Бабалардын осуяттары

Кыргыздар байыртадан эле жаштарды өзүнө өзү талап коё билүүгө көнүкгүргөн. У баданы аткарбоону, көпчүлүктү көзгө илбөөнү, убадалашкан мезгилден кечигип келууну ж. б. у. с. кыргыз эли илгертен эле айыптаган. Бул азыр илим тилинде этика деп аталат. Этика - бул этияттык, сактык, журум-турум, мамиле-катнаш, бирөө менен сүйлөшүүнүн, убадалашуунун чен-олчому, эреже - нормасы, тактикасы. Этиканын көптөгөн элементгери кыргыз элинин жашоо-турмушунда журум - тыйымдар деген ат менен орун алган.



Журум-тыйымдар - элдик нормаларды камтыган элдин адеп-ахлактык тарбияеы, маданияты, элдин коомдук, саясий, экономикалык корсоткучу. Алар адамдын айлана-чойрого, оз ара жана дуйно менен карым-катнаштарьщцагы коз караштарынын философиялык туундулары, коп кылымдык тажрыйбаларынын натыйжасы. Бул ар жазылбаган мыйзам, эреже катары аткарууга милдеттуу болуп, балдарды кундолук турмуш - тиричиликтин маданияты на чакырган. Ошол эле учурда алар улуулардын таалим-тарбия беруучу негизги милдети катары кабьш алынган. Жаштарды адептүүлүккө, туз жолго, нысаптуулукка, абийирдүүлүкко, калыстыкка, адилеттүүлүкко, ыймандуулуукка ж. б. үндогон жүрүм-турумдар, ырым - жырымдар коп. Алар улам кийинки муундун акьш-туюмуна орноп, атадан балага, кьшымдан кьшымга отуп, бүгүнкү күнго чейин айтылып келет. Буларда исламга чейинки диний ишенимдери: анимизмдин, тотемизмдин, шаманизмдин да, исламдын да таасирлери байкалат, ошондой эле динге эч байланышпастан нукура турмуштук зарылчылыктан, динге кошуп койгон эл акылынан келип чыккан тарбиялык маанидеги тыюулары да арбын. Айтор элде тыюу салынган нерселер коп, тек гана "антпе жаман болот" деп коюшат. Бирок мына ушул "жаман болотгун" артында турмуштук тажрыйбадан келип чыккан улуттук философия жатат. Калк ичинде канчалаган мезгил коонорбой айтьшып келе жаткандарына Караганда, бул жүрүм-тыйымдар тегин жерден чыкпаса керек. Элдик журум - тыйымдар буюруу (буйрук беруу) иретинде айтылат. Анткени бизге жөнөкөй эле сөздөй сезилгени менен ар биринин аркасында терең маани, тарбия жатат. Анда толук болбосо да эл ичинен чогултканыбызга кулак салалы:



- Сапарга чыгаарда, тамак ичээрде, жумуш баштаарда ж. б. «биссимылда» деп башта.

- Адегенде нан ооз тий.

- Нан ырыскың - аны тепсебе, жаман дебе, ыргытпа.

- Нандын кукумун шыпырба, ырыс-наснбнң кемийт, ачарчы - лык болот.

- Нанды комкоросунон койбо, бир колдоп сындырба.

- Нанды тегеретип сындырбай тең болуп сындыр.

- Нан менен бычак аарчыба.

- Туз - насибиң, аны тепсебе, алыска жол журордо туз таты.

- үйго келген адамга даам ооз тийгиз.

- Тамакты алгач озун ооз тий, насиптин алдын башкага бербе.

- Алые сапарга чыгаарда нандын четинен ооз тийип, сактатып кой, насип кутот.

- Алыска атганаарда ачууланба.

- Нан менен бычак аачыба.

- Чай, суусун сунганда чыныны он колго кармап, сол колду кокурокко коюп, бир аз ийилип сунуш керек, ал эми куйганда оз колуна алып куй.

- Мейман келгенде кабагынды буркобо.

- Тамакты сурап бербе.

- Улуулардын кешигинен ооз тий.

- Тамак ичээрде жылаңбаш отурба, жылаңач отуруп, жатып алып тамак ичпе.

- Тамак ичип жатканда жер таянып отурба.

- Тамакты чалпылдатып чайнаба, шорпону шорулдатып ууртаба.

- Тамак ичип буткондон кийин бата кыл, тамак ичээр замат жатпа.

- Конок уйдон чыкканча ичиндеги уйгу-туйгунду басып тур.

- Конгон мейманды эртең менен эрте ойготпо, ал кет дегенге тете. - Дасторкондо отурганда сыртка чыгууга туура келсе, олтурган адамдын бутун атгап өтпө, сакалдуу адамдын артьшан өт.

- Чайыңдын тубун төкпөй ич, ырыскындан айрыласыӊ.

- Бышкан ашты таштаба.

- Тамакты дасторконсуз ичпе.

- Дасторконду салаарда буктөбө, тетири салба.

- Дасторконду жыйнай электе жата калба же туруп кетпе.

- Тамакка сынтакпа.

- Чыныны чертпе, куру казанды калдыратпа уйдон береке ка - чат.

- Кемегени теппе - ырыскың тогулот.

- Идиш-аякты теппе.

- Идиш сынса кайгырба.

- Чайдын чамасын булганыч жерге токпо.

- Супураны улагага илбе, жерге таштаба.

- Караңгыда ак сураба.

- Акты (сут, айран, кымыз) токпо.

- Акты атынан айтпа. Мисалы, ак тустогу малды «кызьш ат», «куу ит» деп терге.

- Бироодон тузду бекер алба.

- Караңгьща сырттагы тамактын бетин ачык калтырба.

- Эртең менен эрте турсаң ырыскындан куру калбайсыӊ.

- Эртең менен турганда бет жуубай туруп кишиге караба.

- Эртең менен жаман суйлобо.

- Кун шашкеге чейин жатпа.

- Малды теппе, башка чаппа.

- Канды тебелебе.

- Жыйылган жукко жатпа.

- Жаткан адамды аттап отпо.

- Мылтыкты аттаба.

- Жаткан тошоктун баш жагын тепсебе.

- Кийимдин жакасы менен жеңин тебелебе.

- Жайнамаз менен супураны тепсебе.

- Колунду жууганда силкпе, ырыскы качат.

- Жеңинди тиштебе.

- Жаздыкты тескери койбо, тепсебе.

- Тебетейинди тегеретпе.

- Бут кийимди, шымды башка жаздаба.

- Өтүктү башка койбо, жолго баштайт, Шымды башка койбо, корго баштайт.

- Алдырган чачынды тебелендиге таштаба, мөмөлүү дарактьш тубуно коомп кой.

- Чачты ар жерге таштаба.

- Баш кийимиңди жоготпо, башьщды жоготконго тете.

- Баш кийимди теппе, ыргытпа, тескери кийбе.

- Кийип жургон баш кийимиңди белекке бербе, алмашпа, та - лаага таштаба, сатпа.

- Колунду жууп жур, эмне жээринди билесиң, Оозуңду жууп жур, эмне дээрищда билесиң.

- үйүңдүн дубалын теппе.

- Ай, Кунго акаарат келтирбе.

- Кунго, Айга, кыбьшага карап даарат ушатпа.

- Куран окулуп жатканда суйлобо.

- Кыбыланы (кут тарапты) тээп жатпа.

- Айды копко караба.

- Жылдыздарды жатып алып санаба.

- Кокту (асманда) карап тукурбо.

- Кишилерди санаба, боюнду карыштаба.

- Мазарды, мурзону соомойун менен корсотпо.

- Даараткананын оозун кыбьшаны каратып салба.

- Кайчыны эшиктин устуно илбе.

- Өз уйундо тескери карап отурба.

- Мурзону аралап откондо келме келтир, кулбо, кундуз куран окуп от.

- Кишиге көңүл айтып келатып, жолдо башка уйго кирбе.

- Каралуу катын осмо коюп, каш тербейт.

- Адам олгон куну башынды жууба, кир жууба.

- Караңгьща чач тарабайт, жазбайт жана кузгуго каранбайт.

- Кишиге иңирде коңул айтпа.

- Куугумдо бала корбо.

- Кок чопту жулба, жалгыз даракты кыйба, чоптой куурап, да - рактай кыйьшып каласың.

- "Кепининди кий" деп эч кимди урушпа.

- Колунду төбөңө койбо.

- Тизенди кучактап отурба, бул жесирликтин белгиси.

- Жаагынды таянба, ыксыз ушкурунбо, капачылыкты чакырасың.

- Миздүүнүн мизин каратып койбо, кан тилейт.

- Боюнду карыштаба.

- Жаш туруп желбегей жамынба.

- Итиндин улуганы - жамандыктын жышааны.

- Мойнуңа аркан (кур, жип) салба, анты болот.

- Жер таянып отурба, таякка суйонбо.

- Колунду аркана алып баспа.

- Беймаал убакта ыйлаба, куугумдо уктаба.

- Босогого жолонбо, бойлоп турба, астананы басып турба, ас - танага жатпа.

- Босогодо туруп кол алышып учурашпа.

- Шыпырынды менен кулду чогуу чыгарба, олум менен той бир кунго келип калат.

- Отко тукурбо, суу чачып очурбо.

- Агын сууга тукурбо, ылайлаба, даарат ушатпа.

- Булак башын булгаба, ыйык сакта.

- Агын сууну чачпа.

- Сууну булгаба, суу боюна уктаба.

- Караңгыда сууга барба, идиштеги суунун устун жаап кой.

- Суу которгон апкечти (баканды) аттаба.

- Кирдин суусун баспа, бала киринткен сууну караңгыда сыртка текло.

- Кул менен кирдин суусун кошуп текло.

- Кишини шыпыргы менен урба.

- Шьшырынды жерге отурба.

- Шыпырындыны тепсебе.

- Тузду төкпө.

- Кир сууну жолго. тебелендиге төкпө.

- Баскылыкка кул токпе, кулду тепсебе.

- Шыпырындыны уйбе, кеп-соз кебойет.

- Шыпыргыны тикесинен койбо.

- Караңгыда үй шыпырба, кийиз күбүбө, түндөсү шыпырын - дыны эшке чыгарба.

- Караңгыда эшик алдын шыпырба.

- үйдү төргө карай шыпырба, душманың көбөйөт.

- Караңгыда оорулууну көрбөйт.

- Бош (кур) бешикти терметпе.

- Бешикке өбөктөбө.

- Бешикти эки кишилеп көтөрбөйт.

- Баланын таманынан өппө, таманынан кытыгылаба, көп күлдүрбө.

- Балага жаңы кийим кийгизгенде бетинен өп.

- Ымыркай баланы кытыгылаба, каргайт.

- Жаш баланы күзгүгө көрсөтпө.

- Жаш баланын бетин Айга көрсөтпө.

- Жаш баланын жашын жылдырып айт.

- Жаш баланын салмагын айтып, татынакай дебе.

- Эмчектеги баланын кийимин түндөсү сыртка калтырба.

- Жаш баланы жалгыз калтырба.

- Уктап жаткан бала үйдө жалгыз калса башына, жаздыгынын астына бычак же нан коюп кой.

- Жиликтин чучугун балага бербе, кайрымсыз болуп калат.

- Кыз баланы теппе, бактысыз болуп калат

- Кыз баланы сөкпө, урба.

- Баланы колунду ичине каратып котор.

- Боюнда бар келин капка отурбайт.

- Кыздуу уй кызга сын такпа, уулдуу уй уулга сын такпа.

- Баландын ыйманын жашынан тиле, чоңойгондо кеч болуп калат.

- Атаң тирүү кезинде өзүңдү балаңа «ата» деп айттырба.

- Атаңын көзүнчө балаңды өппө, эркелетпе.

- Атаң тирүү турганда сакал-мурут койбо.

- Саламдашпай туруп сөз баштаба.

- Өзүңдөн улуу кишиге бөйрөк таянып жооп бербе.

- Улууга акаарат айтпа, улуулардан сөз талашпа.

- Капталдан качырып сөз сүйлөбө.

- Карыптарга күлбө.

- Бирөө менен урушсаң "чочко" дебе.

- Улуу адамдын жолун кесип өтпө.

- Отурган ордуңцу, конгон журтуңду тазалап кет.

- Жаңы журтка сыйын.

- Алыска сапарга чыкканда артынды кылчактап караба.

- Базар куну сапарга чыкпа, жума күнү жол жүрбө.

- Жарым жолдон артка кайтпа.

- Ток болсоң да томукту мулжу, ач болсоң да чукону мүлжүбө.

- Малды теппе, томаяк болуп каласың («Мал-боор эт менен тең»).

- Итке суу чачпа, бети-колунду сөөл басат.

- Жакын адамыңа бычак тартуу кылба.

- Ээн талаага түнөп калсаң, айланаңды бычак же маки менен чийип кой.

- Чоң жолдо жаткан буюмду, жолдун четине коюп койсоң сооп табасың.

- Эркек адамдын үстүнөн, кийимин аттаба.

- Адамга бычак кесебе, шерти болот.

- Эшикти тээп ачпа.

- Эшик түбүнөн жүгүнбө.

- Келин алган тарапка баш (малдын) тартпа.

- Келинди отко киргизгенде май жедир.

- Көрүнгөнгө коз артпа, бирөөгө калп күлбө.

- үйгө карай жүгүрбо, там айланып жүгүрбө.

- Адамды айланып чуркаба.

- Эки кишинин ортосунан өтпө.

- Сынык күзгүгө көрүнбө.

- Караңгыда күзгүгө көрүнбө.

- Караңгыда ышкырба, үйдүн ичинен ышкырба.

- Аялды түн ичинде сууга жибербе.

- Бир үйдө эки адам удаа тырмак албайт.

- Тун ичинде чач, тырмак алдырба.

- Түндөсү жер чукуп ойнобо, чок менен бирөөнү кубалаба.

- Тун ичинде мал сойбо.

- Колунду тамчыга жууба.

- Жаңгактын түбүнө түнөбө.

- Түндө түш жоруба.

- Оң жамбашың менен жат.

- Жатаарда «жаттым тынч, жаздыгым кенч» деп жат, жакшы түш көрөсүң.

- Жаман түш көрсөң сууга айт, суу менен агып кетет.

- Конуп калган коногуңа эртең менен «Жакшы жатып, жай турдуңузбу?» деп айт.

- Таманыңды бириктирбе, тандайынды такылдатпа.

- Мал короого, атканага даарат ушатпа.

- Чөмүч менен итке аш куйба.

- Отту же чычаланы бутуң менен жылдырба.

- Бутуңду тартпа, бөйрөгүңдү таянба, колуңду оозуңа салба.

- Көрбөй туруп көрдүм дебе.

- Ооз-кесир сүйлөбө.

- Каратып туруп калп айтпа.

- Кишиге артыңды (соорунду) салба.

- Аял киши мандаш токунуп отурбайт.

- Отургандарга дайыма салам айтып өт.

- Жамандыкты көрүп туруп көзүңдү жумба.

- Тишиң менен жаңгак чакпа.

- Адамга жакшылык кылууну унутпа.

- Шамалды урушпа, жамгырды сөкпө, отту теппе.

- Жаш бүчүрдү сындырба.

- Жалгыз талды кыйба, жаш чөптү жулба.

- Тайларыңа (таекелериңе) кол көтөрсөң, колуң калтырап ка¬лат.

- Капка отурба.

- Атка тескери минбе.

- Атың аксаса баландыи заарасы менен жуу.

- Темирге заара кылба.

- Бут кийимди торге койбо.

- Жакшы көргөн адамыңа ит бербе.

- Досундун үйүндө тырмак алба, касыңдын үйүндө чач алдырба.

- Элдин көзүнчө чиренбе.

- Жол журоордо, үйдөн чыгаарда, уктаарде келме келтире жүрсөң, ишиң алга жылып, өзүң коркпой жүрөсүң.

- үйдөн чыккандан кийин бир нерсе унут калса да кайра үйгө кирбе. Эгер ото эле зарыл болсо нан ооз тийип чык.

- Алые сапардан кайткан, ооруканадан чыккан адамдын ба - шынан үч жолу суу тегеретип, түкүртүп, идишин эшикке комкоруп кой.

- Акчалуу болгондо озүң корото электе карызга бербе.

- Кечинде карызга акча бербейт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)