Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Азыктардын туура сакталышы

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Азыктардын туура сакталышы

Ар кандай азыктардын сакталуу мөөнөтү ар кандай. Ун, кесме, күрүч, кант, туз ж. б. кургак азыктар салыштырмалуу узак убакыт сакталышса, эт, балык, бышкан тамак - аш тез бузулат. Кургак азыктардын сакталуу мөөнөтү узак болсо да чектелүү, себеби убакыт өткөн сайын алардын даамы, сапаты бузулат. Мисалы жарым жыл өткөндөн кийин ундун сапаты өзгөрүп, андан жасалган нан ачуу даамданып калышы мүмкүн. Күрүчтүн, кара күрүчтүн (гречка) ж. б. сыртындагы аз өлчөмдө болгон май кыйгыл тарткан соң, аларды бышыраардын алдында кайнак суу менен жууйт. Көп убакыт сакталган кургак азыктарга күбө түшүшү мүмкүн. Күбө өзүнүнүн жумурткасын тамактарга таштаганда, андан личинкалар өөрчүп, ошол азык менен тамактанганда, анын даамын гана бузбастан, кошумча ууктурат. Кургак азыктарды адатта жакшы желдеген кургак, күндүн нурлары түз тийбеген жерлерде сактайт, анткени алардын көбү өзүнө ным тартып, көгөрүп кетиши мүмкүн.

Канчалык тамактарда нымдуулук көп болсо алар тез бузулат. Эттин өңү бир күндө эле өзгөрүп, бузулуп, жаман жыттана баштайт. Муну жакшы билген кыргыз эли эзелтеден бери аны туздап, кургатып же ыштап сактачу. Сүрсүгөн эттин жагымдуу даамы болсо да, мындай этти балдарга, оорулуу кишилерге бериш болбойт. Тамак-аштын бузулушу микробдордун көбөйүшү менен байланыш. Алардын арасында ооруларды козгоочу, ууктуруучу микробдор болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан сактаганда микробдордун көбөйүшүнө каршы аракеттерди жасоо зарыл. Азыркы мезгилде азыктарды сакташ үчүн ар бир үйдө муздаткыч бар. Анын ичинде температура төмөн болгон соң микробдор көбөйбөйт, себеби ал үчүн жылуулук керек.

Биздин күндөрдө муздаткычтын көп түрлөрү бар. Мурунку бир эшиктүү жана бир камералуу муздаткычтын үстүндө муз абалына чейин муздатуучу бөлүгү жайгашат. Учурдагы муздаткычтар эки (айрым учурда андан да көп) эшиктүү жана эки камералуу жасалышат. Бир камерасында температурасы 0 градустан төмөн, андагы азыктар музга айланып калат, экинчисинде 0 градустан жогору. Мындай муздаткычтар автоматташтырылгандыктан, колдонууга жеңил жана көп мүмкүнчүлүктөрү бар. Эң негизгиси бир нече камералуу муздаткыч гигиеналык талаптарга шайкеш, анткени чийки этте, балыкта микробдор же мите курттардын жумурткасы болсо, алар башка камерада сакталган бышкан тамак-ашка өтпөйт.

Ар бир муздаткыч пайдалануу колдонмосу менен бирге сатылат, анда анын техникалык мүнөздөмөсү, колдонуунун эрежелери жана кайсы жерине кайсы азык коюлаары берилет. Ошол эрежелерди так аткарса, муздаткыч көп убакыт бузулбай иштеп, тамак-аштын, ошону менен бирге адамдын ден - соолугунун сакталышына, чоң көмөк көрсөтөт. Муздаткычта азыктар сакталгандыктан, ал өзү да таза болушу тийиш. Эгерде анын ичи жыттана баштаса, анда муздаткычты тазалоо мезгили келди. Ал үчүн ичиндеги бардык азыктар сыртка чыгарылып, колдонуу эрежеге жараша жууп, кургатып жок дегенде 1-2 саат этттигин ачып желдетет.

Эгерде муздаткычты көп убакыт пайдаланбаса, анда да ал жуулуп кургатылат жана эшигин бир аз ачып коюлат. Айрым учурларда муздаткычтын иши начарласа же бузулса, анын ичи жыттанат. Жууп, тазалап, желдеткенден кийин жыты кетпесе, анда ремонттоо ишканасына кайрылуусу тийиш.

