Aзов деңизи

Aзов деңизи (лат. - Меот көлү, байыркы орусча - Сурож деңизи) - Атлантика океанынын алабындагы ички деңиз. Чыгыш Европа түздүгүнүн түшүк бөлүгүндө. Керчь кысыгы аркылуу Кара деңиз менен туташат. Аянты 39 миң чарчы/чакырым. Тайыз деңиздерге кирет, эң терең жери 13 м. Түндүк жана түштүк жээктери дөбө-дөңсөөлүү, жардуу, батыш жана чыгыш жээктери негизинен ойдуңдуу. Жээктери булуң-буйткалуу, кумдуу саяңдар (Бердянск, Арабат Жебеси) жана булуңдар (Таганрог, Темрюк, Сиваш) көп. Дон жана Кубань дарыясы куят. Суусунун температурасы жайында 20-30°С, кышында 0°Сден төмөн. 2-3 ай бою муз каптап жатат. Орточо туздуулугу 9дан 13,8%оге чейин. Балык (хамса, тюлька, лещ, судак көбүрөөк) кармалат. Кеме жүрөт. Волга-Дон каналы аркылуу Каспий, Ак, Балтика деңиздери менен туташат. Башкы порттору: Жданов, Таганрог, Ейск, Бердянск. Курорттору бар.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)