Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

баатырдын баатыр жарысын

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | баатырдын баатыр жарысын

Созу А. Токтакуновдуку

Обону М. Абдраевдики

Талашып мекен, мекен намысын,

Шандантып кыргыз, кыргыз тарыхын.

Москва учун жан кыйган, жан кыйган

Баатырдын баатыр, баатыр, баатыр жарысын!

Душманга ачуу, ачуу кекенип,

Тонналап берген, берген шекерин.

Маанайын бастап кетпеске, кетпеске

Мандайдан сылап, сылап, сылап мекенин.

Байкадын эмгек, эмгек артыгын,

Кайгынын жашын, жашын арчыдын.

Чырактай нур жуз жарына, жарына,

Чын данкын, данкын, данкын менен арзыдын!

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 885, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо