Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бадыраң айдоого топуракты жана көчөттү даярдоо

Баш барак | Бадыраң өстүрүү | Бадыраң айдоого топуракты жана көчөттү даярдоо

Бадыраңдын тамыр системасы терең эмес. Ошондуктан ал борпоң, семиз, структураланган, тыгыз кыртышты түзбөгөн жерди талап кылат. Участокту даярдоону күздө баштайт. Жерди өсүмдүктүн калдыктарынан бошотуп, тоңдурманы 25-27 см тереңдикте айдайт. Жазда бадыраңды себүүдөн мурда зарыл болсо, аны жумшартат жана малалайт.Көчөттү даярдооБадыраңды көчөттүү жана көчөтсүз жолдор менен өстүрөт. Тигүү үчүн илдетсиз жакшы жетилген өсүмдүктөн, чоң жана өнүмдүүлүгү текшерилген 2-3 жыл мурдагы уруктардан алынганды колдонот. Уруктун өсүүгө жөндөмдүүлүгүн эң жөнөкөй жол менен төмөнкүдөй текшерсе болот.

Жалпак табакка бир кат чыпкалагыч (фильтр) кагазын же аябай ысытылган кумду салып, үстүнө бир аз суу куюлат. Табактын кырына учтары табактын түбүндөгү сууда болгондой кылып чыпкалагыч же соргуч кагазынын тилкеси жайгаштырылат. Тилкелерге 10 даанадан уруктар салынат. Жакшы нымдалыш үчүн уруктардын үстүнө да чыпкалагыч кагазынын тилкери коюлат. Табакты жылуу жана караңгы жерге коет. Өсүүгө жөндөмдүүлүгү 8-10 күнүндө аныкталат. Өнгөн уруктар саналып, ал онго көбөйтүлөт.

Мына ушинтип чыгуунун болжолдуу пайызы алынат. Ошондон кийин гана уруктарды пайдалануу жана эгүү нормасы чечилет. Уруктарды тыгыздыгы боюнча сорттосо болот. Ал үчүн алар 3-4% тамак-аш тузунун эритмесине салынып, аябай аралыштырылат жана 5-7 минутадан кийин калкып чыккан уруктар алынып ташталат. Чөккөн уруктарды сөзсүз суу менен жууш керек, анткени бир аз туздун калдыгы да, алардын сапатын төмөндөтөт.

Андан кийин чачырап туруу абалына жеткире кургатыш керек. Эгерде упаковкада колдонуу мөөнөтү көрсөтүлгөн болсо, ачытылган жана химиялык заттар менен тазаланган уруктардын өсүүгө жөндөмдүүлүгүн текшерүүнүн жана жууп тазалоонун кереги жок. Республикада көчөт аркылуу чет өлкөлүк гибриддерди өстүрүүгө сунушталат. Көчөттү идиштерге, чөйчөктөргө, кагаз жана пластик пакеттерде өстүрөт (кагаз пакеттердеги көчөттөрдү кагазы менен топуракка отургузса болот). Идиштин (горшоктун) диаметри 8 см болуш керек. Даярдалган идиштерге топурак кошундусун салат. Төмөнкү составдагы кошундулар көбүрөөк колдонулат: чиринди жана огороддон алынган жер (1:2), чиринди огороддон алынган жер жана таарынды (3:2:1). Көчөттү ачык топуракка отургузуудан мурда 22-25 күн эртерээк өстүрө баштайт.

Идишке (горшокко) 1-2 өнгөн урукту же кургак уруктарды 1,5-2 см тереңдикке тигип, топурак же горшокто даярдалган топурактын кошундусу менен жабат. Тигип бүткөндөн кийин кайта сугарат. Эрте бышчу түшүм алуу үчүн көчөттү парниктерде, теплицаларада же пленка тоннелдеринде өстүрөт.

Жайгаштыруу: 2016-05-29, Көрүүлөр: 1117, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-29
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу