Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Азык заттардын энергиялык баалуулугу

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Азык заттардын энергиялык баалуулугу

Организмдин тиричилик аракеттеринин ар түрдүү процесстери үчүн (зат алмашууга, кан айланууга, дем алууга, дененин температурасын бир калыпта кармоого жана башка кубулуштарга) суткасына орто эсеп менен 2500 ккал жакын энергия зарыл. Тамак-аштагы энергия организмде жоголбойт, анын курамындагы органикалык заттар кычкылданганда жана ажыраганда бөлүнүп чыккан энергия тиричилик процесстерге жумшалып, аягында жылуулукка айланат. Организмдеги энергиянын алмашып турушу күндүн маалына, жылдын мезгилине жана көптөгөн кубулуштарга жараша болот. Маселен, акыл эмгеги менен иштеген адамга караганда, кара күч эмгеги менен иштеген адам энергияны көп сарп кылат. Күндүзгүгө салыштырмалуу түнкүсүн энергияга муктаждык аз, анткени уктаган мезгилде организмдеги заттардын алмашуусу төмөн. Эртеден баштап адамдын кыймылы көбөйгөндө, аны менен бирге энергия да көп иштелип чыгат. Адамдын организми дайыма энергияны сарп кылып, аны тамактануу менен толуктап турат. Ар бир адам суткасына канча энергия сарп кылаарына жараша толуктайт. Ал үчүн азык заттардын энергиялык баалуулугун билүү керек.

1 грамм белок же углевод ажыраганда организм 4,1 килокаллория энергияга ээ болот, ал эми 1 грамм май ажыраганда энергиянын 9,3 килокаллориясы бөлүнөт. Май башка органикалык заттарга караганда энергияга бай, ошого карабастан башка азык заттар менен тамактануу зарыл, себеби жогоруда айтылгандай тамак-аш энергия менен бирге организмдин курулуш материалынын булагы.

Балдардын курагы1 суткасына керек болгон ккал өлчөмү
1-3 жаш1000-1500
4-7 жаш1500-2000
7-10 жаш2000-2300
11-13 жаш (эркек балдар)2300-2700
11-13 жаш (кыздар)2300-2500
14-17 жаш (уландар)2700-3000
14-17 жаш (кыздар)2500-2600
Энергияга болгон муктаждык бардык кишилерде бирдей эмес, ал жашына, жынысына, эмгегине, жылдын мезгилине ж. б. көз каранды. Чоң кишилердин энергияга болгон муктаждыгы
Адамдын эмгегинин түрү1 суткасына керек болгон ккал өлчөмү
Акыл эмгек (мугалимдер, илимпозор, врачтар ж. б.)3000 ккал
Машиналаштырылган өндүрүштөгү эмгек (завод, фабрикада иштеген жумушчулар)3500 ккал
Начар машиналаштырылган кара күч эмгеги (айыл чарба жумушчулары)4000 ккал
Оор кара күч эмгеги (шахта же оор шартта иштеген жумушчулар)4500 ккал

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 1029, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу