Байбулатов Бегалы

Байбулатов Бегалы (1906, Ысыккөл облусу, Каменка айылы–1981) – тарых илимийинин доктору (1968).

ВКП (б) БКга караштуу Кызыл профессура институтун (1937), Кыргыз мамлекеттик педогогика институтун (1947) бүтүргөн.

Кыргызстан КП(б) обкомунда үгүтчү, райкомдун катчысы, бөлүм башчы, Эл комиссарлар советинин радиокомитетинин төрагасы, Жалалабат мугалимдер институтунун директору, Кыргызстан КП БКга караштуу Партия тарыхы институтунун улук илимий кызматкери болуп иштеген.

200дөн ашык илимий эмгектин, атайын илимий 4 монографиянын автору.

Эмгектери негизинен Кыргызстан Коммунисттик партиясынын тарыхын изилдөөгө багытталган.

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б., 2003

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)