Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Баялинов Касымалы (1902-1979)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Баялинов Касымалы (1902-1979)

Касымалы Баялинов кыргыз совет адабиятын негиздөөчүлордүн бири. Касымалынын чыгармачылык жолу 1923 жылдан башталган, анын алгачкы чыгармалары казак жана татар тилинде жарык көргөн. 1925-1926-жылдары балдарга арналган Жылан менен Чабелекей, Түлкү менен Суур, Мурат аттуу жомокторун жана аңгемелерин жазат. Анын 1927-жылы жарык көргөн Ажар аттуу повести кыргыз прозасындагы туңгуч чыгарма болгон. Чыгарма кийин СССР элдеринин, ошондой эле англис, француз, немец, чех, венгр тилдерине которулган. Мына ушундан баштап ал адабият майданына биротоло кирген. Анын калеминен Мурат, Жетилген жетим, Бактылуу жылкычы, Ал эми жетим эмес, Көл боюнда, Боордоштор атуу ангеме, повесть, романдар жаралып, бүткүл коомчулукка белгилүү болду. К. Баялинов эки жашында энесинен, тогуз жашында атасынан ажырап жетим калып, Октябрь революциясына чейин оокаттуу байларга жалданып, малай болуп жанын баккан. Касымалы Баялинов Алматыда агартуу, Москвадагы Бүткүл союздук журналисттер институттарында окуйт. 1930-жылдары А. С. Пушкиндин Евгений Онегин романын, М. Ю. Лермонтовдун Кавказ, Үч курма сыяктуу ырларын, М. Горькийдин Макар Чудра аттуу чыгармасын кыргыз тилине биринчилерден болуп которгон.

Улуу Ата Мекендик согуштан кийин ал жергебиздин өсүп-өнүгүшүн чагылдырган Көл боюнда, Бакыт, Курман-Жылга аттуу роман, повесттерин жарыялады. 1920-жылдары кыргыз жергесине келип интернационалдык жардам көрсөткөн чех жумушчуларынын эң сонун образдарын түзгөн Боордоштор романы көп тилде, анын ичинде Чехословакияда да басылып чыкты. Ал эми Бакыт повести чех тилинде Жапар менен Жамийла деген наам менен чыккан.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3720, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо