Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Баба-тек

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Баба-тек

Байыркы Ата конуш. Кыргыздар эң байыркы эл экендиги анын санжырасы, оозеки фольклору жана дүйнө элдеринин даректүү жазмалары тастыктап турат. Кыргыздар жөнүндө эң алгач маалымат кытай (ханзу) тарыхынын атасы Сыма Цяндын (б. з.ч. 145-186-ж. ж.) Ши-цзи (Тарыхый жазмалар) эмгегинде айтылат. Анда кыргыздардын түпкү тарыхы хундар, динлиндер менен байланышы бардыгынан кабар берет, бирок, ата конушу так айтылбаган. Кыргыздардын адепки Ата конушу б. з.ч. доорлордо Монголиядагы Кыргыз көлдүн (Хирхис ноор) айланасы болгон. Алар жоокерчилик заманда жер шартына жараша жана тышкы жоодон коргонуп, бирде Энесайга, Хакасияга, бирде Тывага (Тувага) көчүп, элдигин, хандыгын сактап турган. Байыркы кыргыздар б. з.ч. жана жаңы доор башталышында (б. з.ч, II кылымдан б. з. XII к.) ортосунда Түштүк Сибирдин төрт жеринде хан ордосун - Алтайдын Дөөлөс көлүнүн тегерегинде, Хакасиянын Алтын көлү менен Уйбат талаасында, Монголиядагы Кыргыз нур көлүнүн аймагында курган.

Алтай, Саян, Көгмөн (Көкмөл) тоолорунун кокту-колотторунун, Энесай, Орхон дарыяларынын куймаларынын, Байкөл, Кыргыз нур, Сүткөл, Дөөлөс көлдөрүнүн сырларын, сулуулугун, кеңдигин, оттуу экенин, кечмеликке кайсы жерде ыңгайлуу экенине дейре кыргыздарча билген эч бир көчмөн уруу болгон эмес. Кыргыздар мал-жанга касиеттүү мол жерлерди башка элдерден мурун чалгындап, көзөмөлдөп ата журт кылып алышкан. Бул далилге Түштүк Сибирдин тоо талаасындагы жүргүзүлгөн археологиялык табылгалар, балбал таштар, эстелик таштагы руна жазуулар, байыртан бери аталып келаткан жер-суу аттары, жергиликтүү элде сакталган уламыш, салттар, тил, этнографиялык окшоштуктар жана улуттук оозеки тарых-санжыра күбө болуп турат. Кээ бир окумуштуулар кыргыздардын атам замандан ата конушу Теңир Too (Ала Тоо) болгонун далилдешүүдө. Алардын пикиринде байыркы кытай жазмалары көчмөн элдин турмушун даана билбегендиктен кыргыздардын урук, урууларына бөлүнгөнүн бөлөк эл катары кабыл алышканын, тил өзгөчөлүгүнө жараша бурмаланган так эмес маалыматты жазып калтырган деп эскертишет. Жалпы божомолдо, узак аралыкта байыркы кенен, ээн жаткан жердин шартында көчмөн элдердин хандыгы, жоокерчилиги мыкты өнүгө элек учурда кыргыздардын эрте баш көтөрүп, тирленип, күчтүү кол күтүп алган. Ошондуктан, малдуу-жандуу кыргыздар ата мекеним деп, илгертен Теңир-Тоодон баштап, Алтай, Саянга, Көгмөнгө чейинки аймакты ээн-эркин өтүшкөн. Кыргыздар жөнүндө маалымат.

Байыркы көчмөндөр, Орто Азиядагы уруулар, кыргыздар. алардын кошуналары жана бабалары жөнүндөгү маалыматтар эзелки Персия, Иран, Византия, Армения, Кытай ж. б. элдердин жазмаларында сакталган. Айрыкча византиялык жазма эмгектерде кыргыздардын сак, хун, түрк, эфтелиттер, тохарлар, скифтер жөнүндө көбүрөөк маалымат чогултулган. Кытай жазмаларында б. з.ч. Сыма Цяндын (Тарыхый жазмалар), Бань Гунун (Хань сулалесинин тарыхы) жана эски кытай династияларынын жылнаамаларында кыргыздар, динлиндер, усундар, хундар жөнүндөгү маалыматтарды окуса болот. Өзгөчө Кытай жазуу булактарында Түштүк Сибирь, тактап айтканда, Энесай, Орхон, Алтайдагы кыргыздардын тарыхы жөнүндөгү маалыматтар өтө баалуу. Дүйнөлүк тарыхчы окумуштуулар кыргыздар жөнүндөгү маалыматты байыркы кытай жазмаларынан алышат. Жалпысынан алганда, байыркы доордон бери аты жазуу жүзүндөгү тарыхый жылнаамаларда белгилүү кыргыздар өздөрүнүн узак жолду басып өткөн тарыхында башка түрк уруулары менен жуурулушуп, Борбордук жана Орто Азиянын (азыркы саясий термин боюнча - Ички жана Борбордук Азиянын) бир далай түрк эмес элдеринин өкүлдөрүн ассимиляциялап келген. Алардын байыркы тарыхынын Чыгыш Теңир-Тоолук баскычы б. з. 5-к. акырына чейин созулган. Орто кылымдагы кыргыздар жөнүндөгү ар кандай маалыматтар араб, перси булактарынан табылган, анда араб окумуштуулары Ибн Хордадбек (IX-X к.), Ибн Хаукал, Ибн ал-Асир (ХII-ХIII), персия тарыхчылары Сайд Гардизинин (XI к.), Рашид ад-Дин (XIII), түрк тилдүү элдерден, мекендешибиз Махмуд Кашгари (XI), Жусуп Баласагуни (XI), тарыхчы Мухаммед Хайдар (XV-XVI), Мухаммед Садык Кашгари (XVIII-XIX), Түштүк Сибирдин тарыхы, жери, эли, тили жана рухий мурасы жөнүндө кыйла далилдүү маалыматтарды жазышкан.

Кыскасы, кыргыздардын тарыхынын эң эзелки жана оболу орошон баяны дүйнөлүк жазмада сакталып келген. Ал учурунда басма беттеринде жарыяланып, учунан толук жандырылып чечмеленбеди, ага саясий, идеологиялык жолтоолор болду. Азыркы кыргыздардын эгемендүүлүк заманында элдин алмустактан берки тарыхына, маданиятына жаңыча изилдөөгө, так иликтөөгө жол ачылды. Жоокерчилик заманда. Кыргыздардын өткөн дооруна ой жүргүзсөк, жеңгенден анын жеңилгени көп экен. Бул ошол элдин башынан далай кыйынчылык, азап-тозок кечиргенин, сабырдуулугун, эрдигин жана акылмандуулугун айтып турат. Байыркы кыргыздар башка элдер менен тике жоолашкандан оолак качкан, чыр-чатак, чабышты болтурбоого, тынчтык, келишим менен чечүүгө умтулган. Каардуу, күчтүү жоолорго белек-бечкек, алым-салык берип башын куткарган. Непадан жоо мындай амалга көнбөсө кыргыздар конуш, журт которуп элин сактап калган.

Ага да болбой ажаан душман эрегишип кол салса, бала-бакыра, кары-картаң, аялдарды алдын ала токой-тоого качырып, эр азаматтары эл-жерин коргоп, кара жанын карч уруп салгылашкан. Кокус жоокерлери тыйпыл кырылса, кыргыздардын аман калгандары он беш-жыйырма жыл балдары төрөлүп, чоңоюп, торолуп, жигит болуп колуна курал алганча жер безип, жат көзгө урунбай же башкалардын кол алдында жашаганга бел байлап, качан эрлер жетилгенде, кол күтүп алганда кайрадан ачыкка чыгып, башка кошуна-колоңдор, чоң элдер менен мамилесин куруп кирген. Эзелтеден кыргыз бабалардын канчалык күчтүү колу болсо да, жоону жеңерине көзү жетип турган күндө да эч качан бейпил жаткан бөлөк элге, өлкөгө баскынчылык менен биринчи кол салып, ачкөздүк кылбаганы, бүлүк түшүрбөгөнү элдин духунун күчтүүлүгүн жана адеп-ахлак, маданиятынын жетиктигин аныктайт. Кыргыздар кырылган доорлор. Б. з.ч. 201-ж. Хундардын кыргыздарга жортуулу.

6-к. экинчи жарымы көк түрктөрдүн кыргыздарды багынтканы. 711-ж. Түрк каганы Тонукөктүн кыргыздарды багынтканы. 758-ж. Уйгур каганынын чапкыны. 795-ж. Уйгур каганынын кыргыздарды чапканы. 814-ж. Уйгур каганы кыргыздарды чапканы. 1207, 1218, 1227-жылдары Чыңгыз хандын чабуулу. 1916-ж. Орус падышачылыгынын баскынчылыгы.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 809, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо