Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Баялинов Касымалы

Баш барак | Биографиялар | Баялинов Касымалы
src="/uploads/bio/kasymaly-bayalinov.jpg" alt="Баялинов Касымалы" align="left" width="200" height="258" class="alignleft"/>Кыргыз жазуучусу Касымалы Баялинов Ысык-көл облусунун Тон районундагы Көк-Мойнок айылында 1902-жылы 25-сентябрында туулган. Ата-энесинен эрте ажырап, бир туугандары тарбиялап өстүргөн. 1916-жылкы Үркүндө көптөгөн эл менен Кытайга качат.



Кайрадан Кыргызстанга Улуу Октябрь Революциясынан кийин кайтып келет. Мекенге кайткан соң Кочкор айылында байларда жумушчу болуп иштейт, 1918-жылы Токмок шаарына жөө барып, ал жакка жөнөкөй жумушчу болуп иштеп жүрөт: ат кайтарып, аскер казармасында ашпозчунун жардамчысы. 1919-жылы Касымалы комсомолдордун катарына кошулуп, андан соң Ташкенттеги алты айлык аймактык совпарт мектебин аяктайт. 1920-жылы аны кайрадан Ташкент шаарындагы алты айлык педагогикалык курска жөнөтүшөт. 1921-1925-жылдары Алма-Ата шаарындагы казак педтехникумунда окуйт, 1929-1933-жылдары Москва шаарындагы союз коммунисттик институтунда окуйт.



1920-жылы бир нече убакыт Нарын комсомол комитетинин кантонунда иштейт. 1925-жылы К. Баялиновду Москва шаарындага Борбордук басмага кыргыз бөлүмүнө редактор катары жөнөтүшөт. 1926-1928-жылдары жана 1935-1937-жылдары Кыргыз мамлекеттик басмасынын башкы редактору, 1933-1935-жылдары Ысык-көл облусундагы Жети-өгүз райондук гезитинин редактору, 1940-жылы Советтик Кыргызстан журналынын редактору, 1941-жылы облусттук Ысык-көл правдасы гезитинин редактору болуп эмгектенет. 1944-1947-жылдары жана 1949-1955-жылдары Кыргызстан СП башкармалыгынын катчысы болуп иштейт, 1947-1949-жылдары Кыргыз ФАН СССРинин ИЯЛИде илимий ишмер. 1955-жылы эркин чыгармачылык эмгектенүү үстүндө болгон.



Касымалынын адабий ишмердүүлүгү 1922-жылы өзүнүн ыр саптарын казак жана татар тилдеринде жарыялоодон тартып башталат. 1926-жылы биринчи кыргыз прозасынын реалдуу чыгармасы, анын классикалык Ажар повести басылып чыгат. Бул чыгарма СССР элдеринин жана көптөгөн чет өлкө тилдерине которулуп басылып чыгарылган. Көп кырдуу жана зор масштабтагы роман, повесттери Боордорштор(1962), Кол боюнда (1952), Мурат (1929) жана башка чыгармалары кыргыз элинин мүдөөлүк жана маданият жашоосунда татыктуу орунга ээ болду. Көптөгөн өз убагындагы күнүмдүк турмуш-тиричиликти чагылдуруу публицистикалык статьялардын, очерктердин автору.



Жазуучунун чыгармалары жалпы билим берүү мектептеринде жана жогорку окуу жайлардын гуманитардык факультеттерине, республиканын илимий мекемелерине кирип, изилденип жана окулуп келет. Баялиновдун сюжети боюнча Көл боюнда операсы, ар түрдүү жанрдагы көптөгөн музыкалык чыгармалар түзүлгөн. Жазуучунун чыгармалары орус, азербайджан, өзбек, казак, татар, молдавия, француз, англис, немис, чехия жана башка тилдеринде которулуп басылып чыккан. Ошондой эле ал А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, М. Горький, Л.Н. Толстой жана башка орус жазуучуларынын чыгармаларын кыргыз тилине которгон профессионалдуу котормочу да болгон.



1968-жылы Кыргыз Эл Жазуучу наамына татыктуу болгон.



Эмгек Кызыл Туу эки ордендери, Октябрь Революциясынын жана Ардак белги менен сыйланган. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштагы эрдик эмгектери үчүн, В. И. Лениндин 100 жылдык мааракесин белгилөөдөгү эрдик эмгектери үчүн медалдары менен сыйланып, Кыргыз ССРинин жогорку кенешинин ардак грамоталары менен сыйланган.
Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 12476, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу