Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Баялинов Касымалы

Баш барак | Биографиялар | Баялинов Касымалы

Баялинов Касымалы(1902, Тоң району, Көк-Мойнок айылы -1979, Бишкек) - кыргыз ад-тын негиздөөчүлөрдүн бири. Кыргызстан эл жазуучусу (1968), коомдук ишмер, 1928—33-жылы Москвада Бүткүл союздук журналисттер институтунда окуган. Чыгармачылыгы 1923-жылдан башталат, алгачкы ырлары («Биз ким элек, ким болдук», «Ала-Тоо өткөн күндү ойло») «Эркин Тоо» газетасына басылган. «Жетимдин өлүмү» (1926) деген аңгемесинен кийин Б. проза жанрына оой баштаган. 1927-жылы жарык көргөн «Ажар» повести 1920-жылдардагы жалпы кыргыз прозасынын реалисттик багытта өсүшүн аньпстаган маанилүү чыгарма. Андан кийин «Жетилген жетим», «Турмуш түрткүсүндө», «Кош жүрөк», «Бакгылуу жылкычы» жана башкалар аңгеме, очерктери жарыяланган. 1947-жылы «Бакыт» («Көл боюнда») повести, 1950жылдан кийин көптөгөн очерктер, «Курман жылга» повести, үч китептен турган «Боордоштор» романын жараткан.

Жазуучунун роман, повесттеринде эл турмушунун урунттуу учурлары, тарыхтын бурулуш кезеңдери эпикалык планда жана салттуу реалисттик музмунда чагылдырылган. Ал айыл С Пушкин, М. Ю. Лермонтов, М. Горький жана башкалар жазуучулардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Б. 1951—55-жылы Кыргыз Республиканын жогорку Кеңешинин депутаты. Октябрь революциясы, 2 Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. Бишкек шаарындагы Респ-лык К. Баялинов атындагы жаштар китепканасы анын ысымында.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 3552, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу