Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бадыраңды жыйноо

Баш барак | Бадыраң өстүрүү | Бадыраңды жыйноо

Бадыраңдын түшүмү тез жыйналат. Ар бир жакшы өнүккөн өсүмдүктө 20-40 жана андан ашыгыраак түшүмү пайда болот. Жаш жашылчалар тез жетилет. Эгерде аны убагында жыйнабаса, өтө бышып кетип, товардык сапатын жоготуп, жаңы түшүмдүн түйүлүшүн жана өнүгүшүн кечиктирет. Ошондуктан бадыраңды тез-тез жана убагында 2-3 күндө бир терип туруу зарыл. Ошондо жалпы бир сезондо түшүмдү терүүнүн саны 20 же андан ашык болот.

Бышып жетилген жашылчаны бармак менен жемиш сабагына басып туруп үзөт. Түшүмдү жыйноодо, бадыраңдын сабактарын оодарбоо керек, анткени ал өсүшүн кечиктирет.

Жайгаштыруу: 2016-05-29, Көрүүлөр: 849, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-29
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо