеби тарыхтын актай барактарын изилдөөгө, 20-кылымдын башындагы кыргыз жана казак интеллектуалдарынын өз ара карым-катнашын изилдөөгө арналган.

2014-жылы "Кыргызстандагы 1937-1938-жылдардагы саясий куугунтуктоолор жана анын курмандыктары" аталышындагы тарых илимдеринин кандидаты илимий ишин коргогон. Илимий жетекчиси - тарых илимдеринин доктору, профессор Төлөбек Абдырахманов.

"КР Маданияттын мыкты кызматкери", "КР архив ишинин мыкты кызматкери", "КР Мамлекеттик каттоо кызматынын мыктысы" ж. б. сыйлыктары бар.

Жубайы Мырзаева Нускайым, кесиби юрист. КР Өкмөтүнө караштуу Геология жана материалдык ресурстар агенттигинин кызматкери.

Уулу Рыскулбеков Адилхан Жумагулович - Бишкек шаарындагы № 38 гимназиянын окуучусу.

Кызы Рыскулбекова Назайым Жумагуловна - бала бакчанын тарбиялануучусу.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)