АзыктарСакталуучу орду
Кургак азыктарНымдуу азыктарБышкан азыктарЖакшы желдегенкургак жердеМуздаткычтаМуздаткычта
Муздаткычта чийки жана бышкан азыктар сакталат. Ал үчүн тамак-ашты капкагы бар, төрт бурчтуу же тегерек формадагы атайын эмаль идиштерди (контейнерлерди) колдонот. Бул идиштин кармагычтары жок болгон соң көп орунду ээлебейт, капкактары бекем жабылгандыктан тамак-аштын жыты бири-бирине сиңбейт. Контейнерлерди бардык жерлерден сатып алса болот.

Эгерде алар жок болсо, капкактуу эмалданган идиштерди пайдаланса болот. Идиштерди муздаткычтардын ичине тыкыс бири-бирине өтө жакын жайгаштырганда, тамак-ашка муздак абанын бардык тараптан келишине тоскоол болуп, азыктардын сакталуу убактысы азаят. Чийки этти, балыкты узак мөөнөткө сакташ үчүн бир тамакка жетээрлик порцияларга бөлүп, ар бирөөнү өзүнчө полиэтилен баштыкчага салып, нөл градустан төмөн температуралуу камерага алдын ала жуубай салат. Мунун себеби, биринчиден, этте же балыкта болгон микробдор башка ошол камерада жайгашкан азыктарга өтпөйт, экинчиден болгон этти бирге муздатып койгондо, керектүү өлчөмдү алыш үчүн барын эритиш зарыл.

Ал эми этти, деги башка тамактарды да кайра-кайра эритип, муздатса, алар даамын жана сапатын жоготот. Мисалы, балыкты кайра эритип муздатса, өңүн өзгөртүп, упурап калышы абзел. Майдалагычтан өткөн же кол менен майдаланган, эт, маселен мантуга, эт муздаткычта да көп сакталбай, бузулат, ошондуктан мындай эттен тамакты тез аралыкта даярдайт. Жууган май (сливочное масло) 2-3 күн бөлмөнүн температурасында, эгерде күн нурлары түз тийбесе, сакталат. Күндүн нурлары майды тез кыйгыл кылгандыктан, май салгычтарды нурлар өткөрбөгөн материалдардан, мисалы, жыгач, керамика ж. б. жасалат. Бирок майдын даамы өзгөрбөшү үчүн, аны муздаткычта сактайт. Жууган май өзүнө бат эле башка жыттарды сиңирип алган соң муздаткычка салаарда май салгычтын капкагы жабылат. Жумурткаларды муздаткычка салаардын алдында алардын бүтүндүүлүгү текшерилет, анткени кабыгында жаракасы бар жумуртка тез бузулуп, башка жумурткалардын жарактуулуктан чыгышына себепкер болушу мүмкүн.

Сырты кир жумурткаларды муздак суу менен жууп, жакшы кургатып, муздаткычтын чөйчөк сымал оюктары бар текчеге жайгаштырат. Жашылчаларга, жемиштерге өтө муздактын кереги жок, ошондуктан муздатуучу аспаптан алыс, атайын орду бар жайгашкан. Көк пияз, жусай, петрушка жана ошого окшош чөп өсүмдүктөрдү полиэтилен баштыкчанын ичинде сактаса, 3-4 күн өзгөрбөстөн турат. Жашылча-жемиштерди муздаткычка салаардан мурда жууп, кургатса жакшы сакталат. Жемиштер мисалы, бүлдүркөн, малина муздаткычтын ичинде да көп сакталышпайт.

Буларды узак убакыт сакташ үчүн тез музга айлантып, муздаткычта нөлдөн төмөн температурада кармаса болот. Сүттүн, айрандын ж. б. сүт азыктардын орду муздаткычтын эшигинде болот, анткени ошол жердеги температура алардын сакталышына ылайык. Ошол себептен аларды оозу жабык бөтөлкөлөрдө сактаган дурус. Бышкан тамак-ашты суугандан кийин муздаткычта жайгаштырат, анкени ысык тамактан чыккан буу анын итттине терс таасир тийгизет, муздатуучу процесс начарлайт. Бышкан азыктарды 2-3 күндөн көп сактабайт. Жайкы мезгилде муздаткычтын эшигин кайра-кайра ачпай, ачканда керектүү нерсени тез алуу керек. Азыркы эки камералуу муздаткычтар гигиеналык талаптарга толугу менен дал келет.

Мындай муздаткычта ар бир азыктын өзүнө ылайык орду бар.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 1434, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу