Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Байбатыров Адамкалый

Адамкалый Байбатыров (1895, Чүй облусу, Кант р-ну, Атбашы айылы – 1953, Бишкек) – белгилүү кыргыз өнөрпозу, тунгуч куурчак оюнчусу, темир комузчу, имитатор (тууроочу). Кыргыз Респ-нын эмгек сиңирген артисти (1941). 1937-ж. Кыргыз филармониясынын солисти. Октябрь революциясына чейин эле (1912) эл арасына куурчак оюнун көрсөтө баштаган. Чүй, Ысыккөл, Нарын өрөөндөрүндө «Куурчак катын Курунтай», «Теке сүзгөн келин», «Жарын тапты» сыяктуу кыска куурчак спектаклдерин көрсөткөн (1921–25). А. темир комузда «Күйгөн», «Күңөтай», «Кыздарай» аттуу обондорду, «Тагылдыр тоо», «Турумтай», «Булбул», «Карача-Торгой», «Көк музоо», «Чоор күүсү», «Арман күү» деген күүлөрдү аткарган. А. тунгуч темир комузчулардын ансамблин түзгөн (1938).

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)