Бабажы-Катын күмбөзү

Бабажы-Катын күмбөзү - орто кылымга (10-11-к.) таандык археологиялык эстелик. салынган салынган Казак Республикасынын Жамбыл облусунун Тараз (мурдагы Жамбыл) шаарынан 18 км аралыкта Айшабүбү күмбөзүнүн жанында жайгашкан. Бул көөнө эстеликти алгач 1897-ж. В. А. Каллаур, кийин 1938-ж. А. Н. Бернштам, 1953-ж. Т. К. Басенов изилдеген. Сырткы көрүнүшү төрт чарчы келип, бышкан кыштан тургузулган. Эстеликтин көлөмү 6,8х6,8 м, бийиктиги 5 м, маңдай жагы менен эки капталы шооласын чачкан күн сымал оймо-чиймелер менен бышкан кыштан кооздолуп жасалгаланган. Күмбөздүн төбөсү 8 кырлуу тегерек болуп, ичине кире турган эшиги байыркы көчмөндөр салты боюнча чыгыш жагында. Ага жанаша төбөсү 16 кырлуу келген күмбөз курулган. Мындай күмбөздөр Казакстандагы Көк-Кесене, Жүбанана сыяктуу көөнө эстеликтерден кездешет. Бири-бирине жанаша салынган кош күмбөз эстеликтин узак сакталышына себеп болгон. Күмбөздүн курулушу ошол кездеги курулуш өнөрүнүн өтө жогору даражада болгондугун көрсөтөт. Имараттагы чакан көлөмдөгү археологиялык деталдар кылдаттык менен пайдаланылган. Бабажы-Катын күмбөзү сырткы көрүнүшүнүн жөнөкөйлүгү, курулушунун бекемдиги менен өзгөчөлөнөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)