Бадыраң илдеттери

Бадыраң илдеттери

Ак кебер - гриб илдети. Абанын жогорку нымдуулугунда, сугаттын жетишсиздик шарттарында өтө билинет. Адегенде жылбырактарда ундай, боз-ак мом менен капталган сыяктуу темгилдер пайда болот. Акырындык менен ун мому жалбырактын баарын каптайт. Жалбырактын кара-көк өңү ачык түскө айланат. Жалбырак чүрүшүп, кургап калат. Жабыркаган сабактар хлоротикалык болуп толугу менен куурап калат. Түшүмдөрү кеч байланат, жакшылап өнбөйт жана формасы бузулат. Инфекция топуракта өсүмдүктүн калдыктарында сакталат.

Бадыраң илдеттери

Антракноз - гриб илдети. Жабыркаган өсүмдүктөрдүн жалбырактарында нымдуу аба ырайында кызгылт түстүү мом менен капталган тегерек, сары же күрөң темгилдер пайда болот. Калемчелерде, сабактарда жана өсүмдүктүн түшүмдөрүндө ошондой эле бирок жара сыяктуу чуңкурураак кызгылт темгилдер пайда болот. Түшүм даамын жана азык сапатын жоготуп, жакшы сакталбайт. Инфекция урук жана түшүм жыйноодон кийин калган калдыктар аркылуу жугат.

Бадыраң илдеттери

Бактериоз - бактериялык илдет. Нымдуу жана жылуу мезгилде илдет өсүмдүк өсө баштагандан тартып өөрчүйт жана урук үлүшүн, нака жалбырактарды, гүлдөрдү жана түшүмүн жабыркатат. Жалбырактарда жалбырактын тамырчалары менен чектелген майлуу, бурчтуу темгилдер пайда болот. Илдет өөрчүгөн сайын темгилдер кургап, түсү дат баскан күрөң түстө болуп калат. Кийинчерээк жалбырактын кургаган жерлери түшүп, ошол жери тешик болуп калат. Сабактарда, калемчелерде жана түшүмдө кичинекей суулуу темгилдер пайда болуп, кийинчерээк алар кургап чуңкурайган жара сыяктуу болуп калат. Инфекция урук жана түшүм жыйноодон кийин калган калдыктар аркылуу жугат.

Бадыраң илдеттери

Фузариоздук соолуу же тамыр чириги - гриб илдеттери. Өсүмдүктүн жаңы чыккан өнүмдөрү жана чоң өсүмдүктөр бул илдет менен жабыркашат. Топурактан өсүмдүккө гриб анын тамыр чачтары же кичине өсүмдүктөрү аркылуу кирип кетет. Гриб түтүкчөлөрдө өөрчүп, аларды бүтөп калат да, интоксикацияга (ууланууга) алып келет. Натыйжада уруктун үлүштөрү соолуп, сабактын төмөнкү бөлүгү жана тамырлары чирип кетет. Өсүмдүктөрдүн өскөн жалбырактары жана сабактын үстү жагы саргайып, соолуп, өлүп калат. Тамырдын жана сабактын төмөнкү жактары күрөң түстүү болуп сынат. Өсүмдүктөргө жарака кетип, тамырдын ичке жери ак же кызгылт грибница менен капталат.

Бадыраң илдеттери

Жалган ак кебер (пероноспороз) - гриб илдети. Кээ бир жылдарда айдалган бадыраңдын баарын жок кылат. Жалбырактарда ачык түстүү кичинекей темгилдер же узатасынан жайгашкан тамырчаларда хлоротикалык темгилдер пайда болот. Жалбырактын төмөн жагында дабдаана көрүнгөн кара чекиттер-споралары көрүнгөн грибница пайда болот. Илдет өзгөчө нымдуу мезгилде бат өөрчүйт. Өсүмдүктүн жабыркаган бөлүктөрү күрөң түстүү болуп, кургап калышат. Инфекция өсүмдүктүн калдыктарында жана топуракта 4-5 жылга чейин сакталат.

Бадыраң илдеттери

Ак чиринди же склеротиниоз - гриб илдети. Илдет өсүмдүктүн бөлүктөрүнүн баарын, өзгөчө сабактын тамырга жакыныраак жерин жабыркатат. Жабыркаган жерлери абдан жумшак, жылмышма болуп, ак жыш грибница менен капталат. Инфекция топуракта жана өсүмдүктөрдүн калдыктарында сакталат. Илдет бадыраңды сугаргандан кийин өтө өөрчүйт, алгач кичинекей суулуу темгил пайда болуп, андай кийин жашылча жумшарып, бат эле чирип калат.

Бадыраң илдеттери

Кадимки бадыраң мозаикасы - вирустук илдет. Жалбырактарда кичинекей сары-жашыл темгилдер пайда болот. Жалбырактар бырышып, өсүүсү кармалып, муундардын ортолору кыскарып калат. Өсүмдүк кичинеден сарагайып, соолуп калат. Түшүмү барсайып, мозаика сымал болуп, быдырлар пайда болот. Вирус өсүмдүк биттер аркылуу алып келинет. Инфекция отоо чөптөрдүн тамырларында (мисалы, талаа өлөң чөбүндө) сакталат. Вирус уруктарда да анча-мынча сактала турганы жөнүндө маалымат бар.Бадыраңдын илдеттери, зыянкечтери менен биологиялык, агротехникалык жана элдик ыкма менен күрөшүү

Зыянкечтердин жана илдеттердин аталышыЧара көрүү жана препараттардын аталышыДаярдооЧачуу мөөнөтүКайталооЭскертүү
Грибок илдеттери, бактериоз, уруктарда сакталган илдеттерБиолигнин менен үрөндү нымдоо40-50мл биолигнинди 2-3 литр суу менен 1 кг үрөндүСебээрден 1 күн мурун1 жолу
Триходермин12-15 литр 500-800 литр суу мененВегетация маалында2 жолу
Уруктарды алоэ ширеси менен тазалооӨсүмдүктү колдонуудан мурда 5-6 күнө 20 градус температурадагы караңгы жерде кармап турат. Андан кийин алоэнин ширесин сыгып алып, суюлтулбаган бойдон ширеге уруктарды 24 саатка чейин салып коет да, аларды жуубай туруп кургатат
Уйдун кыгы1 бөлүк уйдун кыгына 6 бөлүк сууну кошот. Уруктарды ошол эритмеде 6 саатка чейин кармайт, андай кийин жууп туруп, кургатат.1
Ак кеберТриходермин12-15 литр 600 литр суу менен 1 гектаргаВегетация маалында2 жолу керек болгон учурда
Чириген чөп1 кг чириген чөптү 3 күн 3 литр сууда кармашат. Андай кийин аны чыпкалап, 3 эсе көбүрөөк суу менен суюлтуп, өсүмдүктөргө чачат.Илдеттин биринчи белгилериндеКечинде чачат
Фузариоз, тамыр чиригиТриходермин12-15 литр 500-600 литр суу мененВегетация маалында2 жолу
Календула (дары ноготкиси)Жөөктөрдүн арасына тигүү
Өсүмдүк битиАлтын көз, Калемпир150 - 200 шт 1 өсүмдүккө 100 г кызыл калемпирди 10 литр сууда 2 саатка чейин кармайт.Биттер пайда боло баштаганда өсүмдүк биттеринин колониясы пайда болгондоКерек болгон учурда
Чеснок150-200 гр чеснокту эт туурагычтан өткөрүп, 10 л суу менен аралаштырат.Өсүмдүк биттеринин колониясы пайда болгондоКерек болгон учурда
Кальцийленген сода1 чоң кашык соданы 1 л сууда эритип, аны ошол замат өсүмдүккө чачат.Өсүмдүк биттеринин колониясы пайда болгондоКерек болгон учурда
Картошканын жалбырактары менен сабагы1.2 кг жашыл же 600 - 800 гр кургатылган жалбырактарды сабагы менен 10 литр жылуу сууга 3-4 саат кармайт.Өсүмдүк биттеринин колониясы пайда болгондоКерек болгон учурда
Төө жалбырагыЧаканын 1/З бөлүгүнө майда кесилген төө жалбырагын салып, калганын суу менен толтурат. 3 күндөн кийин, чыпкалап, колдонот.Өсүмдүк биттеринин колониясы пайда болгондоКерек болгон учурда
Желе кенесиАмблисейус200 шт бир өсүмдүкө 1 кгКене пайда боло баштаганда
Кызгылт горчакМайда кесилген сабакты 10 литр суу менен толтуруп, 30 мүнөт кайнатат, муздатып, чыпкалайт, 30 грамм самын кошот.Өсүмдүк биттеринин колониясы пайда болгондоКерек болгон учурдаКенеге каршы бардык препаратт арды, өсүмдүк битине да каршы колдонсо болот
Картошканын жалбырактары менен сабагы1.2 кг жашыл же 600 - 800 гр кургатылган жалбырактарды сабагы менен 10 литр жылуу сууга 3-4 саат кармайт.Өсүмдүк биттеринин колониясы пайда болгондоКерек болгон учурда
Чеснок150 - 200 гр чеснокту мясорубкадан өткөрүп, 10 л суу менен аралаштырат, ошол замат колдонот.Өсүмдүк биттеринин колониясы пайда болгондоКерек болгон учурда
Эскертүү: Жашылчаларды экологиялык таза өстүрүүдө, зыянкечтерге, илдеттерге жана отоо чөптөргө каршы уу - химикаттарды пайдалануу айласыз болгондо гана аз өлчөмдө колдонуу сунушталат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)