Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Баатырдык

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Баатырдык
Баатырдык же баатыр (байыркы грекче ἥρως — кайраттуу, кол башчы) — согушта, эмгекте жасаган улуу иштери үчүн суктанууну, сүйүнүчтү жараткан адам.

Ар бир элдин тарыхында башкаларга өрнөк болуучу баатырдыктын үлгүлөрү бар. Мындан эки жарым миң жылдай мурун Рим республикасы Этрус падышасы Порсена менен согушкан. Республиканын көз карандысыздыгына коркунуч туулат. Ошондо, Муций Сцевола деген эр жүрөк жигит душмандын лагерине кирип, Порсенаны өлтүрмөк болот. Бирок ал колго түшүп калат. Муций падышага аны өлтүрүүгө келгенин тайманбай айтат. Порсена абдан ачууланып, аны азапка салып кыйнаарын айтып коркутат. Анын сөзүнө Муций күлүп, колун отко тосот. Эркин римдик эмнеге жөндөмдүү экенин көрдүңбү? — дейт ал. Римдиктин тайманбастыгынан чочулаган Порсена алар менен тынчтык келишимин түзүүгө ашыккан.

Бул эрдик жөнүндө ушул күнгө чейин эл ичинде айтылып келет. Биздин элдин тарыхында да көптөгөн баатырлар болгон. Кыргыз элин душмандардан коргоп, элибиздин эркиндиги үчүн күрөшкөн баатыр Манас эпосундагы Манас бабабыз, анын урпактары Семетей, Сейтек, ошондой эле калмактар менен кармашкан Курманбек жана башкаларды силер жакшы билесиңер. Улуу Ата мекендик согуш жылдарында миңдеген советтик адамдарга мекенди коргоодо көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы үчүн Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген. Космос мейкиндигин изилдеген учкуч-космонавттарга да ушундай эле наам ыйгарылган.

Азыркы убакта Кыргызстанда граждандардын өзгөчө эмгектери үчүн «Кыргыз Республикасынын Баатыры» деген эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылат. Мындай сыйлыкка татыктуу болгондор: Сыдыкбеков Түгөлбай (жазуучу), Айтматов Чынгыз (жазуучу), Садыков Тургунбай (айкелчи), Шарипов Салижан (космонавт), Усубалиев Турдакун (мамлекеттик ишмер), Күмүшалиева Сабира (артист), Жумакматов Асанкан (дирижер) жана башкалар.

Баатырдык адамдарга гана берилбестен, жаныбарларга, шаарларга (Баатыр шаарлар), жерлерге жана башка нерселерге дагы берилиши мүмкүн.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 729, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-11-03
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу